Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук Комитетке жана облустук комитетке рахмат!!!

       2017-жылдын 19-январында Жалал-Абад  шаарында Билим,  илим  кызматкерлеринин  Жалал-Абад  облустук комитетинын  2016-жылды  жыйынтыктоочу иш-чарасына Ноокен  районунан  10 өкүл  катышып, 2017-жылда  мыкты  ийгиликтерге жетишүү  үчүн күч  кубат, энергия, моралдык колдоо  алдык.         

      Иш-чара жаӊыча, ар  бир  катышуучуну жүрөгүнө  жетип  барган, ага  стимул берип жакшы  иштоого,  ийгилик  жаратууга көмөк берген сырдуу күч  болду. Мен « Билим жана илим  профсоюзунун  отличниги» төш  белгисин Борбордук Комитетин  төрагасы  А. Токтогуловтун  колунан  алышып, өзгөчө  сыйлык болду. Биз Ноокендиктер  делегациясы  Борбордук  Комитетке  жана  Жалал-Абад  облустук  комитетке тереӊ ыраазычылыгыбызды билдирип  рахмат  айтабыз. Иш-чара  бизди  дагы жаӊы  милдеттерге  багыттады.

Материалды даярдаган:  Ноокен районун  №7  Төрөгелдиев  атындагы  орто  мектебинин  директору,  Жалал-Абад  облустук  комитеттин  мүчөсү.