Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Иштиктүү маанайдагы жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Төрагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаев менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Шаршеевна Кендирбаева жолугушуусу болуп өттү.  

Иштиктүү маанайда өткөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев, министрликтин мектептер боюнча башкармалыгынын начальниги Алтынбек Жапаров, министрликтин жана башка жооптуу кызматкерлери катышты. Анда кесиптик бирликтин Борбордук Комитети менен министрликтин ортосундагы тармактык макулдашуунун жүзөгө ашырылышы, аткарылышы ар тараптан талдоого алынып, кеңири талкууланды. Билим берүү кызматкерлеринин эмгектик укуктарынын сакталышы, социалдык-экономикалык жактан корголушу, күндөлүк коопсуз эмгек шарттарын түзүүнүн өзгөчө маанилүүлүгү белгиленди.

Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан тармактык ар кыл ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда кесиптик бирлик уюмдарынын жигердүү катышуусун камсыз кылуу аркылуу, алардын ой-пикирлерин, көз караштарын жана сунуштарын эске алуу мезгил талабы экенине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле алдыда турган билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун талаптагыдай уюштурууну камсыз кылуунун милдеттери аныкталып, дайындуу максаттар коюлду.  

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирлитин Борбордук комитети