Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Урматтуу билим берүү жана илим чөйрөлөрүнүн кызматкерлери жана ардагерлери! 

 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын.

Быйыл дүйнөдөгү эң ири держава катары саналган СССР таркап, анын тутумундагы Кыргыз ССРи эгемендик алып, жаңы өлкөбүз Кыргыз Республикасы аталганына отуз жыл толуп олтурат. Бул мезгил-адам өмүрү менен өлчөгөндө бүтүндөй бир муундун жашоосу. Албетте, мамлекет үчүн көз ирмем.

Америкадагы жандуу тилдер институтунун иликтөөлөрүнө караганда дүйнөдө 7 миңге чукул тил жана эки жарым миң улут бар. Алардын ичинен 193 өлкө гана өз эгемендигине ээ. Кыргыз Республикасы сыяктуу саны чакан болуп, башка дүйнөлүк тилдерди эмес (англис, испан, араб, португал, француз, немис ж.б.) өз тилин мамлекеттик тил кылып (ар эки жумада бирден тил жок болууда) өз эгемендигин алган өлкөлөр жыйырмага жетпейт. Маселен, алардын катарында Монголия, Финляндия, Сербия, Эстония, Латвия, Литва ж.б. бар. Бирок дүйнөлүк коомчулук тааныбаган дагы 60ка жакын өлкө бар (Хазарстан, Читтогонг, Кашмир, Ириан Джая, Курдистан, Белуджистан, Каталония, Түндүк Кипр, Тайвань, Минерва, Сомалиленд ж.б. сыяктуу).

Демек, эгемендик биз үчүн-ыйык дөөлөт. Энциклопедиялык сөздүктө: “мамлекеттик суверенитет – ички жана тышкы маселелердеги толук көз карандысыздык” деп түшүндүрүлөт. Мамлекеттүүлүк-адамзат цивилизациясында 10 миң жылдык тарыхы бар байыркы институт. Карт тарыхка кайрылсак, Эне-Сай кыргыз каганатында ал доорго тийиштүү мамлекеттүүлүктүн бүт белгилери болгон. Алар: өлкө аймагы, эли, аскери, ажосу, туусу, элчилери жана тышкы өлкөлөр менен мамилеси. 

Өткөн 30 жылда Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет катары калыптанып баратат. Эгемен өлкө катары мыйзамдуулук тартиби, коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнү жана менчикти коргоо, макроэкономикалык тескөө, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, тышкы күчтөргө жооп кайтаруу, экология маселесин чечүү, монополияны тескөө, камсыздандыруу, финансылык тескөө, социалдык камсыздандыруу сыяктуу маанилүү милдеттерди чечип келатат.  

Эгемендүүлүк биздин профсоюздардын ишмердүүлүгүн түп тамырынан бери өзгөрттү. Союз учурунда Коммунисттик партиянын ишенимдүү жардамчысы болгон профсоюздар анын тикелей башкаруусу менен иш жүргүзүп келгендигин баарыбыз жакшы билебиз. Эгемен өлкөнүн жаралышы менен профсоюздар дагы өз алдынча коомдук уюм катары өз киндигин өзү кескен заманга туш болду. Эгемендиктин алгачкы жылдарында уюштуруучулук, коомдук көзөмөл жана социалдык өнөктөштүк жааттарында көп кыйынчылыктар болду. Эл аралык профсоюз кыймылынын өнүгүү тажрыйбаларын эске алуу менен бара-бара калыптануу жана өнүгүү жолуна түштүк. 

Биздин тармактык профсоюз азыркы учурда  өз мүчөлөрүбүздүн татыктуу эмгек менен камсыз болууларына, кылган кызматтарына жараша мезгил талабынан калышпаган эмгек акыларды алууларына жетишүү үчүн күрөшүүнү туу туткан, кызматкерлерибиздин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, тармактык профсоюзубуздун маалыматтык камсыздалышын өркүндөтүүгө, жаштар саясатын кеңири жайылтууга, мүчөлүк уюмдардын уюштуруу-финансылык биримдигин бекемдөөгө, эл аралык профсоюздук кыймылга кошулууну тереңдетүүгө  багытталган иштерди ырааттуу жана бирдиктүү жүргүзүп жаткан кыргыз коомундагы абройлуу жана көп сандуу коомдук уюмга айланды. Бүгүнкү күнгө карата биздин профсоюзубуздун катарында 194627 мүчөлөрүбүз турушат, алардын 158414ү -  иштегендер, 33364ү - студенттер. Албетте, бул өтө зор күч жана таасир экендигин айта кетүүбүз абзел.

Биздин профсоюз эгемендик жылдарында эл аралык профсоюз кыймылына активдүү катышып келе жатабыз. Тармактык профсоюз Билим Берүү Интернационалы, анын Европа түзүмү,  Эл аралык эмгек уюму, билим берүү профсоюздарынын европалык комитети, профсоюздардын эл аралык бирикмеси, “Билим берүү жана илим”, ЕврАзМОПО-түрк тилдүү билим берүү профсоюздар бирикмеси сыяктуу уюмдар менен  тыгыз кызматташуудабыз.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюздарынын эл аралык кыймылынын тутумдук бөлүгү болуп саналуу менен биз өз кесиптештерибиздин социалдык, экономикалык жана саясий укуктарын коргоо боюнча күрөштөрү жана аракеттери менен тилектештигибизди көрсөткөн кампанияларга жана акцияларга активдүү катышып жатабыз, ар жылкы мамлекеттик билим берүүнү коргоонун эл аралык кампанияларына катышуудабыз. 

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын улуу майрам күнүндө өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарынын бардык кызматкерлерине  жана ардагерлерине темирдей бекем ден соолукту, келечекке карай терең ишенимди, ички туюмдагы жана өңдөгү ажайып сулуулукту, эмгек жамааттарындагы жана үй-бүлөлөрдөгү ынтымакты, түгөнгүс ырыскыны жана толтура бакыт-таалайды каалаймын.

Дагы бир жолу мааракеңиздер менен!

 

Сиздерди урматтоо менен

Асылбек Токтогулов-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана

илим кызматкерлеринин профсоюзунун 

Борбордук Комитетинин төрагасы