Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук Комитеттин президиуму

2019-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган президиумунун жыйыны болуп өттү. Анын ишине Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү, Борбордук Комитеттин мүчөлөрү, райшаар, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун төрагалары, БК аппаратынын кызматкерлери, профсоюз активинин жана басма сөздүн өкүлдөрү катышышты.

Президиумду кириш сөз сүйлөө менен  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун жыйынынын  күн тартиби, регламенти бекитилди.

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

  1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VI сьездинин жана Борбордук Комитеттин андан кийинки  пленумдарынын  чечимдерин турмушка ашырууда  Чүй облусунун райондук жана Токмок шаардык  профсоюз комитеттеринде билим  берүү  жана илим кызматкерлерине  социалдык  колдоо көрсөтүү, финансылык, уюштуруу жана маалыматтык  жактан камсыз кылуу иштерин өз ара текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө.
  1. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат.
  2. Профсоюз комитеттеринин жаӊыдан шайланган жетекчилерин бекитүү тууралуу.                 
  3. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин ишмердигинин 2020-жылга карата перспективалык иш планы тууралуу.
  4. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2019-жылдагы ”Жылдын Бакайы”,      “Жылдын Датка айымы”, “Жылдын Мырзасы” жана “Жылдын Айымы” Ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу.                                                                                                       
  5. “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖнын профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык кароо-сынагынын жыйынтыктары тууралуу.
  6. Кыргыз Республикасынын билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын эстелик  кол сааты менен сыйлоо жөнүндө.                                                                                  
  7. Ар кыл маселелер:

8.1.Тармактын профсоюз комитеттеринин  ишмердүүлүгү жөнүндөгү буклеттерди даярдоонун жана профсоюз жөнүндө китепке материалдарды камсыз кылуунун жыйынтыгы.

8.2.Санатордук-курорттук дарылануу жана путевкаларды бөлүштүрүү жөнүндө.

Президиум күн тартибиндеги маселелерди кароого өттү. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун VI  сьездинин жана Борбордук Комитеттин  андан кийинки  пленумдарынын  чечимдерин турмушка ашырууда  Чүй облусунун райондук жана Токмок шаардык  профсоюз комитеттеринде билим  берүү  жана илим кызматкерлерине  социалдык  колдоо көрсөтүү, финансылык, уюштуруу жана маалыматтык  жактан камсыз кылуу иштерин өз ара текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ысык-Ата райондук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекованын, күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат” чыгып сүйлөгөн Борбордук Комитеттин аппарат жетекчиси И.Афанасьеванын билдирүүлөрүн укту.                                                                                            

Президиумда жер-жерлерде өткөн райшаар жана ЖОЖ профсоюз уюмдарынын отчеттук кайра шайлоо конференцияларында, пленумдарында жаӊыдан шайланган профсоюз комитеттеринин жетекчилеринин ыйгарым укуктары бекитилди. Жыйында президиум мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын  билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин ишмердигинин 2020-жылга карата перспективалык иш планын карап чыгышты, талкууга алышты жана жактырышты.

Президиум Кыргыз Республикасынын билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2019-жылдагы ”Жылдын Бакайы”,      “Жылдын Датка айымы”, “Жылдын Мырзасы” жана “Жылдын Айымы” Ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу маселени карады жана тиешелүү чечимдерди кабыл алды, Ардак наам ээлерине тапшырылды.  Жылдын башында тармактык профсоюзда жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү  санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖнын профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык кароо-сынагынын жыйынтыктары тууралуу маалымат менен БК уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарованын билдирүүсү угулду, уюштуруу комитетинин корутундусу президиум мүчөлөрүнүн талкуусунан кийин жактырылды жана жеңүүчүлөр аныкталды.

Президиумда Кыргыз Республикасынын  билим  жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын эстелик  кол сааты менен сыйлоо жөнүндө чечими угулду.                                                                                 

Жыйын Борбордук Комитеттин ишмердигине байланышкан ар кыл маселелерди карады, а.и. “Тармактын профсоюз комитеттеринин  ишмердүүлүгү жөнүндөгү буклеттерди даярдоонун жана профсоюз жөнүндө китепке материалдарды камсыз кылуунун жыйынтыгы” тууралуу, “Санатордук-курорттук дарылануу жана путевкаларды бөлүштүрүү жөнүндө” билдирүүлөрдү укту жана эске алды.

Кыргыз Республикасынын  билим  жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча корутунду сөз сүйлөп, жыйынтыктап турду.

Президиумдун жыйынында күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.