Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

И.Арабаев ат. КМУнун профсоюз комитети жыл сайын уюштуруучу "Мыкты профбюро" жана "Эмгекти коргоо" боюнча кароо сынагынын 2016 жылкы жеңүүчүлөрү аныкталды

           И.Арабаев ат. КМУнун профсоюз комитети жыл сайын уюштуруучу "Мыкты профбюро" жана "Эмгекти коргоо" боюнча кароо сынагынын 2016 жылкы жеңүүчүлөрү аныкталды. Биринчи орунга Лингвистика факультетинин, Физика, математика жана жаңы технологиялар, Химия жана биология факультетинин профбюолору чыгышып 2500 сомдон, ал эми Мамлекеттик тил жана маданият институтунун, Кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу факультетинин, Педагогика институтунун профбюролору 2-орун үчүн 1700 сомдон алышса, Колледждин, Илимий китепкананын, Гуманитардык билим берүү факультетинин профбюролору 3-орунга 1000сомдон сыйлык алышты. Кызыктыруучу сыйлыка Дене тарбия кафедрасынын, Экономика жана менеджмент факультетинин профбюролдору илинип 750 сомдон алышты. Баардык жеңүүчүлөрдү байгелери менен куттуктап жаңы ийгиликтерди  жаратууда кароо сынак жакшы өбөлгө экенини белгилеп кетели.

И.Арабаев ат. КМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Э.Бектуров