Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кантта мугалимдер арасында «Кош жылдыз» сынагы өттү

Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы №2 К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясында Нооруз майрамына карата мугалимдер арасында «Кош жылдыз» сынагы өттү. Сынакта ар бир катышуучу өздөрү ыр тандап, үн жаздырышып, улуттук формаларды кийип, ырдап чыгышты. Анын маалыматы боюнча, баш байгени «Керемет үн» номинациясы менен ийрим жетекчиси Тилек Нургазиев жана химия мугалими, эл агартуунун отличниги Аптап Рахманкулова жеңип алышты.

«1-орунду «Назик үн» номинациясы  менен башталгыч  класстын мугалими Бактыгүл Чуңгулова менен бир тууганы Байыш Чуңгулов алышты, 2-орунга «Мукам үн» номинациясы менен Кант шаарындагы №5 мектептин директору Медербек Байбосунов менен башталгыч класстын мугалими Сүйүн Жамакеева ээ болушту. Ал эми 3-орунду «Шайыр үн» номинациясы менен Жумабек Сагынбаев менен башталгыч класстын мугалими Элмира Манапбаева камсыз кылышты. Дасторконго улуттук тамак-аштар коюлуп, майрамдык иш-чара көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Иш-чараны Шайыр Исмаилова менен Уулкан Ормонова алып барышты».

 

 

Материалды даярдаган:

Тыныбекова Бактыгуль