Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесиптик бирлик уюмдарына ыраазычылык билдиришти

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитети, Аксы районундагы Мамай атындагы №52 мектебинин мугалимдер жамааты Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловичке, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаиловго, кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык кенешинин техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору А.М.Мамажунусовго терең ыраазылык билдиришти. Себеби 2018-жылдын февраль айындагы мугалимдердин спартакиадасынын райондук турунан кайтып келе жатканда жол кырсыгы болуп, эки мугалим ошол жерден каза болушкан, калгандары ар кандай оор жаракат алышкан. Алар узак убакыт дарыланышып, арандан зорго жакшы болушту. Бирок ушул күнгө чейин мамлекет тарабынан төлөнүүчү төлөмдөр төлөнбөй келе жаткан. Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов, областтык комитеттин төрагасы А.Исмаиловдун тикеден-тикелей кийлигишүүсү менен жакында (төрт жылдан кийин) курман болгон, жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө 8 907 643 (сегиз миллион тогуз жүз жети миң алты жүз кырк үч) сом акчалай төлөнүп берилди. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин эмгек жамааты жана Мамай негизги мектебинин педагогикалык жамааты көмөктөшкөн бардык тарапка терен ыраазылык билдиришет жана бардык жакшылыктарды каалашат.

 

Маалыматты даярдаган: Укук жана эмгекти коргоо боюнча техникалык инпектор М.Омурбекова