Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Иш сапар

 

  • 2014-жылдын 3-июнда Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин укук иштери боюнча инспектору Б.Кадыркулов КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы менен  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жөнүндө Ош шаарынын тургуну Ө.Атабаевдин жазган арызынын негизинде текшерүүгө катышып келди. Арыздагы жазылган фактылар жеринде текшерилди жана ошол эле мезгилде башкармалыктын жетекчилигине, кадр боюнча адистине жана мектеп директорлоруна укуктук-нормативдик актылардын жана мыйзамдардын аткарылышы боюнча чогулуш өткөрүлүп, түшүндүрүлдү. Арыздагы келтирилген мектеп директорлорунун мөөнөтүн эмгек келишимдерин түзүү боюнча макулдук берип жазган арыздары жана түзүлгөн эмгек келишимдеринин мыйзамдуулугу каралды.  Натыйжада текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.
  • Талас областынын Манас, Бакай-Ата райондорунун билим берүү кызматкерлерин укуктук жактан коргоо жана укук боюнча мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу тууралуу Борбордук Комитет текшерүү жүргүзүп келди жана бул багытта  мектеп директорлоруна жана профкомдорго  практикалык жардамдар берилди.

Бакай-Ата райондук комитетинин төрагасы М.Сатиев жумушта болбогондуктан райондук комитеттин ишмердүүлүгү текшерүүдөн өткөн жок.