Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЭКИ ТАРАПТУУ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ортосунда 2024-2026-жылдарга макулдашуу кабыл алынды.

Макулдашууга КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев кол коюшту.

Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, “Билим берүү жөнүндө” жана “Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен социалдык өнөктөштүктү, эмгек мамилелелерин жөнгө салууну чындоо жана өнүктүрүү максатында түзүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети