Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“Эгемендүү Кыргыз Республикасы” аталышындагы онлайн-конференция

“Эгемендүү Кыргыз Республикасы” аталышындагы онлайн-конференция

 

Н.Исанов ат. КМКТАУнун астындагы Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 29 жылдыгына карата “Эгемендүү Кыргыз Республикасы” деген аталышта онлайн-конференция болуп өттү. Онлайн-конференция аталган борбордун жетекчиси, филол.ил.канд., доцент Карлыгач Жумакадырова жана “Кыргыз тил жана адабият” кафедрасынын окутуучусу Сартбай кызы Гүлзат тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.

Баарыбызга белгилүү болгондой 1991-жылы 31-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан мамлекеттин көз карандысыздыгы боюнча декларация кабыл алынгандан бери эгемендүүлүктү алганыбызга 29 жыл болду. “Эгемендүү мамлекет” сөзүнүн маанисин жаштарга ачып берүү ар бир окутуучунун милдети эмеспи. Андыктан жаш муундарга, окутуп жаткан студенттерибизге эгемендүү мамлекет жөнүндө кенен маалымат берүү максатында бул сабакты онлайн-конференция форматында өткөрүү мерчемделген. Бул маселени чечүү максатында “Эгемендүү Кыргыз Республикасы” деген аталышта онлайн-конференция өткөрүлдү.

Алгач онлайн-конференцияны Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, т.и.д., проф Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович ачып берди. Андан соң коноктор: КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева жана башкы адиси Асылбек Орозов, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, КР Улуттук Илимдер Академиясына караштуу терминология секторунун башчысы, ф.и.д., КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талант Бакчиев, Каракол шаарынан байланышка К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Омурзакова Карамат Кудайкуловна озүнүн студенттери менен бирге конференцияга онлайн катышты. Ошондой эле иш-чарага “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасынын окутуучулары ф.и.к., доц Сулайманкулова Мээрим жана окутуучу Курманалиева Күмүшай да катышышты.

Ал эми КМКТАУнун ПИН-1-20, ПИН-2-20 топторунун студенттери “эгемендүүлүк” деген сөздүн тегерегинде өз ойлорун билдиришип, тематикалык презентацияларын сунушташты. Ал эми 2-курстун студенттери өз слайд-материалдарын чебердик менен коргошуп, “эгемендүү мамлекет” темасыын маани-маңызын чечип бере алышты.

Конференцияны университеттин тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору, т.и.к.,доц.Болотов Таалай Турсункулович жыйынтыктады.

 

 

 

 

Онлайн-конференция на тему “Суверенная Кыргызская Республика”

 

В центре по государственному языке им.С.Жусуева при КГУСТА им. Н.Исанова прошла онлайн-конференция на тему “Суверенная Кыргызская Республика”. Онлайн-конференция организована и проведена руководителем центра по гос.языку, канд.филол.наук, доцентом К.Жумакадыровой и преподавателем кафедры “Кыргызский язык и литература” Сартбай кызы Гульзат.

Всем известно, что в этом году исполнилось 29 лет со дня провозглашения независимости Кыргызской Республики, согласно принятой “Декларации о государственной независимости Кыргызской Республики” 31 августа 1991 г. Задача каждого педагога перед подрастающим поклонием – раскрыть и дать четкое определение значению слова “Суверенное государство”. В связи с этим запланировано проведение онлайн-конференции на тему: “Суверенная Кыргызская Республика”.

Онлайн-конференцию с приветственной речью открыл ректор КГУСТА, д.т.н.,проф Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович. Далее выступили гости:зав.отделом Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Аида Ишеналиева и главный специалист Асылбек Орозов; руководитель сектора по гос.языку МОН КР Гульнара Ибраимова, Президент общества “Кыргыз тили” Райымжан Курбанов, руководитель сектора терминологии НАН КР, д.ф.н., заслуженный деятель культуры КР Талант Бакчиев, ст.преподаватель Иссык-Кульского государственного университета им.К.Тыныстанова (г.Каракол) Омурзакова Карамат Кудайкуловна со своими студентами. А также приняли участие с кафедры “Кыргыз тили жана адабияты” к.ф.н., доц Сулайманкулова Мээрим и преподаватель Курманалиева Күмүшай.

Студенты групп ПИН-1-20, ПИН-2-20 представили тематические презентации и бурно обсудили значение слова “независимость”. Студенты 2го курса представили слайд-материалы и мастерски защитили свои взгляды по теме “независимое государство”.

Конференция завершилась с заключительной речью проректора по воспитательной работе и гос.языку, к.т.н.,доц. Таалай Турсункулович Болотов.