Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

"Эмгекти коргоо боюнча" жана "Мыкты профбюро"- кароо-сынагын өткөзүү маселеси коюлду

       И.Арабаев ат, КМУнун бириккен профсоюз комитетинин кезектеги отурумунун күн тартибине жыл сайын өткөрүлүүчү "Эмгекти коргоо боюнча" жана "Мыкты профбюро"- кароо-сынагын өткөзүү маселеси коюлду. Профсоюз комитети кароо сынактын баалоо критерийлерине бир аз өзгөртүү киргизүү менен бекитти, жана 7 кишиден турган комиссиянын курамын бекитти. Комиссия 20 ноябрьга чейин курамдык профбюролордун ишмердүүлүгүн карап чыгып жыйынтыгын чыгарат. Жеңүүчүлөргө профсоюз комитетинен бөлүнгөн 20 миң сом, грамота, дипломдор тапшырылат. Отурумдун соңунда Профсоюздар күнүнө карата билим берүү жана илим кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жогорку сыйлыктары, профсоюз комитетинин ардак грамоталары жана профбюро төрагаларына 1000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Омүрканова Чынара, Карагозиева Суйун профсоюз кыймылынын отличниги төш белгисин, Айтымбет к Айгүл, Назар Доктурбек, Омурзаков Абдурашит Борбордук комитеттин грамоталарын алышты. Сыйлык ээлерин жана Республикабыздын жалпы профсоюз лидерлерин майрамы менен куттуктайбыз.