Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесиптик бирлик комитетинин #bestteacherknu аталышындагы интернет сынагы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети  “Мугалимдердин кесиптик майрамына” карата изденүү менен өзгөчө жаңычылык киргизүү максатында буга чейин уюштурулбаган заманбап интернет сынак жарыялады.  Сынактын шарттары инстаграмдагы “knu_profkom”баракчасында көрсөтүлгөн.       

Аталган сынакка  катышкан ар бир студент өзү жакшы көргөн, педагогикалык чеберчилиги бийик, факультетиндеги эң мыкты деп эсептеген мугалими менен сүрөткө түшүп, #bestteacherknu аталышындагы хештег менен мугалими жөнүндө жазып, университетте окуган үч студентти белгилеп инстаграмга киргизген.  Бир айга созулган сынактын  жыйынтыгы Кесиптик бирлик комитетинин “Жаштар канаты”  башкача айтканда студенттер  тарабынан 3-октябрда саат 18.00 дө инстаграмдагы түз эфирде компьютердеги  «LIZAONAIR» программасы менен баардык шарттарды аткарган жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын ачык-айкын өткөндүгү түз эфирде бардык катышуучуларга таамай көрүнүп турду.           

4-октябрь күнү Кесиптик бирлик комитети жеңүүчүлөргө кызыктуу белектерди, ал эми студенттерге акчалай сыйлыкты  тапшырды. Ар бир мугалим кубанычын, ыраазычылыгын билдирип, мындай белек жагымдуу жана күтүүсүз болгонун айтышты.

 1-орун -  Журналистика факультетинин телерадио-журналистика кафедрасынын ага окутуучусу Калчаева Лира Темирбековна, студенти Мырзагулов Бекмырза.

2-орун -  Кыргыз филологиясы факультети.  Кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын  ага окутуучусу Апышева Майрам Түнкатаровна, студенти  Ктаом 1-19 тайпасынын студенти  Марат кызы Сезим.

3-орун - Физика жана электроника факультетинин физика кафедрасынын  профессору Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич,  ТФ 1-19 тайпасынын студенти Өмүракунова Айжамал.

 

Материалды даярдаган:

Асель Сартпаева