Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата

Кыргыз  Республикасынын Президентине караштуу 2017-жылдын 20-апрелиндеги №81 жарлыгына ылайык КРнын Билим берүү жана  илим министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган  студенттер  арасында өтүүчү  жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө боюнча  жобонун негизинде  2018-жылдын 22-майында Н.Исанов атындагы КМКТАУда (2/220) илимий макала жазуу боюнча  конкурсу болуп өттү. 

Жобого  ылайык конкурстун  максаты:  Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу студенттердин   изилдөө иштерине болгон  кызыгуусун арттырууну, жаш муундарды патриоттуулукка, адеп-ахлак жана маданий деңгээлин өнүктүүрүүгө, ата-бабалардын баалуулуктарын  сактоого, камкордук менен боорукерликке тарбиялоого, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык-чыгармачылык деңгээлин өнүктүрүү . 

Илимий макала жазууга сунушталган  темалар: 

  • “Чынгыз Айтматов-кыргыз элинин феномени”
  • “Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабиятта алган орду жана салымы”
  • “Чынгыз Айтматов жана билим, илим, тарбия маселеси”
  • “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы патриоттуулук, атуулдук, улуттук өзгөчөлүктөр”
  • “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелерин чагылдырылышы”
  • “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылыш, айлана-чөйрө жана экология”

Конкурска   биринчи курста окуган окуу топторунун  бардык студенттери катышып, жыйынтыгында  ар окуу топторунан “мыкты” деп тандалып алынган студенттер жалпы университтеттик масштабда өткөрүлгөн турга  17 студент катышты.  Алардын  ичинен  4 студенттин  жазуу иштери  “мыкты” деп табылды. Алар:

  1. ВР-1-17 тобунун студенти  Эльчибек кызы Ж.   (илимий жетекчиси Абдыраева Н.С.)
  2. ФК-1-17 тобунун студенти  Уланбек кызы Т. (илимий жетекчиси Бариева А.Ж.)
  3. ВВ-1-17 тобунун студенти Абакирова А.  (илимий жетекчиси Молдалиева Н.А.)
  4. Л-1-17 тобунун студенти Жаманкулов Т. (илимий жетекчиси Бариева А.Ж.)

 

  Жогоруда “мыкты” деп табылган студенттердин  конкурстук жазуу иштери  мындан аркы турларга  катышууга жолдомо алып,  өз арыздары  менен бирге илимий макаласын  уюштуруучулардын дарегине жөнөтүшмөкчү.

 

                                                                  “Кыргыз тили” кафедрасынын окутуучусу Сартбай кызы Гүлзат