Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

10 январь күнү  Кемин районундагы М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинде Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Тулебаева, КР эмгек сиӊирген мугалими Н.Тулебаева, Кемин районун Чым-Коргон айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макеев жана мектеп директорлору, кесип бирликтер комитеттеринен шайланган делегаттар катышты. Кемин районунун кесип бирликтер комитетинин конференциясына 39 делегат чакырылган. Делегаттардын  баардыгы келип конференцияга катышты. Конференциянын күн тартибинде каралган маселелер боюнча:

  1. А.Т.Чылабаева 2015-2020-жылдар боюнча Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин аткарган иштери боюнча маалымдама берди
  2. Кемин райондук кесип бирликтер комитетине келип түшкөн акча каражаттары жөнүндө текшерүү комиссиясынын төрайымы Н.Ашыралиева маалымдама берди
  3. Конференцияга келген делегаттардын 100 пайызы Кесип бирликтер комитетинин төрайымынын ишин канааттандыраарлык деп баалашты. Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин төрайымдыгына А.Т.Чылабаева  шайланды.

 

--
Чылабаева Айсалкын