Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Cпорт ден соолуктун булагы!

       ЖАМУда 2017-жылдын 16-21-январь күндөрү окутуучу-профессордук курамдын жана кызматкерлердин арасында жыл сайын өтүп туруучу Спартакиада “Ден соолук - 2017” өткөрүлдү. Анда спорттун волейбол, стритбол, стол устүндөгү теннис, шахмат, тогуз коргоол, аркан тартыш жана башка он бир түрү боюнча ЖАМУнун бардык факультеттеринен, бөлүмдөрүнөн тогуз курама командалар катышышып, күч сынашышты. Спартакиада атайын  ЖОБО боюнча уюштурулуп, КРнын ББ жана И кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан 50 000сом жана ЖАМУнун кесиптик бирлигинин комитети тарабынан 30 000сом, жалпы 80 000 сомдук байге фонду түзүлүп , жеӊүүчүлөр жана эӊ мыкты оюнчулар сыйланышты. Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземине  КРнын ББ жана И кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.Исмаилов катышып, ЖАМУ билим берүү майданында зор күч экендигин таануу менен сөз сүйлөп, университеттин кесиптик бирлиги менен жакындан кызматташуу аркылуу кызматкерлерге социалдык, экономикалык жана укуктук жактан колдоо көрсөтүүгө  даяр экендигин белгиледи. Cпорт ден соолуктун булагы!

Даярдаган  Н.Баитова