Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

2024-жылдын 3-майында Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А. Д. Султанбаев жана Белорусь Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Т. Р. Якубович эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. 


Өз ара түшүнүшүү, чын ыкластуу достук маанайда өткөн иштиктүү жолгушуунун жүрүшүндө тараптар кесиптик бирликтин көп кырдуу тармактары, анын ичинде эки республиканын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин учурдагы абалы, келечеги, өзгөчөлүктөрү жана жалпылыктары тууралуу, алдыда турган милдеттер, ааламдашуу шарттарындагы заманбап чакырыктар, көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолжоболору жөнүндө кеңири ой бөлүшүп, пикир, тажырыйба алмашышты.


Ошондой эле Белоруссь Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосунда 2024-2029-жылдарга кызматташтыгы жөнүндө келишимге кол коюлду.
Келишимде эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, өз ара тең укуктуулукту жана көз карандысыздыкты урматтоо менен экономикалык, социалдык, маданий жана коомдук турмуштун башка чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташуу аркылуу ар тараптуу интеграцияга жетишүүдө эки өлкөнүн жетекчилигинин бир максаттуу багыттарын ырааттуу ишке ашырууга жегирдүү катышуунун чечкиндүү ниети билдирилген.
Мындай мамлекеттер аралык маанилүү максаттарда эки өлкөнүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык, экономикалык, эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун, кесиптик бирлик уюмдарынын кадрдык жана лидерлик дараметтерин чыңдоо, квалификациялык даярдыктарын жогорулатуу, тармактын эмгек адамдарынын экономикалык, социалдык укуктарын жана жумушка орноштуруу, жумушсуздук менен күрөшүү жаатында алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тыгыз кызматташтыктын, үзгүлтүксүз тажырыйба алмашууларды уюштуруунун өзгөчө маанилүүлүгү белгиленип, келечектүү макулдашууларга жетишилди.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигиктеринин лидерлери тармактык кесиптик бирликтин бир катар уюмдарында болушуп, алардын иштери менен таанышышты.
Иш сапарды ар тараптуу иштиктүү баруулар, тажырыйба алмашуулар жана маданий иш чаралар коштоду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети