Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитеттин президиуму болуп өттү

2024-жылдын 20-мартында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиуму болуп өттү. Президиумга Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиум мүчөлөрү жана кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Президиумдун жыйынын кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев ачты.

Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин президиумунун 9 мүчөсү  жана кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аппарат кызматкерлери катышышты.

Президиумдун күн тартибинде 3  маселе каралды.

     1.”Кыргыз Республикасынын билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгүн чыңдоо” республикалык форумун  даярдоо жана өткөрүү жөнүндө.

     2.Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы  шайланган төрагаларынын ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө.

  1. “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунда 2024-жылы эс алууну уюштуруу жана анын сметасын бекитүү жөнүндө.

Күн тартибиндеги биринчи маселе “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгүн чыңдоо” республикалык форумун  даярдоо жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев маалымат берди. 

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук    комитети жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондунун колдоосу менен менен “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгүн чыңдоо” республикалык форумун 2024-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарында “ Отель Сити” мейменканасында өткөрүү белгиленүүдө.

Форумга  КР Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаардык мэриялардын өкүлдөрү жана кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалары катышат. Бул форумда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда 2023-2025-жылдарга түзүлгөн тармактык макулдашууларга толуктоолор киргизилип, кол коюлат.

Форумга катышуучулардын тизмесине ылайык ар бир областтык, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын иш сапар чыгымдарын камсыз кылуу кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларына тапшырылды.

Күн тартибиндеги экинчи маселе  “Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы  шайланган төрагаларынын ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө” каралып, президиум мүчөлөрү жаңы шайланган кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларынын ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө токтомду кабыл алышты.

1.1.Талас областындагы билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Айтматов райондук комитетинин билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Айтматов райондук комитетинин төрагасы кылып Жумабеков Данияр Шейшеновичти шайлоо жөнүндөгү 2024-жылдын 9-февралындагы №1 протоколу бекитилсин.        

1.2.Нарын областындагы Жумгал районунун маданият кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Жумгал районунун маданият кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы кылып Аляскарова Бурул Зарылбековнаны шайлоо жөнүндөгү 2024-жылдын 9-февралындагы чогулушунун №1 протоколу бекитилсин.

1.3.КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы кылып Примкулов Мусабай Маматовичти шайлоо жөнүндөгү 2024-жылдын 29-февралындагы кезексиз уюштуруу пленумунун №2 протоколу бекитилсин.

1.4.Жалал-Абад областынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы кылып Урайимов Нурмухамед Амировичти шайлоо жөнүндөгү 2024-жылдын 2-марттагы кезексиз уюштуруу пленумунун №5 протоколу бекитилсин.

1.5.Чүй областынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аламүдүн райондук комитетинин билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аламүдүн райондук комитетинин төрайымы кылып Алымкулова Гүлзат Мусулумбековнаны шайлоо жөнүндөгү 2024-жылдын 13-мартындагы кезексиз уюштуруу пленумунун №1 протоколу бекитилсин.

Күн тартибиндеги үчүнчү маселе “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунун сметасын бекитүү жөнүндө каралды. Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А. Султанбаев билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунда 2024-жылдын 15-июнунан башталары белгиленди. Кызматкерлердин жайкы эс алуу мезгилине чейин ремонт иштери жүргүзүлөт. Эс алууну жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бардык чаралар көрүлөт.     

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиуму  “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунун жалпы сметасын бекитип беришти.

Президиумдун жыйынында күн тартибинде каралган бардык маселелер боюнча айтылган сунуштарды эске алуу менен тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети