Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Европа мамлекеттеринин профсоюздары менен кызматташтык чыӊдалууда

    Үстүбүздөгү жылдын 2-3 июнунда Азербайжан Республикасынын Хачмас районундагы Набрань шаарчасында билим берүү тармагынын Европа региондук профсоюздарынын (ETUCE) эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференцияга Европа мамлекеттеринин профсоюздарынан тышкары Кыргыз Республикасынан, Казакстандан жана Тажикстандан да өкүлдөр чакырылган.

     Бизди, Кыргызстандан барган конференциянын катышуучуларын аэропорттон Азербайжандын билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук  Комитетинин жетекчилиги тосуп алышты.

     1-июнь күнү конференциянын катышуучуларын Баку шаарынан 200 км алыстыкта Каспий деӊизинин жээгинде жайгашкан Набрань шаарчасынын жанындагы республикалык профсоюз комитетине тиешелүү эс алуу комплексине жайгаштырышты. Азербайжан мамлекетинин жетекчилиги тарабынан билим тармагына, мугалимдерге көрүлүп жаткан камкордугун мына ушул жерден байкадык. Аталган комплекс  билим берүү профсоюзунун Борбордук Комитетине карайт. 10 гектар жерди ээлеген комплекс бүгүнкү  күндүн талабына ылайык, сапаттуу салынган. Ал жерде мугалимдердин эс алуусуна толук шарттар түзүлүптүр жана мугалимдерден башка эч ким эс алууга кабыл алынбайт экен. Конференция да ушул жерде - эс алуу комплексинин конференс залында өткөрүлдү.

     Конференциянын күн тартибиндеги негизги тема болуп «Билим берүүдө достук, толеранттуулук жана өз ара түшүнө билүү ыкмаларын колдонууда билим берүү тармагынын профсоюзунун потенциалын чыӊдоо» маселеси талкууга алынды.

     Конференциянын ачылышында билим берүү тармагынын Европа региондук профсоюздарынын (ETUCE) президенти Кристина Вловер, Европа региондук профсоюздарынын (ETUCE) директору Мартин Роомер катышуучуларга конференциянын максаты жана талкууга койгон теманын келечеги жөнүндө кеӊири түшүнүк берип, бардыгына бул өтүлүп жатка ниш-чарага активдүү катышууга чакырды. Ал эми Азербайжан мамлекетинин билим берүү министиринин орун басары Фирудин Гурбанов Европанын жана Азиянын онго жакын мамлекеттеринен келген өкүлдөрдүн иштерине ийгиликтерди каалоо менен Азербайжандын билим берүү тармагындагы жетишкендиктерге кеӊири токтолду. Анын айтуусунда мамлекетте кийинки эле жылдары кедейчиликтин саны 5 пайызга төмөндөп, элдин жашоо турмушун жакшыртууга бардык күч аракеттер багытталып жатканын баса белгиледи. Билим берүү тармагына өлкөнүн Президенти баш болуп өзгөчө көӊүл бурулууда. Мугалимдердин эмгек акысы эки эсеге көбөйтүлүп, аларды социалдык жактан коргоо чаралары иш жүзүнө ашырылууда. Окуунун отличниктерине, билимдүү студенттерге мамлекеттик стипендиялар төлөнүп берилет. Кыскасы министирдин орун басарынын айтуусу боюнча Азербайжанда билим тармагы мамлекеттик саясаттын негизин түзөөрү белгилүү болду.

    Болбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов Азербайжан мамлекетинин билим берүү министиринин орун басары Фирудин Гурбанов менен жолугушуп, жылуу маанайда кыскача пикир алышуу болду.

    Эки күндүк семинардын жүрүшүндө Күн тартибиндеги маселелер боюнча Гаага шаарындагы Дүйнөлүк университеттин окутуучусу, доктор Ренс Виллямс, Абердин университетинин доктору Джеральд Миллер, Кипр университетинин доктору Михалинас Цембилас, Норвегия университетинин профессору Магнус Хаавелсруд, София университетинин профессору Татьяна Дронзина кызыктуу семинарларды, лекцияларды өткөрүштү.

    Каралып жаткан маселе боюнча катышуучулар англис тилдүүлөр жана орус тилдүүлөр болуп эки топко бөлүнүшүп практикалык иш-чараларды талкуулашты. Кыргызстандан барган өкүлдөр орус тилдүү топто иштедик. Талкууга алынган маселелер боюнча Борбордук Комитеттин төрагасы  А.Токтогулов бир катар сунуштарды киргизди жана ал сунуштар топтун мүчөлөрү  тарабынан колдоого алынды.

    Конференциянын экинчи күнү Германиянын өкүлү Корнелла Маннефитс, Болгариянын өкүлү Янка Такева, италиянын өкүлү Неврус Картелли жана Азербайжандын өкүлү  Жагут Асжарова өз мамлекеттериндеги билим тармагынын иштери жана профсоюздун билим берүү иштерин жакшыртууга кошуп жаткан салымдары жөнүндө мисалдар менен маек курушту.

    Азербайжан жергесинде болуп өткөн бул конференция Биздин өлкөбүздүн билим тармагынын профсоюзунун ишине сөзсүз түрдө таасирин тийгизээри шексиз. Европа мамлекеттеринин билим тармагынын профсоюздары менен кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү биздин ишибиздин алга жылышына көмөкчү болоору талашсыз.