Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу

Чүй районундагы Бурана айыл өкмөтүнө караштуу Менеткеч айылындагы А.Жансеитов атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 14-ноябрында “Регионду өнүктүрүү” жылына карата мектеп коллективи менен айыл башчысынын жолугушуусу өткөрүлдү. Айыл башчы Акматов Кылыч  “Бурана айыл аймагы негизинен дотациялык айыл аймагы болуп саналгандыктан билим берүү мекемелерине жеткиликтүү жардам көрсөтө албай келе жаткандыгын, бирок, билим берүү коомдук иш экендигин, ошол себептен келечек муундарына татыктуу билим берүү менен аларды жакшы жолго тарбиялай ала тургандыгыбызды, заманбап билим берүүгө карата окуу жылынын башталышына карата мектепке 1 даана компьютер белек кылганын жана жыл аяктаганча сканер, принтер менен камсыздоону пландаштырып жаткандыгын, ошол иштер боюнча бүгүн мектекпке мугалимдердин иштөөсүнө шарт түзүү максатында ушул белекти тапшырып жаткандыгын”  айтып өттү.  Аталган максаттар ишке ашып ушул күнү мектептин жалпы жамаатын сүйүндүрүп аталган техникалык каражатты тапшырды.

Бул иш чарага Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн адистери, Чүй райондук  жана Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун жетекчилери катышып айыл башчысы Акматов Кылычка билим берүү кызматкерлеринин кызыкчылыгын коргоо иштерине көмөк көрсөткөндүгү үчүн   жана бул иш 3 тараптуу келишимдин аткарылышынын белгиси экендигин, ошондой эле өлкөбүздөгү “Регионду өнүктүрүү” жылына карата жакшы иштер уюшулгандыгын  белгилеп, рахматын билдирип өтүштү,  ошондой эле  мектеп жамаатына иштелип жаткан иштердин жыйынтыгы боюнча ыраазычылык билдиришти.

 

 

             Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

              профсоюзунун төрагасы                                                                          С.Наматов