Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Күчтүү профсоюздар күчтүү коомдун белгиси.

      2016-жылдын 17-февралында Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залында шаардык Кеңештин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрайымы Эсенбаева Гульсана Баарайымовна Кыргыз Республикасынын билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичти жана билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин төрагасы Балтабаев Абдыкалык Орунбаевичти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Кимсанов Куштарбек Кимсановичти кабыл алды. Жолугушууда көптөгөн социалдык экономикалык маданий иш-чаралар жөнүндө, ошондой эле профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча кеңири баарлашуу болду. Өз кезегинде Асылбек Токтогулович шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнө өзгөчө баа берип, профсоюздар уюмуна дайыма ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткандыгына өз ыраазычылыгын билдирди.