Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эмгеги эстен кетпейт

Жалал-Абад областынын Токтогул райондагы №18 Кубатбек Чокоев атындагы орто мектебинин мугалими Момунбаева Сүйүнбү кокустуктан мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Момунбекова Сүйүнбү 1979-жылдын 24-майында Токтогул районунун Торкент айылында туулган. 1986-1996-жылдарда Калинин жана Торкент орто мектебин ийгиликтүү аяктаган.

1998-жылы И.Арабаев атындагы педагогикалык Университетинин математика жана информатика факульиеине кирип, 2003-жылы ийгиликтуу аяктаган. Үй-бүлөдө бир уул, үч кыздын апасы, татыктуу, мээримдүү, камкор эне, сүйүктүү жар эле.

1998-2004-жылдарда А.Мамыров атындагы орто мектебинен эмгек жолун баштаган.

2004-жылдан баштап, Кубатбек Чокоев атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп, окуучуларга талыкпаган эмгеги менен терең билим берип келген.

Мектепте 2013-2016-жылдарда уюштуруучу, 2016-2023-жылдарда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, мектепке көптөгөн ийгиликтүү салым кошуп келген.

Сүйүнбү Момунбаеванын эмгектери татаыктуу бааанып, Билим берүү жана илим министрлигин Ардак Грамотасы, Жалал-Абад областтык билим берүү башармалыгынын Ардак Грамотасы, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасы жана көптогөн сыйлыктардын ээсы болгон.

Сүйүнбү Момунбаеванын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына көнүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Жайлары бейиштен, топрагы торко болсун.

 

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов, кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитетинин төрагасы Т.Исраилов, №18 К.Чокоев атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунну төрайымы В.Кошоева