Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук Комитеттин пленуму Көлдө өттү

2019-жылдын 20-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң айылында жайгашкан “Красная гвоздика” балдардын ден соолуктарын чыңдоочу жайынын базасында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин VI пленуму болуп өттү. Анын ишине Борбордук Комитеттин мүчөлөрү, райшаар, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун төрагалары, БК аппаратынын кызматкерлери, басма сөз өкүлдөрү катышышты.

Пленумду кириш сөз сүйлөө менен  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңырды.

Жыйындын президиуму, катчылыгы шайланды.

Пленумдун күн тартиби, регламенти бекитилди.

Пленумда төмөнкү маселелер каралды:

  1. Уюштуруу маселеси:

1.1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  айрым мүчөлөрүн анын тутумунан чыгаруу тууралуу;

1.2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  жаңыдан шайланган мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын бекитүү тууралуу;

1.3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  текшерүү комиссиясынын мүчөсүн анын тутумунан чыгаруу тууралуу;

1.4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  текшерүү комиссиясынын жаңыдан шайланган мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын бекитүү тууралуу.

  1. «Уюштуруучулук жактан бекемдик – профсоюздун ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизи»:

2.1. Профсоюздук ички ишмердикти, анын ичинде шайлануучу органдардын, комиссиялардын иштерин активдештирүү, түзүлүштү, кадр саясатын өркүндөтүү;

2.2. Педагогикалык коомчулуктун, окугандардын арасында профсоюзга мүчөлүккө мотивациялоо, тармактык профсоюздун мүчөлүк базасын кеңейтүү, жаңы профсоюз уюмдарын, анын ичинде окутуу кызматтарын көрсөткөн жеке уюмдарда профсоюз уюмдарын түзүү. Жаштар менен иштөө. Профактивди окутуу;

2.3. Тармактык профсоюздун маалыматтык иштерин өркүндөтүү, жалпыга маалымат каражаттарында аймактык профсоюз органдарынын ишмердиктери тууралуу жакшы жана талдоо макалаларынын болушу.

  1. Ар кыл маселелер.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча пленум ардактуу эс алууга чыккандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен райондук билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюз комитетинин төрагасы Тургунбай Жумаевич Жумаевди, иштеген иш орунунан которулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин аппаратынын профсоюз комитетинин төрагасы Анарбай Шабатоевич Сарбалиевди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тутумунан чыгарды.

Пленум тиешелүү профсоюз комитеттеринин чечимдерине ылайык Баткен облусунун Баткен райондук билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюз комитетинин төрагасы Абдилазиз Аппазович Зайитовду, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин техникалык нускоочусу Таалайбек Өмүрзакович Баракановду, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад  шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Жасынович Акуновду Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тутумуна киргизди.

Пленум Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин текшерүү комиссиясынын тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Республиканын аймагынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткендигине байланыштуу Нейля Шайгиевна Ахматова Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин текшерүү комиссиясынын тутумунан чыгарылды. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин текшерүү комиссиясынын тутумуна киргизүү тууралуу тиешелүү профсоюз комитетинин чечимине ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюз комитетинин төрагасы Улан Шаймергенович Урбаевдин ыйгарым укуктары бекитилди.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов кыскача билдирүү жасады:

-  Урматтуу пленумдун катышуучулары! Биздин бүгүнкү пленумубуз Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү цифралаштыруу жылынын алкагында райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында”  өткөрүлүп жатат.

Максаттарга жетүүдө аракеттердин тактикасын накта шарттарга жараша алмаштыруу менен бүт дүйнө жүзүндөгү профсоюздар сыяктуу эле биздин профсоюзубуз дагы өзүнүн ишмердигин бирден-бир гана стратегиялык максатка-өз мүчөлөрүнүн социалдык-эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн кызматкерлердин уюмуна буруп келет.

Мына ушундай учурда, биз, болгондо да уюштуруучулук иштерсиз, акылга тунган билимдүү профсоюз лидерлерисиз, уставдык ишмердиктин бардык багыттары боюнча мүчөлүк уюмдардын практикасын координациялоосуз жана жалпылоосуз эч качан ийгиликке жетише албайбыз. Болгондо да биздин катардагы мүчөлөрүбүз күтүп жаткан натыйжаны жарата албайбыз.

Бекеринен бүгүнкү пленумубуздун темасы катары   «Уюштуруучулук жактан бекемдик – профсоюздун ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизи» аталышын тандап алган жокпуз. 

Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мен ар убакта ушундай бийик трибуналардан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзу өлкөдөгү эң көп сандуу жана өкүлчүлүктүү уюм экендигин сыймык менен айтып келем. Бүгүнкү күнгө карата биз өз катарыбызга 3603 профсоюз уюмдарын бириктирип турабыз, алардын катарында профсоюзубуздун 3 областтык, 40 райондук, 15 шаардык, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын 36, илимий мекемелердин 24 жана  башка окуу уюмдарынын 13 комитеттери бар. Жалпы мүчөлөрүбүз 223870 адамга жетти, анын ичинде 69922 студент жана окуучу жаштарыбыз бар.

2015-жылдын 20-майында өткөн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VI съездинде тармактык профсоюздун Уставынын жаңы редакциясы кабыл алынган. Съездден кийинки биринчи пленумда “Баштапкы профсоюз уюму жөнүндө жобо” жана “Областтык, райондук, шаардык комитеттердин укуктарына ээ ЖОЖ профсоюз комитеттери жөнүндө үлгүлүү жобо” бекитилди. 2016-жылдагы пленумда болсо “Профсоюз кызматкеринин этикасы жөнүндө жобо” кабыл алынды. Азыркы учурга карата 53 райондук, шаардык, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери кайра каттоодон өтүштү.

Баарыбыз жакшы билгендей, профсоюздар иштеп жаткан шарттар, жогоруда айтылгандай,  ар дайыма өзгөрүүлөргө дуушар болуп  жатат. Ошого жараша алардын иштериндеги багыттар, ыкмалар жана түрлөрү дагы өзгөрүүдө. Айрыкча бул уюштуруу иштерине байланыштуу экендигин айта кетүүгө тийишпиз.

Профсоюздар өздөрүнүн коомдогу социалдык ролун жана функциясын жүзөгө ашыруусу үчүн профсоюз органдарынын жетекчилери, профсоюз кадрлары, профсоюздук актив тарабынан өз ара байланыштын, өз ара аракеттенүүнүн жана жеке ишмердүүлүктүн өзгөчө атайын түрлөрү менен  ыкмаларынын топтому колдонулуп келатат. Мына ошонун өзүндө профсоюздун съезддеринде, конференцияларында, чогулуштарында тиешелүү түрдө аныктала жана профсоюз уюмдарынын иш процесстеринде тактала турган профсоюздун уюштуруу иштери, анын негизги багыттары, түрлөрү, ыкмалары жатат.

Мен жана да айта кеттим эле, азыр да айта кетейин деп турам, биз бүгүн панелдик талкуулоо түрүндө иштейбиз. Пленумдун кароосуна коюлган теманы толук ачып берүү үчүн 3 маселе талкуулоого коюлат:

  1. Профсоюздук ички ишмердикти, анын ичинде шайлануучу органдардын, комиссиялардын иштерин активдештирүү, түзүлүштү, кадр саясатын өркүндөтүү;
  2. Педагогикалык коомчулуктун, окугандардын арасында профсоюзга мүчөлүккө мотивациялоо, тармактык профсоюздун мүчөлүк базасын кеңейтүү, жаңы профсоюз уюмдарын, анын ичинде окутуу кызматтарын көрсөткөн жеке уюмдарда профсоюз уюмдарын түзүү. Жаштар менен иштөө. Профактивди окутуу;
  3. Тармактык профсоюздун маалыматтык иштерин өркүндөтүү, жалпыга маалымат каражаттарында аймактык профсоюз органдарынын ишмердиктери тууралуу жакшы жана талдоо макалаларынын болушу.

Пленумда күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча ушул багыттар тууралуу Борбордук Комитеттин мүчөлөрү ой бөлүшүшөт.

Пленум күн тартибиндеги экинчи маселени кароого өттү. Чыгып сүйлөгөндөр слайддар аркылуу козголуп жаткан маселелерди толуктап турушту. Мындай инновациялык ыкма катышуучуларга абдан жакты жана кызыктуу болду.

Алгачкы  сөз “Жаштар менен иштөө. Профактивди окутуу” аталышындагы талкууну ачуу үчүн Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Азамат Сатиевге берилди, ал өзү жетектеген профкомдун мисалында студент жаштар менен профсоюздук иштерди алып баруу жагдайында айтып берди.

“Профсоюздук ички ишмердикти, анын ичинде шайлануучу органдардын, комиссиялардын иштерин активдештирүү, түзүлүштү, кадр саясатын өркүндөтүү” деген теманын алдында профсоюздун Ош обкомунун төрагасы Сабыр Абдувапович Тойгонбаев чыгып сүйлөп, облустун профсоюз уюмдарынын уюштуруучулук ишмердигине токтолду. Ал өз сөзүнүн алкагында жалпы талкууга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Суу райондук комитетинин төрагасы Памир Жакыповду, Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Абдижапар Аккуловду кошуп, алар көтөрүлүп жаткан маселе боюнча өздөрү эмгектенип жаткан профсоюз комитеттеринде аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу сөз козгоп беришти.

“Профсоюздук ички ишмердикти, анын ичинде шайлануучу органдардын, комиссиялардын иштерин активдештирүү, түзүлүштү, кадр саясатын өркүндөтүү” аттуу доклад менен чыгып сүйлөгөн профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы Кубанычбек Калдарович Нышановдун сөзүн пленумдун катышуучулары өтө кызыгуу менен угушту. Докладчы өз сөзүн далилдүү фактылар, керектүү цифралар, орунттуу маселелер менен сүйлөгөндүктөн олтургандарга абдан жеткиликтүү болду.

“Педагогикалык коомчулуктун, окугандардын арасында профсоюзга мүчөлүккө мотивациялоо, тармактык профсоюздун мүчөлүк базасын кеңейтүү, жаңы профсоюз уюмдарын, анын ичинде окутуу кызматтарын көрсөткөн жеке уюмдарда профсоюз уюмдарын түзүү. Жаштар менен иштөө. Профактивди окутуу” аталышындагы талкууну Борбордук Комитеттин Ысык-Көл облустук координатору Өмүрбек Кыдырганович Молдокматов улантты.  Көл кылаасындагы профсоюз уюмдарында жаңы мүчөлөрдү тартуу, айрыкча профактивди окутуу боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен ой бөлүштү. Бул маселени талкуулоого негизги докладчыдан тышкары профсоюздун Ак-Суу райондук комитетинин төрагасы Эсен Ракымович Садабаев,  профсоюздун Нарын  райондук комитетинин төрагасы Мукамбеталы Жунушалиевич Курманкожоев катышышты.

“Тармактык профсоюздун маалыматтык иштерин өркүндөтүү, жалпыга маалымат каражаттарында аймактык профсоюз органдарынын ишмердиктери тууралуу жакшы жана талдоо макалаларынын болушу” деген талкууну профсоюздун Баткен обкомунун төрагасы  Завредин Насырович Бөтөков ачты. Ал облустун профсоюз уюмдарынын ишмердигин чагылдырууда БК сайтын, “Позиция профсоюза” газетасын, облустук телерадиокомитетти, облустук жана райондук газеталарды пайдалануу боюнча аткарылып жаткан иштерди айтып берди. Анын сөзүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен райондук комитетинин төрагасы Абдилазиз  Аппазович Зайитов бул маселе боюнча райондо аткарылып жаткан иштер тууралуу айтуу менен толуктап кетти. Талкуу боюнча өздөрүнүн пикирлерин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Эрмек Шакирович Бектуров, профсоюздун Токмок шааркомунун төрайымы Дамира Рыспековна Жумалиева  билдиришти, алар да профсоюздук ишмердикти маалыматтык жактан колдоо жаатында өздөрү башкарган профкомдордо аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири сөз кылышты.

Күн тартибиндеги экинчи маселени кароого Борбордук Комитеттин мүчөлөрү активдүү катышышты, алар ар бир тема боюнча өз ойлорун кенен, ачык жана кеңири билдире алышкан аянтча түзүлгөндүгүнө ыраазычылык билдиришти.

Пленум күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча токтомдорду кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  VI пленуму жабык деп жарыяланды.