Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Чүй облусунда кесиптик бирлик иши талкууланды

2024-жылдын 13-мартында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй  облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү облустун аймагындагы райондук/шаардык мамлекеттик администрацияларынын аким-башчылары (орун басарлары), райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары  жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук/шаардык комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда биргелешкен жыйын өткөрүштү.

Жыйынга КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаев, КР Президентинин Чүй  облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Кыштобаева Гульмира Алимбековна жана кесиптик комитеттин жооптуу кызматкерлери, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Москва, Панфилов, Чүй райондук, Токмок, Кемин, Кант шаардык мамлекеттик администрация өкүлдөрү, райондук билим берүү башчылары жана кесиптик бирликтин төрагалары катышышты.  

Жолугушу учурунда Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрация, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана кесиптик бирликтин райондук/шаардык комитеттеринин ортосунда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуулардын аткарылышы жөнүндө маселе каралды.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй  облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Кыштобаева Гульмира Алимбековна алып барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Д.Султанбаев аймактарда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуулардын негизинде билим берүү кызматкерлеринин укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо  жаатындагы иштер социалдык өнөктөштөр тараптан системалуу таризде ишке ашырылышына өзгөчө көнүл буруу керек экендигин баса белгиледи.

 Ошондой эле А.Султанбаев өз сөзүндө кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн  биримдигин жана алардын тилектештигин социалдык өнөктөштөр менен биргеликте гана камсыздоого боло тургандыгына кенири токтолду.

Кесиптик бирлик кыймылынын биримдигин чындоо боюнча А.Султанбаевдин пикирин улай Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрация, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана кесиптик бирликтин райондук/шаардык комитеттеринин ар бир өкүлү өз аймактарындагы кесиптик бирликтин биримдиги боюнча ахывал жөнүндө маалымат беришти жана кесиптик бирлик кыймылын колдоо багытындагы өз иш-аракеттери жөнүндө ой бөлүшүп  баарлашышты.

Баарлашуу учурунда Аламүдүн, Кемин жана Панфилов райондорундагы айрым билим берүү уюмдарынын кесиптик бирлик катарынан чыгуу боюнча иш-аракеттеринин мыйзамсыздыгы жөнүндө кенири талкууланып, мындай иш аракеттер КР Конституциясында, КР Эмгек кодексинде, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негиздерине туура келбестиги дагы бир ирээт баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй  облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Кыштобаева Гульмира Алимбековна облус аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдары КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин катарына кошуу боюнча даректүү иш-аракеттердин болуусун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына,   ар бир район/шаар жетекчилигине милдеттендирди.

Өз кезегинде  КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев социалдык өнөктөш болгон КР Президентинин Чүй  облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирүү менен алдыда мындай жолугушуулар республиканын ар бир облустунда уюштурула тургандыгы жөнүндө маалымдады.

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети