Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

БОРБОРДУК КОМИТЕТТИН ПРЕЗИДИУМУ

2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун жыл жыйынтыгын чыгарган жыйыны болуп өттү. Анын ишине КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, Борбордук Комитеттин мүчөлөрү, БК тутумуна кирбеген облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин төрагалары, ар кыл деңгээлдеги социалдык өнөктөштөр, БК аппаратынын кызматкерлери, басма сөз өкүлдөрү катышышты. Жыйынды кыска сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун жыйынынын күн тартиби жана регламенти бекитилди.

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

  1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө.
  2. Профсоюз комитеттеринин жаӊыдан шайланган жетекчилерин бекитүү тууралуу.
  3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2021-жылга перспективалуу иш планы тууралуу.
  4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2020-жылдагы ”Жылдын Бакайы”, “Жылдын Датка айымы”, “Жылдын Мырзасы” жана “ Жылдын Айымы” Ардактуу наамдарын ыйгаруу тууралуу.
  5. Жыйынтыктарды чыгаруу жөнүндө:

5.1. "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" арналган республикалык тармактык онлайн фестивалынын;

5.2. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган "Бир баатырдын окуясы" республикалык тармактык онлайн акциясынын.           

  1. Кыргыз Республикасынын билим  берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын Эстелик  кол сааты менен сыйлоо жөнүндө .
  2. Ар кыл маселелер.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов, Борбордук Комитеттин башкы укуктук жана техникалык эмгек инспектору  Б.М.Кадыркулов, Борбордук Комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Кулназарова,  Борбордук Комитеттин эл аралык байланыштар, маалыматтык камсыздоо жана ЖОЖдор, АООЖ менен иштөө бөлүмүнүн башчысы В.А.Бредихина билдирүүлөрдү жасашты.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча   быйылкы жылы райшаар профсоюз уюмдарынын отчеттук кайра шайлоо конференцияларында жана пленумдарында шайланышкан  Жети-Өгүз райондук комитетинин төрагасы Ө.К.Молдокматовдун, Түп райондук комитетинин  төрагасы М.А.Сыдыковдун, Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Ю.Момошовдун,  Тоң райондук комитетинин  төрагасы Н.А.Урманбетовдун, Ак-Суу райондук  комитетинин төрагасы Э.Р.Садабаевдин, Каракол шаардык  комитетинин төрайымы Ж.Ү.Касмалиеванын, Балыкчы шаардык комитетинин төрагасы Н.К.Абдраимовдун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Т.К.Арзыбаевдин,   Кара-Суу райондук комитетинин төрайымы Н.А.Исраилованын ыйгарым укуктары бекитилди.

Президиум күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2021-жылга перспективалуу иш планы тууралуу” маселени талкуулады жана бекитти.

Жыйында күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2020-жылдагы ”Жылдын Бакайы”, “Жылдын Датка айымы”, “Жылдын Мырзасы” жана “ Жылдын Айымы” Ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу” маселе каралды.

Тармактын профсоюздук кыймылына кошкон чоң салымдары, социалдык өнөктүктү бекемдөөдөгү жана окуу мекемелериндеги кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу ийгиликтүү жана жемиштүү эмгектери үчүн билим  берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин Ардактуу наамдары: “Жылдын Бакайы” - “Позиция профсоюза” гезитинин башкы редактору Акил Адамалиевич Адамалиевге, “Жылдын Датка Айымы” - билим берүү   жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ысык-Көл областындагы  Каракол шаардык комитетинин төрайымы Жыпар Үсөновна Касмалиевага, “Жылдын Мырзасы”                                                                                                           – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин    бириккен профсоюз  комитетинин төрагасы Кубанычбек Сатарович Жумабековго,  “Жылдын Айымы” - билим берүү   жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чүй областындагы  Сокулук райондук комитетинин төрайымы Алина Бейшеналиевна Качкынбаевага ыйгарылды.

Күн тартибиндеги бешинчи маселе боюнча  президиумдун жыйынында                                                                                                                    "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" арналган республикалык тармактык онлайн фестивалынын жыйынтыктарын чыгаруу жана Улуу Жеңиштин 75-жылдыгына карата өткөрүлгөн ”Бир баатырдын тарыхы” электрондук акциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө маселелерди карады. Президиум  "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү  жана балдарды колдоо” жылынын алкагында тармактын профсоюз   комитеттеринин социалдык  ишмердүүлүктөрүн жогорулатуу жана өркүндөтүү, билим берүү жана илим кызматкерлерин, студент жаштарды социалдык жактан колдоо, алардын эмгек укуктарын коргоодо тармактык профсоюздардын уставдык  максаттарынын жана милдеттеринин ишке ашырылышы,  жер-жерлерде профсоюздун  ролун, ишмердүүлүктөрүн, кадыр-баркын көтөрүү, тажрыйбасын үйрөнүү жана жайылтуу, инновациялык жана маалыматтык  иштерди күчөтүү аркылуу алардын имиджин көтөрүү  максатында тармактык профсоюз комитеттери алгылыктуу иштерди жүргүзүп келгендигин белгиледи жана "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" арналган республикалык тармактык онлайн фестивалынын жеңүүчүлөрүн атады, аларды атайын дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлоо тууралуу токтом кабыл алды.

Төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды: Сузак райондук комитети (төрагасы  Абдумажит Жумабаевич Орозалиев), Таш-Көмүр шаардык комитети (төрайымы Элмира Жаркынбековна Эгизалиева), Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы жалпы орто  билим берүү мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрагасы Мирбек Дөөтович Абылов), Баткен райондук комитети (төрагасы Абдилаз Аппазович Зайитов), Алай райондук комитети (төрагасы Акылбек Кунаевич Абдыкадыров), Ат-Башы райондук комитети (төрагасы Келдибек Калканович Керималиев), Баткен шаардык комитети (төрайымы Мактым Мамасалиевна Калыкова), Токмок шаардык комитети (төрайымы Дамира Рысбековна Жумалиева), Жети-Өгүз райондук комитети (төрагасы Өмүрбек Кыдырганович Молдокматов), Лейлек райондук комитети (төрагасы Авазбек Турабаевич Бердиев), Ысык-Ата  райондук комитети (төрайымы Бактыгүл Качиевна Тыныбекова), Москва  райондук комитети (төрайымы Татьяна Владимировна Эсенканова), Чүй райондук комитети (төрагасы Саматбек Жумагулович Наматов), Өзгөн райондук комитети (төрагасы Ибраимберди Шамшиевич Мырзамидинов), Н.Исанов атындагы Кыргыз  мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин бириккен профсоюз комитети (төрагасы  Мырзахан Сопуханович Дильдаев), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз  Улуттук университетинин бириккен профсоюз комитети (төрагасы Кубанычбек Сатарович Жумабеков), Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитети (төрагасы Абсамат Эрмаматович Саттаров).

Жыйын Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитети уюштурган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ”Бир баатырдын тарыхы” электрондук акциясына катышкандардын алгылыктуу иштерин  белгиледи жана бул акциянын катышуучуларын атайын дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлоо тууралуу токтом кабыл алды.

Төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды: Баткен шаардык комитети (төрайымы Мактым Мамасалиевна Калыкова), Ноокен райондук комитети (төрагасы Кубанычбек Калдарович Нышанов), Токтогул  райондук комитети (төрагасы Токтомуш Исраилович Исраилов), Баткен райондук комитети (төрагасы Абдилазиз Аппазович Зайитов), Талас райшаардык комитети (төрайымы Фатима Асанжановна Батырбаева), Сүлүктү шаардык  комитети (төрагасы Канатбек Сапарович Кудаяров), Жалал-Абад  шаардык  комитети (төрагасы  Кеңешбек Жасынович Акунов), Кара-Буура райондук  комитети (төрайымы Рыстай Максутовна Абдыжапарова), Аксы райондук комитети (төрагасы Сагынбек Камчыбекович Камчыбеков).

Президиумда “Кыргыз Республикасынын  билим  берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын Эстелик  кол сааты менен сыйлоо жөнүндө” күн тартибиндеги алтынчы маселени карады жана тармактык профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык, экономикалык  жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо жана социалдык өнөктөштөрдү  өз-ара пайдалуу кызматташтыкка тартууда кошкон ишмердиктери үчүн Нарын шаардык  комитетинин төрагасы Токтогон Качкымбаевич Качкымбаев,  Баткен райондук комитетинин төрагасы Абдилазиз Аппазович Зайитов,  Ала-Бука райондук   комитетинин төрагасы Жакыпбай Тургуналиевич Дурусалиев, Өзгөн райондук комитетинин төрагасы Ибраимберди Шамшиевич Мырзамидинов, Бакай-Ата райондук комитетинин төрагасы Нурбек Кеңешбекович Сөлпиев, Тоң райондук комитетинин төрагасы Нурлан Асылбекович Урманбетов, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин төрагасы Айбек Обганович Кудайкулов БК төрагасынын Эстелик сааттары менен сыйланышты.

Президиумда БК ишмердигине байланышкан бир катар ар кыл маселелерди карады.

Жыйында күн тартибинде каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынды.