Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесиптик бирликтин Аламүдүн райондук комитетинде жаны төрага

2024-жылдын 13-мартында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аламүдүн райондук комитетинин кезексиз пленуму болуп өттү.

Кезексиз пленумдун күн тартибинде: 1) Өткөн 2023-жыл ичиндеги райондук кесиптик бирликтин аткарган иштеринин жыйынтыгы; 2) Кесиптик бирликтин Аламүдүн райондук комитетинин төрагасын шайлоо боюнча  маселелер каралды.

Пленумга КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин торагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Закирова Айгуль Демократовна, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат Джолдошбекович жана кесиптик бирликтин райондук комитетинин мүчөлөрү катышты.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча кесиптик бирликтин райондук  комитетинин төрайымы Намазбекова Бактыгуль Асангуловна 2023-жыл ичиндеги кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан аткарылган иштерге кенири токтолду.

Социалдык өнөктөштүк алкагында Аламүдүн районундагы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдерге колдоо катары жалпы 387 мугалимге көмүр алынып берилгендигин, ичүүчү суу боюнча төлөмдөрдөн 200 гө жакын кызматкер бошотулгандыгын, муну менен катар эле жалпы 100дөй кызматкер таштандыга болгон төлөмдөрдөн бошотулган; кадр маселесин чечүү максатында алыс жакта жашап ишке келип жаткан мугалимдерге айыл аймактары тарабынан  жалпы 206 мин сом жол чыгымдары үчүн бөлүнгөндүгүн жана жалпысынан социалдык өнөктөш болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Аламүдүн району боюнча 1млн.870 мин 865 сом каражаты социалдык жактан муктаж болгон билим берүү кызматкерлери үчүн бөлүнүп берилгендиги боюнча маалымат берди.

Андан сон күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча райондук комитеттин төрайымы Б.А. Намазбекованын өз каалосу менен кызматтан кетүү  жөнүндөгү арызы канааттандырылды.

Пленумдун жүрүшүндө КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин торагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаев Аламүдүн районундагы кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн учурдагы биримдиги, кесиптик бирлик катарынан чыгуу боюнча кээ бир кызматкерлердин демилгелеринин мыйзамсыздыгына кенири токтолуп бул иш аракеттер КР Конституциясында, КР Эмгек кодексинде, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы укуктук негиздерге  туура келбестигин өзгөчө баса белгиледи.

Төрага менен катар эле бул маселе боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Закирова Айгуль Демократовна жана Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат Джолдошбекович сөз сүйлөшүп пленумдун катышуучуларын район ичиндеги билим берүү кесиптик бирлик катарын жана тилектештигин чындоо багытында иш аракеттер уюштурула тургандыгына  ынандырышты.

Андан сон кийинки маселе боюнча кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагалыгына шайлоо болуп өттү. Төрагалыкка эки талапкер сунушталып катышуучулардын сунушу менен добуш берүү жабык өткөрүлдү.

Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында КР Билим берүү кызматкерлеринин Аламүдүн райондук кесиптик бирлигинин жаны төрайымы болуп райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Гүлзат Алымкулова шайланды.

Пленумдун жыйынтыгында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаев жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Закирова Айгуль Демократовна кесиптик бирлик катарын чындоо бул учур талабы экендигин жана бул багытта тиешелүү иш аракеттер улантыла тургандыгын кайрадан баса белгилөө менен пленум мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети