Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесиптик бирликти колдоо боюнча биргелешкен долбоор

2024-жылдын 21-февралында  КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Кезектеги бул жолугушууда  фонддун кесиптик бирликтер менен иштөө боюнча координатору Ильяс Сатыбалдиев жана фонддун эл аралык эксперти Иван Милых катышышты.

Жолугушуунун алкагында Борбордук комитет менен Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондунун кесиптик бирликти колдоо боюнча биргелешкен долбоору талкууланды.

Долбоордун алкагында кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү, эмгектик укукту коргоону жакшыртуу, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш чараларды жүзөгө ашыруу макулдашылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети