Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесиптик бирликтин ишин жигердендирүү – учур талабы

Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинде Ош, Баткен, Жалал-Абад областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагалары С.А.Тойгонбаевдин, З.Н.Бөтөковдун жана А.А.Исмаиловдун катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.

Кеңешмени Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Д.Султанбаев өткөрдү. Анда аталган областтардагы кесиптик бирликтердин иш абалы, чечүүнү күткөн көйгөйлөр жаатында кеңири сөз козголду. Борбордук комитеттин төрагасы тармактык бирликтин катардагы мүчөлөрүнүн – билим берүү кызматкерлеринин укуктарынын сакталышына, алдыда турган жайкы эс алууну уюштурууга өзгөчө көңүл бурду.

Мында тармактык кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн эс алуусун «Красная Гвоздика» эс алуу жайында талаптагыдай уюштуруу, салттагы туристтик жүрүштөрдү натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйынтыгында, кесиптик бирликтердин жалпы ишин, анын ичинде, эмгек инспекторлорунун иш-аракеттерин учур талабына ылайык жигердендирүү милдеттери тагылды. Ошентип, жумушчу кеңешмеде жергиликтүү уюмдардын жакын аралыктагы кечиктирилгис милдеттерин аныктап, такталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети