Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Казакстандын Астана шаарында болуп өткөн Эл Аралык Профсоюздар биримдигинин (МОП) кеӊеши

       22 - 24 июнь  күндөрү Казакстандын  Астана шаарында Эл Аралык Профсоюздар биримдигинин  (МОП) кеңеши болуп ага  Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов А.Т., профсоюз комитетинин Ысык-Көл областы боюнча  координатору, Жети – Өгүз райондук профсоюздар комитетинин төрагасы Молдокматов Ө.К., Каракол шаардык профсоюздар комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. иш сапары менен барып келишти.Форумга Азербайжан, Армения , Кыргызстан, Тажикстан, Белоруссия, Россия өлкөлөрүнөн өк­­­­­­­­­­­­үлдөр катышышты. Адеп барган меймандар   Астана шаары  менен таанышып, андан соң №60-мектеп лицейге, жетим балдардын Республикалык профессионалдык-техникалык колледжинде жана  “Окуучулардын сарайында” болушуп, билим уюткусу болгон бул мекемелердин заманбап жаңы жабдуулар менен жабдылып, балдар үчүн бардык ыңгайуулуктар, шарттар түзүлгөндүгүн көрүшүп ыраазы болушту.Күндүн 2-жарымында Казакстан  профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары В.Ф.Беженаровдун Казак Республикасынын жаңы Эмгек кодексинин  шарттарындагы билим жана илим кызматкерлер тармактык профсоюздар кеңешинин аткарган иштери тууралуу доклад жасады.          

       Казак Республикасынын билим жана илим министрлигинин вице министри Суханбердиева  Элмира Амангелдиевна билим берүү жаатында болуп жаткан жаны реформалоого токтолду. Жалпы Республикада 12 жылдык жана 3 тилде казак,орус, англис тилинде окутууга 40 мектеп өтүп, бара-бара этап менен бардык билим берүү мекемелери өтөөрүн айтты.Ошондой эле 2019-жылга карата өзгөчө 4 предметти  химия, биология, физика, информатика сабактарын окутуу англис тилинде жүргүзүлөөрүн жана ал үчүн мугалимдер айлык маянасы сакталуучу 4, 6, 9 айлык окуу-курстарга жиберилээрин маалымдады.  

    Андан соң Эл Аралык Профсоюздар биримдиги кеңешинин  (МОП) төрайымы Меркулова Галина Ивановна    өлкөнүн жаңы Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоодо тармактык профсоюздар, өлкөнүн профсоюздары жана Казакстан профсоюздар Федерациясы менен биргеликте өзүнүн принципиалдуулугун жана активдүүлүгүн  көрсөткөндүгүн баса белгиледи.  Негизги маселе  эл аралык уюмдун иш пландарын бекитүү, 2015-жылдын сметасынын аткарылышы, 2017-жылдын сметасын бекитүү болуп, кезектеги форум 2017-жылы Москва шаарында болоору  белгиленди.

    Казак Республикасынын билим жана илим  кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин төрайымы        Амантаева Майра Тургановна сөз  учурунда буга чейин жана мындан кийин да реалдуу иштер менен жана ошондой эле социалдык өнөктөштөр, коомдук уюмдар, тармактык профсоюздар,Эл Аралык профсоюздар менен тыгыз кызматташуунун негизинде  кесиптик бирлик уюмдарынын аброюн көтөрүүнүн үстүндө талбай эмгектене тургандыгын билдирди.Бул  маселе бардык эле профсоюз лидерлеринин максаты болгондуктан Эл Аралык профсоюздар уюму бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып  иштөө керектигин айтып, колдоо көрсөтүү менен өз ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.

Касмалиева Жыпар                                                                           

   22 - 24 июня  2016г в столице Казахстана - Астане под  руководством Председателя Общероссийского Профсоюза образования, председателя Международного объединения профсоюзов работников образования и науки  Галины Меркуловой состоялось заседание Совета Объединения. На заседании присутствовали представители профсоюзов образования Азербайджана, Армении, Беларуси, Таджикистана, Казахстана, России, Кыргызстана. Делегацию Кыргызстана на форуме представляли: председатель ЦК профсоюза работников образования и науки КР- Асылбек Токтогулов, заместитель председателя ЦКП, председатель Джети-Огузского райкома профсоюза – Омурбек Молдокматов, председатель Каракольского горкома профсоюза – Жыпар Касмалиева

    На заседании был представлен опыт работы Казахстанского отраслевого профессионального союза работников образования и науки в связи с принятием нового Трудового кодекса Рес публики Казахстан и новой модели оплаты труда работников бюджетной сферы,  рассмотрено влияние реформ в системе образования Казахстана на социально-экономическую ситуацию в отрасли.  
     Делегация МОП "Образования и наука" также посетила  уникальные образовательные учреждения Астаны: школу-лицей №60 европейского качества, республиканский профессионально-технический колледж для детей сирот, самый крупный в Средней Азии Дворец школьников. Знакомство представителей Международного объединения профсоюзов работников образования и науки с системой образования Республики Казахстан продолжилось в ходе встречи с Вице-Министром образования и науки Республики Эльмирой  Суханбердиевой.