Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ИШЕМБИЛИК

Ишемби күнү, 13-апрелде Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын жалпы жамааты ишембиликке чыгышты. Эмгек майрамына Федерация төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев баштаган тармактык бирликтердин төрагалары баштаган 50дөн ашуун кызматкерлер активдүү катышышты.
Жамаат эмгек майрамында борбордук кеңсенин айланасын тазалап, ирээтке келтирди.
Ишембилик Бишкек шаардык эки айлыктын алкагында өттү.
 
 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети