Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эгемендик күнүбүз кут болсун!

 

Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү - улуу майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Эркиндик  - тээ алмуздактан бери ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан-муунга өтүп олтуруп азыркы учурда анын үзүрүн көрүп олтурган биз жеткен улуу дөөлөт.

Кыргыз эли үчүн  улуттук идеал, дүйнөлүк атак жана даңк, улуу жеңиштерге карай дем берген ураан катары биздин каныбызда жашап келаткан Манас бабабыз биримдиктин туу чокусун, ынтымактын бийик үлгүсүн, бир эл, бир журт болуп жашаган кырк уруулуу улуттун уюткусун  мурас кылып кетти. Көп улуттуу өлкөбүздөгү ынтымагыбыз чың, бир түндүктүн алдындагы биримдигибиз  бекем болгон шартта Бириккен Улуттар Уюмуна кирген дүйнө өлкөлөрү тааныган эгемен мамлекет, ааламга аты таанымал эл болдук. Муна ушул Эгемендиктин, мамлекеттин ээси  - эл. Бүгүн  - элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн эң ыйык, эң улуу күн!

Урматтуу мекендештерим! Биздин Борбордук Комитет профсоюздук биримдигибизди, ынтымагыбызды бекемдеп, өлкө тагдырын, эл тагдырын баарынан жогору коюп, Кыргызстаныбыз үчүн талыкпай эмгек кылууну туу тутуп иш алып келатабыз.  Биз аткарып жаткан иштердин орчундууларын санай кетсем, алардын катарына  профсоюз мүчөлөрүбүздүн татыктуу эмгек менен камсыз болууларына, кылган кызматтарына жараша мезгил талабынан калышпаган эмгек акыларды алууларына жетишүү үчүн күрөшүүнү айтаар элем. Качан гана эмгектенген адам өз кызматы үчүн татыктуу эмгек акы алганда гана ал акыбетин берет. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин эмгек акылары тууралуу маселе дайыма биз тарабынан коюлуп келатат, муну менин урматтуу кесиптештерим болушкан бул  тармактардын бардык кызматкерлери абдан жакшы билишет.  Биздин профсоюз мугалимдердин жана тарбиячылардын эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртуу, профсоюз мүчөлөрүнүн маалыматтык камсыздалышын өркүндөтүү, жаштар саясатын кеңири жайылтуу, мүчөлүк уюмдардын уюштуруу-финансылык биримдигин бекемдөө, эл аралык профсоюздук кыймылга кошулууну тереңдетүү  багыттарында да күндөлүк иштерди ырааты менен алып баруудабыз.

Эгемендик - бир гана өлкөнү башкарган жетекчилердин жоопкерчилигинде эмес, кыргыз коомунун бардык мүчөлөрүнүн мойнундагы көтөрө турган оор жүк. Бакубат жана биримдиктеги коому, адилет жана карамдуу мамлекеттик башкаруусу, дүйнөлүк ааламдашуу заманына жараша жаңыланган экономикасы, элдин жашоо-тиричилиги жакшырган социалдык чөйрөсү бар ийгиликтин, өсүп-өнүгүүнүн жана бардарчылыктын өлкөсү болуу үчүн баарыбыз чогуу, чымырканып иштейли!

Дагы бир жолу куттуу майрамыңыздар кут болсун!


Кыргыз Республикасынын Билим жана илим
кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин
борбордук комитетинин төрагасы                                                      А.Токтогулов