Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитеттин Президиуму болуп өттү

2023-жылдын 26-сентябрындада Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиумунун жыйыны болуп өттү. Президиумдун жыйынына кесиптик бирликтин борбордук комитетинин президиум мүчөлөрү, Чүй областынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук жана шаардык, жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын кесиптик бирлик комитетинин төрагалары жана кесиптик бирликтин борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Президиумдун жыйынын кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун жыйынынын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1.Бишкек шаарындагы ЖОЖ, КООЖ жатаканаларында жашаган студенттердин жашоо шартын жакшыртуу максатында КР эмгек жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу.

2.Чүй областынын билим берүү уюмдарында эмгек акылардын жана жөлөкпулдардын төлөнүшү боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу  жөнүндө укуктук ченемдик актылардын сакталышы жөнүндө.

3.Кесиптик бирлик комитеттеринин  жаңы  шайланган төрагаларын  бекитүү жөнүндө

4.Кыргызстан профсоюздар федерациясынынын сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө.

5.Ар кандай маселелер.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча “Бишкек шаарындагы ЖОЖ, КООЖ жатаканаларында жашаган студенттердин жашоо шартын жакшыртуу максатында КР эмгек жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы” туралуу Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин аппарат жетекчи, башкы укук жана эмгек инспектору  Б.Кадыркулов маалымат берди.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин укук жана эмгекти коргоо кызматы КР Эмгек жөнүндө мыйзамдуулуктун аткарылышы тууралуу КР ЭК 409-410-статьясына ылайык Бишкек шаарындагы ЖОЖ, КООЖ жатаканаларында жашаган студенттердин жашоо шартын жакшыртуу максатында И.Раззаков атындагы КТУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ жана К.Карасаев атындагы БГУ жатаканлары текшерүүдөн өткөрүлдү.

 Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Раззаков атындагы КТУ, Арабаев атындагы КМУ жана К.Карасаев атындагы БГУ жатаканаларында эмгек жөнүндө мыйзамдарынын талаптары аткарылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгү белгиленди жана И.Раззаков атындагы КТУ №1,2,3, Арабаев атындагы КМУ жана Ж.Баласагын атындагы КУУ №7 жатаканаларында электро плиталар менен толук камсыз кылуу, ички тартип эрежелери, коопсуздук жана өрткө каршы эрежелерин иштеп чыгып, студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тааныштыруу боюнча иштерди  жүргүзүү тапшырылды.

Күн тартибиндеги экинчи “ Чүй областынын билим берүү уюмдарында эмгек акылардын жана жөлөкпулдардын төлөнүшү боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу  жөнүндө укуктук ченемдик актылардын сакталышы жөнүндө” маселе боюнча Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н. Закиряева маалымат берип, Чүй областынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук жана шаардык комитеттеринин аткарып жаткан иштерине токтолду.

Кесиптик бирликтин  Панфилов, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Ысык-Ата райондук жана Токмок шаардык комитеттеринин билим берүү уюмдарында эмгек акылардын жана жөлөкпулдардын төлөнүшү боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө укуктук ченемдик актылардын сакталышы боюнча аткарып жаткан иш-аракеттери жактырылды жана Панфилов, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Ысык-Ата, Жайыл  райондук жана Токмок шаардык комитеттери тарабынан билим берүү уюмдарында эмгек акылардын жана жөлөкпулдардын төлөнүшүнө тыкыр көзөмөл жүргүзүүнү активдештирүү жагы милдеттендирилди.

Күн тартибиндеги үчүнчү “Кесиптик бирлик комитеттеринин  жаңы  шайланган төрагаларын  бекитүү жөнүндө” маселе боюнча токтомдун долбоору толугу менен кабыл алынып Чүй областындагы билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй райондук комитетинин 2023-жылдын 05-сентябрындагы уюштуруу пленумунун протоколунун негизинде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй райондук комитетинин төрагасы болуп Джекшенбек уулу Мезгилбек  бекитилди.

Күн тартибиндеги төртүнчү “Кыргызстан профсоюздар федерациясынынын сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө” маселеси каралып, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин укуктарын коргоого, кызыкчылыктарын жактоого, социалдык абалдарын жакшыртууга  жана кесиптик бирлик иштерин жайылтууга кошкон салымдары үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Кыргызстан профсоюздарына кызмат кылгандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйлоого:

1. Абдыжапарова Рыстай Максутовна- Талас областынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Айтматов райондук комитетинин төрайымы;

2.Табалдиев Зарылбек – Нарын областынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кочкор райондук комитетинин төрагасы;

3.Сыдыков Муратбек Акунович – Ысык-Көл областынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Түп райондук комитетинин төрагасы көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: КР Билим жана илим кызматерлеринин кесиптик бирлигин Борбордук комитети