Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитеттин президиуму болуп өттү

2024-жылдын 26-январында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиуму болуп өттү. Президиумга Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиум мүчөлөрү жана кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Президиумдун жыйынын кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев ачты.

    Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин 12 президиум мүчөсүнөн 10 мүчөсү катышып, президиумдун жыйынын өткөрүүгө кворум болду.

        Президиумдун күн тартибинде 3  маселе каралды.

        1.Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасы жөнүндө.

        2.КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин  2024-жыл үчүн иш планы жөнүндө.

        3.Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы шайланган төрагаларынын ыйгарым укуктарын ырастоо жөнүндө.

       Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев маалымат берди.  

       Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасында  кесиптик бирликтин негизги милдеттери, билим берүү кызматкерлеринин жана билим алуучу студент-окуучулардын социалдык-эмгектик укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоонун багыттары, социалдык өнөктөштүктү жакшыртуу жолдору камтылган.

       Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев программа жөнүндө маалымат берүү менен  кесиптик бирликтин негизги милдеттери жана ишмердүүлүгүнүн багыттары: билим берүү тармагында мамлекеттик социалдык саясатты ишке ашырууга катышуу, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин статусун көтөрүү, коомдо мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын укуктук жактан коргоо, кесиптик бирликти уюштуруу жана кадрдык жактан чыңдоо, кесиптик бирликтин финансылык саясатын жакшыртуу, ишти маалыматтык камсыздоо жана социалдык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча кесиптик бирликтер аткара турган иш-чараларга токтолуп өттү.

       Кесиптик бирлик бүгүнкү күндө жалпы кесиптик жана коомдук кызыкчылыктар менен бириккен Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн өнүктүрүүдө, азыркы жарандык коомду калыптандырууда негизги роль ойногон мугалимдердин, тарбиячылардын, окутуучулардын, студенттердин динамикалуу өнүгүүсүнө кесиптик бирликтер билим берүүнү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүнө жана келечегине коомдун жана бийликтин көңүлүн бурууга жөндөмдүү коомдук активдүү, кесипкөй жана камкор коомдук уюм болуп эсептелет.

       Кесиптик бирликтер билим берүүнүн жогорку стандарттарын, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жана коомчулук алдында таанылышын жана билим берүү кызматкерлери үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүлүшүн жактайт.

        Кесиптик бирликтер билим берүү тармагынын лидерлерин, кесиптик бирлик уюмдарын бириктирүү менен  билим берүүнүн бүгүнкүсү жана келечеги, анын дүйнөдөгү кадыр-барктуу позициясы түздөн-түз ушундан көз каранды экенин таануу менен дайыма кесиптик өсүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга умтулат.

         Ачык диалог жана башка пикирлерге урмат-сый менен мамиле кылуу, талкууланган көйгөйлөрдүн ар тараптуу ачылышына көмөктөшүү менен чечимдерди кабыл алууга жардамдарды берет. 

         Кесиптик бирликтин Борбордук, облрайшаардык комитеттери жана анын баштапкы уюмдары өз ишмердүүлүктөрүн учурдун талабына шайкеш жүргүзүүлөрү керек. Алар айрыкча укук коргоо, социалдык-экономикалык   абалды жакшыртууга басым жасоолору зарыл.

         Кесиптик бирлик бардык деңгээлдеги аткаруу бийлик органдары жана иш берүүчүлөр менен өз мамилелерин социалдык өнөктөштүктүн принциптеринде тең укуктуулукка, билим берүү кызматкерлеринин, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтоого жана эске алууга, билим берүүнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга, билим берүү жаатындагы кесиптик бирлик уюмдардын беделин мындан ары чыңдоодо жана жогорулатууда активдүүлүктү көрсөтүүнү чакырат.

          Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев  программанын милдеттерине да токтолду. Кесиптик бирликтин программасынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

 - Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууда бийлик органдарынын, коомдун жана мугалимдер жамаатынын ортосундагы социалдык диалогдун натыйжалуулугун жогорулатуу.

- Бийликтин, коомдун жана билим берүү кызматкерлеринин социалдык жана кесиптик абалын жогорулатуу үчүн тең-салмактуулукту сактоо;

- Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн санын сактоо жана аны көбөйтүү.

 -Кесиптик бирлик кыймылынын билим берүү тармагындагы тажрыйбасын өнүктүрүү, сактоо жана жогорулатуу.

        Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевдин маалыматын президиум мүчөлөрү угуп,  сунуштарын беришти.

        Молдокматов Ө.К- Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети-Өгүз райондук комитетинин төрагасы;

        Президиум мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасын карап чыктык. Чындыгында программада кесиптик бирликтердин негизги милдеттери жана аткара турган иштери так жана даана көрсөтүлүптүр. Ар бир кесиптик бирликтин төрагаларынын ишине багыт берүүчү колдонмо болуптур. Эгерде бул колдонмону китепче кылып чыгарып, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларына берсек, ишин жүргүзүүдөгү методикалык колдонмо болуп калат эле. 

        Тойгонбаев С.А - Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы;

        Биз дагы бул программа менен таанышып чыктык. Кесиптик бирликтин Борбордук комитети бул программаны жакшы иштеп чыгышыптыр. Кесиптик бирликтердин иштерин жогорку деңгээлде алып баруу үчүн бул программа чоң оболго берет. Анткени программада аткарыла турчу иштер так берилген. Биз райондук, шаардык жана ЖОЖнын кесиптик бирлик комитеттери менен бул программаны талкуулап, сунуштарыбызды беребиз. Азыр негизинен кабыл алынсын.

        Бөтөков З.Н -Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы;

        Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасы менен тааныштык. Бул  программада кесиптик бирликтердин аткара турган иштерине негизги багыттар көрсөтүлүптүр. Бул программа ар бир кесиптик бирликтин төрагалары үчүн иштерине жардам боло турган колдонмо болуп калат. Биз дагы кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттери менен программаны талкуулап сунуштарыбызды беребиз.

        Президиумга катышып жаткан президиум мүчөлөрү М.Курманкожоев, А.Балтабаев, Б.Тыныбекова жана А.Исмаиловдор  ушундай пикир, сунуштарды колдошоорун айтышты.

        Күн тартибиндеги биринчи маселе айтылган сунуштарды эске алуу менен негизинен кабыл алынды.

 

        Күн тартибиндеги “КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин  2024-жыл үчүн иш планы жөнүндө” экинчи маселе боюнча президиум мүчөлөрүнө кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев маалымат берип, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларына иш планды карап, кошумча, алымчалары болсо  сунуштарды берүүлөрүн тапшырды. Негизинен күн тартибиндеги экинчи маселени бир добуштан колдошту.

 

         Ал эми күн тартибиндеги ” Кесиптик бирлик комитеттеринин жаңы шайланган төрагаларынын ыйгарым укуктарын ырастоо жөнүндө” маселе боюнча төмөнкү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларынын ыйгарым укуктары ырасталды.

  1. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Майлуу-Суу шаардык комитетинин 2023-жылдын 10-апрелиндеги уюштуруу пленумунун №1 протоколунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Майлуу-Суу шаардык комитетинин төрайымы Эгембердиева Эльмира Саитовна.
  2. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы кезексиз уюштуруу пленумунун №4 протоколунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы Примкулов Мусабай Маматович.

     3.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы  отчеттук кайра шайлоо конференциясынын № 4 токтому Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен  областтык комитетинин  төрагасы Бөтөкөв Завиридин Насирович.

 4.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Каракол шаардык комитетинин 2023-жылдын 20-октябрындагы уюштуруу пленумунун №1 протоколунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Каракол шаардык комитетинин төрайымы Акмолдоева Гульдар Шавкатбековна.

      5.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ак-Талаа райондук комитетинин 2023-жылдын 21-октябрындагы уюштуруу пленумунун №1 протоколунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ак-Талаа райондук комитетинин төрагасы Жылтыров Урмат Жаңыбаевич.

      6.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл райондук комитетинин 2023-жылдын 03-ноябрындагы уюштуруу пленумунун №1 протоколунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл райондук комитетинин төрагасы Курманбаев Эмил Бекенович.

       7.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин 2023-жылдын 07-декабрындагы уюштуруу пленумунун №1 протоколунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Бараханов Таалайбек Омурзакович

      8.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас райондук, шаардык комитетинин 2024-жылдын 16-январындагы уюштуруу пленумунун №1 протоколунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас райондук, шаардык комитетинин төрайымы Осмоналиева Гулсайра Болотбековна. 

      9.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитетинин 2024-жылдын 17-январындагы уюштуруу пленумунун №2 токтомунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитетинин төрайымы  Сапарбаева Ырысбүбү Имаралиевна. 

       Президиумдун жыйынында күн тартибинде каралган бардык маселелер боюнча айтылган сунуштарды эске алуу менен тиешелүү токтомдор кабыл алынды. 

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкенрлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиумунун жыйыны өз ишин аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети