Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитеттин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү программасы

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин борбордук комитети

 

                                                                                                       

                                                                                  

 

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

борбордук комитетинин президиумунун

26 январь 2024-жыл, №2/1 токтому менен

бекитилген.

 

 

 

 

           Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

                кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

           ишмердүүлүгүн

        2024-2029-жылдарга өнүктүрүү

 

ПРОГРАММАСЫ

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

2024-жыл

 

 

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

  1. КИРИШҮҮ

         Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасы (мындан ары – Кесиптик бирликтин Программасы) КР Конституциясына, КР Эмгек кодексине, МОТ (Эл аралык эмгек уюму), КР Жогорку Кеңешинде ратификациядан өткөн конвенцияларга жана КР Эмгек жөнүндө мыйзамдуулугуна ылайык “Кесиптик бирликтердин укуктары, эркин биригүүсү, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, социалдык өнөктөштөр менен болгон бирдей укуктуулугу жана иш берүүчүлөрдүн (билим берүү уюмдардын жетекчилери) кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө кийлигишпөө, кесиптик бирлик уюмдарына жакшы шарт түзүүгө алардын мыйзамдык милдети жана кесиптик бирликтин Уставдык максаттарын жана милдеттерин кыйшаюусуз аткарууга, кесиптик бирликтин баштапкы жана облрайшаардык комитеттери Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттеринин комплексин жана КР «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы менен аныкталган билим берүүнү өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга көмөктөшөт.

 

Кесиптик бирлик ички жана эл аралык кесиптик бирлик кыймылдары менен биримдик, тилектештик, адилеттүүлүк, көз каранды эместик принциптерине ылайык биригүүсүнө берилгендигин ырастайт.

Кесиптик бирликтин миссиясы:

Билим берүү кызматкерлеринин жана билим алуучулардын социалдык-эмгектик укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын, социалдык укуктарын түшүндүрүү жана коргоо, бийлик органдарынын, кесиптик жана жарандык уюмдардын сунуштарын кабыл алуу жана аны ишке ашыруу аркылуу ата мекендик билим берүүнүн туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү Кесиптик бирликтин миссиясы болуп саналат.

Кесиптик бирлик бүгүнкү күндө жалпы кесиптик жана коомдук кызыкчылыктар менен бириккен Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн өнүктүрүүдө, азыркы жарандык коомду калыптандырууда негизги роль ойногон мугалимдердин, тарбиячылардын, окутуучулардын, студенттердин динамикалуу өнүгүүсүнө кесиптик бирликтер билим берүүнү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүнө жана келечегине коомдун жана бийликтин көңүлүн бурууга жөндөмдүү коомдук активдүү, кесипкөй жана камкор пикирдештердин бириктирген коомдук бирикме.

 

 

КЕСИПКӨЙЛҮК

Кесиптик бирлик билим берүүнүн жогорку стандарттарын, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жана коомчулук алдында таанылышын жана билим берүү кызматкерлери үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүлүшүн жактайт.

ЛИДЕРЛИК

Кесиптик бирлик билим берүү тармагынын лидерлерин, кесиптик бирлик уюмдарын бириктирет, алар ата мекендик билим берүүнүн бүгүнкүсү жана келечеги, анын дүйнөдөгү кадыр-барктуу позициясы түздөн-түз ушундан көз каранды экенин таануу менен дайыма кесиптик өсүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга умтулат.

ОЙ- ПИКИР, СЫН АЙТУУ ЭРКИНДИГИ

Кесиптик бирликтин ар бир мүчөсү өз позициясын билдирүүгө укуктуу. Ачык диалог жана башка пикирлерге урмат-сый менен мамиле кылуу, талкууланган көйгөйлөрдүн ар тараптуу ачылышына көмөктөшөт, ошондой эле жаңы жана эң натыйжалуу чечимдерди табууга жардам берет.

УЛАНТУУЧУЛУК

Ата мекендик билим берүүнүн, кесиптик бирлик уюмдарынын салттарын, билимин жана тажрыйбасын сактоого, системалаштырууга жана кийинки муундарга өткөрүп берүү,  Кыргызстандын рухий жана материалдык өнүгүүсү үчүн алардын маанисин түшүндүрүү.

ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА ТИЛЕКТЕШТИК

Кесиптик бирликтин Борбордук, облрайшаардык комитеттеринин жана анын баштапкы уюмдарынын ээлеген позициялары, кабыл алынган чечимдер жана иш-аракеттердин натыйжалары үчүн тилектештиктин жана жоопкерчиликтин принцибин түшүнүү жана сактоо менен  жалпы мугалимдер жамааты, коом жана бүткүл өлкө  үчүн маанисин жана пайдалуулугун эске алуу колдонулат.

БИРДЕЙ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Мамлекеттик билим берүү жарандын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнүн гармониялуу жолу экендиги таанылат.

Кесиптик бирликтин катарларына билим берүү жана илим кызматкерлерин жана студенттерди бириктирүү:

  • Кыргыз билим берүүсүнүн максаттарына жана ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына ишенимди жогорулатат;
  • Билим берүү системасынын биримдигин сактоого көмөк көрсөтөт;
  • Билим берүү жана илим кызматкерлеринин, окуучулардын социалдык, эмгектик укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоого кепилдик берет;
  • Кыргызстанда билим берүүнүн позитивдүү кадыр-баркын жогорулатууга, педагогикалык кадрлардын социалдык жана кесиптик статусун жогорулатууга көмөк көрсөтөт;
  • Ишенимдүү социалдык өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын билим берүүнү жана илимди модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга, алардын социалдык кесепеттерин жана натыйжаларын баалоо менен түздөн-түз катышууга мүмкүндүк берет;
  • Билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө активдүү катышууну камсыздайт;
  • Кесиптик кызыкчылыктардын, баалуулуктардын жана максаттардын биримдигин калыптандырууга көмөк көрсөтөт;
  • Кесиптик билимдердин жана тажрыйбанын системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.

Кесиптик бирлик бардык деңгээлдеги мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары жана иш берүүчүлөр менен өз мамилелерин социалдык өнөктөштүктүн принциптеринде тең укуктуулукка, билим берүү кызматкерлеринин, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтоого жана эске алууга, ата мекендик билим берүүнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга, билим берүү жаатындагы кесиптик бирлик уюмдардын беделин мындан ары чыңдоого жана жогорулатууга активдүү катышат.

 

  1. КЕСИПТИК БИРЛИКТИН ПРОГРАММАСЫНЫН МИЛДЕТТЕРИ

Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууда бийлик органдарынын, коомдун жана мугалимдер жамаатынын ортосундагы социалдык диалогдун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Бийликтин, коомдун жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык жана кесиптик абалын жогорулатуу үчүн тең-салмактуулукту сактоо;

Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн санын сактоо жана аны көбөйтүү.

Кесиптик бирлик кыймылынын билим берүү тармагындагы тажрыйбасын өнүктүрүү, сактоо жана жогорулатуу.

Кесиптик бирлик өз ишинде көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.  Алар мамлекеттик бийлик органдарына, жумуш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук уюмдарга отчет бербейт жана алар тарабынан контролдонбойт. Эгерде мыйзам тарабынан башкача каралбаса, кесиптик бирликтердин укуктарын чектей же алардын уставдык ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кыла турган ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат.

 

  1. КЕСИПТИК БИРЛИКТИН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ

Билим берүү чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүк системасын бекемдөө жана натыйжалуу өнүктүрүү, кесиптик бирликтин Борбордук комитети менен КР Билим берүү жана илим министрлиги, райондук мамлекеттик администрация, шаардык мэрия, райондук-шаардык билим берүү бөлүмү, райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттери, айыл өкмөттөрү, мектеп директору, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары ортосундагы үч тараптуу макулдашууларды жана бардык баштапкы уюмдарда жамааттык келишимдерди  түзүү менен алардын натыйжалуу  ишке ашырылышына жетишүү;

Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү жана анын кадрдык потенциалын натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга катышуу;

Педагогикалык жамааттын жана студенттердин социалдык жана кесиптик статусун жогорулатуу;

Билим берүүнүн сапатын жана билим берүүнүн натыйжаларын баалоонун көз карандысыз системасын түзүү үчүн эксперттик педагогикалык коомчулукту түзүүгө көмөктөшүү;

Кесиптик бирликтин бирдиктүү маалыматтык талаасын түзүү жана өнүктүрүү;

Профессордук-окутуучулар курамын, студенттерди кесиптик бирликтин мүчөлөрү катары социалдык жактан колдоонун аракеттеги формаларын өнүктүрүү жана жаңы формаларын иштеп чыгуу;

Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жана анын уюмдарынын социалдык маанилүү долбоорлорун жана демилгелерин алдыга жылдырууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы (ФПК), мамлекеттик органдары  жана жарандык коом институттары менен байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүү;

Педагогдордун эмгек функцияларын натыйжалуу жана чыгармачылык менен ишке ашыруу жана эмгек шарттарынын сакталышын эффективдүү контролдоо үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүүгө активдүү катышуу;

Педагогдордун жана студенттердин сергек жашоо образын жайылтуу;

Кесиптик бирликтин уюштуруу-финансылык биримдигин чыңдоо жана бардык деңгээлдеги кесиптик бирлик уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

Кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн корпоративдик жана укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу;

Кесипкөйлүк компетенциясынын деңгээлин жана шайлануучу коллегиалдуу кесиптик бирлик органдардын жана кесиптик бирликтин структурасын бардык деңгээлдериндеги кесиптик бирлик уюмдардын жетекчилеринин кабыл алынган чечимдери үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу;

Кесиптик бирликтин позитивдүү кадыр-баркын калыптандыруу жана анын маалымат мейкиндигинде позициясын бекемдөө;

Тажрыйба алмашуу жана кесиптик бирликтин таасиринин зонасын кеңейтүү максатында эл аралык байланыштарды түзүүгө жана чыңдоого көмөктөшүү;

Он төрт жаш курагына толгон жана эмгектик ишин жүзөгө ашырган же окуу жайында окуган ар бир жаран, ошого тете пенсионерлер өздөрүнүн тандоосу боюнча ыктыярдуу кесиптик бирликтерди түзүүгө, ошондой эле алардын уставдарын сактаган шартта кесиптик бирликтерге кирүүгө укуктуулугун сактайт.

Кесиптик бирлик уюму менчигинин түрүнө карабастан, үч жана андан ашык киши иштеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда түзүлөт. Кесиптик бирликтердин чогулуштарында (конференцияларында) шайлануучу комитеттер же кесиптик бирликтердин уюштуруучулары алардын өкүлчүлүк органдары болуп саналат.

Кесиптик бирлик өз мүчөлөрүнүн эмгекке болгон укуктарын коргоо функцияларын аткарат, иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат, Кыргыз Республикасынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырат; ишканалардан иштен бошотулган адамдарды жамааттык келишимде, макулдашууда каралган талаптардын негизинде социалдык жактан коргойт.

Ишкананын жана анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн менчигинин түрүн өзгөртүү, аны жоюу, кайра уюштуруу, жумуш берүүчүнүн, менчик ээсинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген башкаруу органынын демилгеси боюнча жумушчу орундарынын кыскарышына же эмгек шарттарынын төмөндөшүнө алып келе турган өндүрүштүн толук же жарым-жартылай токтошу тиешелүү кесиптик бирликтерге үч айдан кечиктирилбестен алдын ала кабарланган жана алар менен кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Кесиптик бирлик эгерде иш берүүчү же кызматкер эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузса же жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаса, жумуш берүүчү кесиптик бирлик органынын талабы боюнча мамлекеттик ишкананын кызмат адамы менен эмгек келишимин бузууга же аны ээлеген кызматынан түшүрүүгө милдеттүү экендигин тастыктайт.

Кесиптик бирлик эгерде менчигинин түрү мамлекеттик эмес ишкананын жумуш берүүчүсү же кызмат адамы тарабынан эмгек жөнүндө мыйзамды бузууга, кызматкердин эмгектик укуктарын кысмакка алууга жол берилсе, анда кесиптик бирлик органынын талабы боюнча ал ээлеген кызматынан 6 айга чейинки мөөнөткө четтетилишине алып келээрин анык деп эсептейт.

 

  1. КЕСИПТИК БИРЛИКТИН НЕГИЗГИ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН БАГЫТТАРЫ

4.1. Билим берүү тармагында мамлекеттик социалдык саясатты ишке ашырууга катышуу.

Төмөнкүлөргө таасир этүү:

Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын, Кыргызстандын мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу;

Кесиптик, жалпы жана кошумча билим берүүнүн мазмунунда жана технологияларында сапаттын жогорку стандартына жетишүү маселесин чечүүгө катышуу;

Мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине жетишүү, аларды коомдук практикага ийгиликтүү тартуу үчүн жаштардын социалдык программаларын жакшыртууга көмөктөшүү;

Бирдиктүү билим берүү мейкиндигин сактоо жана өнүктүрүү;

Билим берүү уюмдарында кадрлардын сапатын, педагогикалык жана илимий кызматкерлердин, билим берүү кызматкерлеринин башка категорияларынын эмгек шарттарын жакшыртуу;

Жалпы, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү, балдарга кошумча билим берүү, жогорку, кесиптик жана кошумча кесиптик билим берүү тармагында мурда иштелип чыккан жана ишке ашырылган мамлекеттик билим берүү стандарттарынын заманбап механизмдерин, мазмунун жана технологияларын, анын ичинде алардын усулдук стандарттарын колдонуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу, педагогикалык  кадрларды колдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларынын аткарылышына көмөктөшүү;

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын инновациялык жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, аймактар ​​аралык тармактык ресурстук борборлорду уюштуруу;

Студенттердин жашаган жерине карабастан билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу инфраструктураны түзүүгө көмөктөшүү;

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштардын жана калктын социалдык аялуу катмарындагы жаштардын жалпы, кесиптик жана кошумча билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык багыттагы иш-чараларга катышуу;

Балдарга кошумча билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясын, жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын кесиптик деңгээлин жогорулатуунун комплекстүү программасын ишке ашырууга катышуу;

Көрсөткүчтөрү төмөн жалпы билим берүү уюмдарында жана жагымсыз социалдык шарттарда иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын иш аракеттерин жакшыртуу чараларын ишке ашыруусуна катышуу;

Педагогдук курамдын компетенцияларын өнүктүрүү жана педагогикалык жамаат менен студенттердин арасында билим берүүнүн сапатына жана анын натыйжасында алынган компетенцияларга жаңы заманбап мамилени калыптандырууга катышуу;

Кесиптик бирликтин жана анын уюмдарынын эксперттик-аналитикалык ишин өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн негизинде билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашыруунун жыйынтыктарын болжолдоонун жана баалоонун объективдүүлүгүн камсыз кылуу.

 

4.2 Билим жана илим кызматкерлеринин жана билим алуучулардын социалдык статусун көтөрүү

4.2.1. Жетишилет:

Кесипкөйлүк чөйрөдө жана коомчулукта педагогикалык кызматкерлердин социалдык статусун көтөрүү;

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн республикалык жана аймактык программаларына билим берүү уюмдарынын педагогикалык курамынын социалдык абалын жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды киргизүү, төмөнкүлөрдү камсыз кылууга көмөктөшүү:

  • жалпы, орто кесиптик, жогорку билим берүүнүн, кошумча кесиптик билим берүүнүн, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кадрдык ресурстарынын сапатын жаңылоо;
  • жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарында педагогикалык кадрлардын жетишсиздигин жоюуга катышуу;
  • педагогдук кадрларды алардын муктаждыктарын объективдүү болжолдоонун негизинде даярдоо, аларды ишке орноштуруу жана карьералык колдоо көрсөтүү;
  • педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо укугун ишке ашырууга катышуу;
  • педагогикалык жана башка кызматкерлерди, анын ичинде пенсионерлерди негизсиз массалык түрдө кыскартууга жол бербөө максатында билим берүү уюмдарынын тармагын кайра уюштуруунун жана оптималдаштыруунун шарттарында жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарынын бошотулган кызматкерлерин социалдык адаптациялоо жана кесиптик кайра даярдоо механизмдерин түзүү, алардын заманбап эмгек рыногунда өз убагында натыйжалуу багыт алуусун түзүүгө катышуу;
  • мамлекеттик билим берүү стандарттарын ийгиликтүү ишке ашырууга салым кошкон педагогикалык кызматкерлер жана мугалимдер үчүн эмгек шарттарын түзүүгө көмөктөшүү;
  • эмгек рыногунда педагогикалык кадрлардын эмгек акысынын атаандаштык деңгээлине жетишүүгө жардамдашуу;
  • билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын убагында туура эсептелип берилишине контролдук жүргүзүү;
  • билим берүү кызматкерлеринин жана студенттердин эс алуусун, дарылоосун жана ден соолугун коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды колдоодо мамлекеттик салымдын деңгээлин жогорулатуу.

 

4.3 Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзамдык жактан  коргоонун негиздери:

Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө, социалдык-эмгек чөйрөсүнө, билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга, анын ичинде мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо мугалимдердин социалдык эмгек укуктарын жакшыртуу боюнча талаптарды киргизүүгө активдүү катышуу;

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;

Билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына Борбордук комитет, аймактардагы облрайшаардык жана баштапкы кесиптик бирлик комитеттери КР ЭК 409-статьясына, КР “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамынын 14-статьясына ылайык  көзөмөл жүргүзүү милдетин аткаруусун күчөтүү;

Эмгек мыйзамдарынын, эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка актылардын сакталышына, жамааттык келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарынын сакталышына кесиптик бирликтин көзөмөл системасын өнүктүрүү;

Жамааттык келишимдерди, үч тараптуу макулдашууларды даярдоодо кызматкерлердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу кызыкчылыгын көздөгөн сунуштарга (коммуналдык жардам, жаңы бүтүп келген адистерге депозиттерди берүү, үй салууга жер участокторун кезексиз бөлүп берүү ж.б.у.с.) каршы иш берүүчүлөрдүн үстөмдүгү, иш берүүчүлөрдүн бул талаптарды киргизүүгө тоскоол болушуна  бөгөт коюуга жетишүү;

 

Башкы, тармактык жана аймактык деңгээлдердеги түзүлгөн макулдашуулар жана келишимдер аркылуу мугалимдердин жана кызматкерлердин укуктуктарынын корголушу жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча милдеттер коюлат, макулдашуулар жана келишимдер кабыл алынат жана ар жылы жылдын аягында иш берүүчүлөр макулдашуулар жана келишимдердеги талаптардын аткарылышы боюнча жамаатка отчет берүүнү кесиптик бирлик комитеттери уюштурат;

 

КР Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинин алдындагы эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо кызматы жана кесиптик бирликтин укук жана эмгек инспекторлорунун ишин жакшыртуу максатында мамлекеттик көзөмөлдөө кызматы менен эки тараптуу келишимдерди түзүүгө жетишүү;

Иш берүүчүлөрдүн кесиптик бирликтин мыйзамдуу укук жана эмгек инспекторлорунун контролдоо укуктук талаптарын аткаруусун камсыз кылуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу анын ичинде контролдоо-көзөмөл органдары жана билим берүү тармагын башкаруунун жогорку органдары менен биргелешкен иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткаруусуна жетишүү;

Эмгек жөнүндө мыйзамдуулуктун сакталышына кесиптик бирликтин контролдоо укуктарынын негизинде Борбордук комитет, облрайшаардык комитеттер социалдык өнөктөштөр, мамлекеттик эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо кызматы менен бирдикте жалпы  билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо багытындагы тематикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү, андан кийин кесиптик бирликтин  шайлануучу коллегиалдуу органдары жана социалдык өнөктөштөр жана мамлекеттик көзөмөл кызматы тарабынан анализдөө жана алардын натыйжаларына баа берүү;

Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча консультациялык кызматтардын сапатын жогорулатуу;

Жамааттык жана жекече эмгек талаш-тартыштарын чечүүнүн механизмдерин өркүндөтүү жана өнүктүрүү;

Бардык билим берүү уюмдарында эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияларын КР Эмгек кодексинин талаптарына ылайык түзүү жана комиссиянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн кесиптик бирликтин укук жана эмгек инспекторлорунун комиссиянын ишине катышуу  практикасын кеңейтүү;

Кесиптик бирлик уюмдары кесиптик бирлик  мүчөлөрүнүн эмгектик укук бузууларын коргоо максатында сот органдарына доо арыздар менен кайрылып, кызматкерлердин социалдык жана эмгектик укуктарын коргоого жана калыбына келтирүүгө жетишүү;

Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери боюнча тиешелүү кызмат адамдары менен кесиптик бирлик мүчөлөрүн укуктук жактан коргоонун актуалдуу маселелери боюнча талкуулоолорду, сүйлөшүүлөрдү, талаш-тартыштарды жүргүзүү боюнча кесиптик бирлик уюмдарынын иш тажрыйбасын жалпылоо;

Кесиптик бирликтин, мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги контролдук-көзөмөл органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн практикасын өркүндөтүү;

Кесиптик бирликтин  активин жана анын мүчөлөрүнүн  укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында Борбордук Комитеттин областтык, райондук, шаардык комитеттеринине окуу-семинарларды жана ай сайын юридикалык жардам берүү максатында ачык эшик күндөрүн уюштуруу;

Эмгек мыйзамдарынын, эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка актылардын сакталышына, жамааттык келишимдердин шарттарынын аткарылышына профсоюздук көзөмөл системасын өнүктүрүү;

Кесиптик бирликтин эмгек инспекторунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана кесиптик бирликтин аймактык (областтык, райондук, шаардык) комитеттеринин аппаратына кесиптик бирликтин юридикалык эмгек инспектору штат бирдигин  киргизүү боюнча чараларды көрүү;

Иш берүүчүлөр тарабынан кесиптик бирликтин мыйзамдуу эмгек инспекторунун сунуштарын жана талаптарын аткарууну камсыз кылуунун натыйжалуу укуктук механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде областтардын билим берүү тармагын мамлекеттик контролдоо-көзөмөл органдары менен биргелешкен иш-чаралар аркылуу жүргүзүүнү жакшыртуу;

Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана көрсөтүү боюнча консультациялык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча Эл аралык уюмдар менен биргеликте консультациялык форумдарды, жыйындарды өткөрүүнүн иш-чараларын уюштуруу;

Кесиптик бирликтин тиешелүү аймактык (областтык, райондук жана шаардык) уюмдарында, баштапкы профсоюз уюмдарында укук коргоо ишин уюштуруу жана кесиптик бирликтин Борбордук Комитетине аткарылган иштер жөнүндө отчет берүүнү жакшыртуу.

 

КР ЭК 415-статьясына ылайык ар бир 10 кызматкерден ашык иштеген билим берүү уюмдарында “эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия” иш берүүчү менен кесиптик бирлик уюмдарынан бирдей санда комиссия курамы түзүлөт. Мындай комиссияларды билим берүү уюмдары менен биргеликте түзүү жана КР Эмгек кодексиндеги талаптардын аткарылышын контролдоо;

 

Бардык кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттери билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо мыйзамынын аткарылышы, эмгекти коргоо жумуштарын уюштуруу, анын ичинен коопсуздук эрежелердин сакталышы, жумуш орундарында ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү, эмгекти коргоо боюнча кызматкерлерди окутуу, билимин баалоо, пландоо,  пландан тышкары коопсуздук эрежелер менен тааныштыруу ж.б. аткарылышы боюнча ай сайын текшерүүлөр жүргүзүлүп, атайын бир айлык мөөнөттө аткаруу боюнча сунуштамалар берилип анын  аткарылышын талап кылуу жоопкерчилигин күчөтүү;

 

 

4.4. Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугун жана эмгегин коргоо укуктары:

Кесиптик бирлик эмгек жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдүк кылуу жана аларды контролдоо үчүн мамлекеттик эмгек инспекциясы менен бирдей укуктарга ээ болуучу жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан бекитилүүчү эмгектин укуктук жана техникалык инспекцияларын түзө алат;

 

Кесиптик бирликтин эмгек инспекторлорунун ишин өркүндөтүү, кесиптик бирликтин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдары эмгекти коргоо жана ден соолугун сактоо боюнча кызматкерлердин жана окуучулардын эмгекти коргоо талаптардын жана стандарттардын сакталышына кесиптик бирликтин көзөмөлүн  жүзөгө ашырууну күчөтүү;

Эмгекти коргоо жана коопсуздукту башкаруу системасын түзүүгө жана иштетүүгө катышуу;

КР Эмгекти коргоо мыйзамдуулугунун жана КР Өкмөтүнүн 05.04.04-жылдагы №225 токтому менен бекитилген жобого ылайык эмгекти коргоо иш чаралары болгон атайын медициналык кароодон өткөрүү, кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутуу, билимин баалоо, ошондой эле жекече коргонуу каражаттары үчүн атайын кийим менен камсыз кылуу боюнча иш берүүчүлөрдүн финансылык каражаттарды бөлүүнү жамааттык келишимдер макулдашуулар аркылуу берилишине кесиптик бирлик комитеттердин коомдук контролун күчөтүү;

Иш берүүчүлөрдүн милдети болгон мугалимдердин эмгегин коргоо багытындагы иштерди аткаруунун абалы, эмгекти коргоонун шарттарын уюштурууга милдеттүү адамдар жалпы жыйындарда аткарылган иштер боюнча отчет берип турууну жакшыртуу менен өндүрүштө болгон кырсыктын санын азайтууга шарт түзүү;

Кесиптик бирликтин активдүүлүгүн көтөрүү, эмгек укуктарын жакшыртуу жана жумуш орундарынын ыңгайлуу шартын түзүү максатында кесиптик бирлик уюмдарынын алдындагы коомдук эмгек инспекторлор институттарын түзүү, көзөмөлдү күчөтүү менен анын  иштерин жакшыртуу;

Эмгекти коргоо жана коопсуздукту башкаруу системасын түзүүгө жана иштетүүгө катышуу менен иш берүүчүлөрдүн мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабинеттерге, лабораторияларга, мастерскойлорго ж.б. коопсуздук эрежелерин түзүү, кызматкерлер менен тааныштыруу жумуштарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү;

Эмгекти коргоо боюнча иш-чаралардын финансылык стандарттарын киргизүүгө КР Билим берүү жана илим министрлигине көмөк көрсөтүү, локалдык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга жетишүү;

Билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылына карата кабыл алуу, жаңы салынган имараттарды эксплаутацияга берүүдө кесиптик бирликтин укук жана эмгек инспекторлорун катыштыруу менен эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөгө жетишүү;

Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу жана өткөрүү алдында  эмгекти коргоо шартын жакшыртуу боюнча иштерин өркүндөтүү. Кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо максатында Борбордук комитеттин “Красная Гводика” ден-соолукту чыңдоо борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

Кесиптик бирлик прокуратура жана эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөөчү жана контролдоочу мамлекеттик органдар менен бирдикте билим берүү уюмдарындагы эмгекти коргоо шарттарын тузүүдө коркунучтуу жана зыяндуу эмгек шарттары боюнча кепилдиктердин жана компенсациялардын кызматкерлерге берилиши боюнча комплекстүү жана тематикалык биргелешкен текшерүүлөрдү өткөрүү;

Борбордук комитет менен КР Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте жумуш учурунда билим берүү уюмдарында бөөдө кырсыктарды болтурбоону алдын-алуу максатында ар бир билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо кызматынын штатын киргизүүгө жетишүү; 

Жарандардын эмгек акысынын шарттары жана аны төлөө, эмгекти коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздук, турак жай шарттары, социалдык камсыздандыруу, эмгекчилердин ден соолугун жана маданий кызыкчылыктарын коргоо, пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары тарабынан жөнгө салынышын коомдук контролдоо;

 

Областтык, райондук жана шаардык комитеттери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары өз компетенциясынын чегинде эмгекчилерди социалдык жана экономикалык жактан коргоо чараларын иштеп чыгууга, калктын жашоо денгээлинин негизги чен-өлчөмдөрүн, компенсациялардын өлчөмдөрүн баалардын индексинин өзгөрүшүнө жараша аныктоого катышат, мыйзам тарабынан белгиленген жашоо минимумун жана пенсиялардын, стипендиялардын, пособиелердин өлчөмдөрүнүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат, жарандардын социалдык укуктарын бузгандарга карата сотко доо арызы менен кайрылышат.

 

4.5. Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана чыңдоо: макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин аткарылышына жетишүү:

  • 1) Кесиптик бирликтер мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери, жумуш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү) менен эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелерде социалдык өнөктөш катары чыгышат;
  • 2) Кесиптик бирлик жана анын органдары жумуш берүүчүнүн

администрациясы, менчиктин ээси же ал тарабынан ыйгарым укуктар берилген башкаруу органы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кызматкердин атынан республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүүгө, алардын аткарылышын контролдукка алат;

  • 3) Кесиптик бирликтер Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ортосундагы башкы макулдашууларды; Республикалык тармактык кесиптик бирликтин жана КР Билим жана илим министрлигинин ортосундагы макулдашууларды; Кесиптик бирликтердин аймактык бирикмелеринин, жумуш берүүчүлөрдүн жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын ортосундагы макулдашууларды; жана жумуш берүүчүлөр менен жамааттык келишимдерди түзүү жолу менен өз мүчөлөрүнүн эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт;
  • 4) Макулдашуулар жана жамааттык келишимдер менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү аймактагы же тармактык ишканалар, уюмдар жана мекемелер үчүн милдеттүү юридикалык күчкө ээ болот;
  • 5) Кесиптик бирлик ишканалардын кызматкерлеринин өкүлчүлүк органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, өздөрүнүн үгүттүк материалдарын тарката алат;
  • 6) Жаш мугалимдерди жана педагогикалык кызматкерлерди билим берүү тармагына тартуу жана аларды кесиби боюнча жумуш орундарында сактап калуу үчүн моралдык жана материалдык стимулдарды түзүү;
  • 7) Кесиптик бирлик мүчөлөрүнө женилдиктерди уюштуруу максатында кесиптик бирликтин атайын дисконттук карточкаларын (профсоюздук дисконттук карточкалар) уюштуруу жана областтык, райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринде кенири жайылтуу;
  • 8) Социалдык-экономикалык жана укуктук жактан колдоо маселелерине мамлекеттик жана аймактык аткаруу бийлик органдарынын көңүлүн бурууну күчөтүү: муктаж мугалимдерди турак-жай жана жер тилкелери менен камсыздоо, педагогдордун коммуналдык чыгымдарына каражат бөлүп берүү, жаш кадрларга депозит төлөө ж.б.у.с. иш аракеттерди жүзөгө ашыруу;
  • 9) Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана билим берүү уюмдарынын ыйгарым укуктарын чектөөнү эске алуу менен билим берүүдөгү социалдык өнөктөштүк системасынын түзүмүн, иштөө шарттарын жана башкарууну өркүндөтүү;

 

  • 10) Социалдык эмгек мамилелерин келишимдик негизде жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган жоболорду макулдашууларга жана жамааттык келишимдерге өз убагында киргизүү аркылуу жүргүзүү;

 

  • 11) Аймактарда кабыл алынган жамааттык келишимдерде жана үч тараптуу макулдашууларда мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу боюнча конкреттүү иш аракеттерге тиешелүү каражаттардын каралышына жетишүү (шаар жериндеги коммуналдык чыгымдардын каралуусу: муздак-ысык сууга, жылытууга, таштандыга болгон төлөмдөр ж.б); (айыл жериндеги кызматкерлерге ичүүчү сууга, сугат суусуна, таштандыга, көмүр-отун алууга ж.б);
  • 12) Жамааттык келишимдерде педагогикалык кызматкерлердин социалдык экономикалык ахывалын жакшыртууга багытталган колдоолор, зыяндуу шарттарда эмгектенгендерге кошумча төлөмдөр ж.б.у. с. менен катар эле каржы талап кылынбаган колдоолорду (мисалы: акы төлөнбөгөн эмгек өргүүнүн кошумча күндөрүн берүү, кошумча сыйлыктарды-наамдарды ыйгаруу ж.б. киргизүүгө жетишүү;

 

  • 13) Макулдашуулардын жана жамааттык келишимдердин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү ыкмаларын иштеп чыгуу, сыноо жана жигердүү пайдалануу, социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде оң жетишкендиктердин маалыматтык базасын түзүү;

 

  • 14) КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип тармактык макулдашуудагы талаптар аркылуу областтык, райондук жана шаардык деңгээлдеги жамааттык келишимдер, үч тараптуу макулдашуулардагы мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу боюнча иш аракеттердин натыйжаларына  көзөмөлдүк жүргүзүүсүн күчөтүү;

 

  • 15) Тармактык, аймактардагы область, район, шаардык жана айылдык деңгээлиндеги үч тараптуу макулдашууларга аймактардагы жергиликтүү айыл өкмөттөр түзүлгөн макулдашуулар аркылуу мугалимдердин социалдык абалын жакшыртууга милдеттүү болсо дагы, социалдык абалын жакшыртуу боюнча үч тараптуу макулдашууларга ошол талаптарды киргизүүгө болгон алардын каршылыктарын жоюуга кесиптик бирликтин райшаардык комитеттеринин жана баштапкы уюмдардын аракетин күчөтүү;

 

  • 16) Ар бир билим берүү уюмдарында КР Эмгек кодексинин 222-статьясына ылайык кызматкерлеринин саны 50 дөн ашкан уюмдарда “эмгекти коргоо кызматын” түзүүнү, ал эми кызматкерлери 50 гө жетпеген билим берүү уюмдарында коомдук башталышта жооптуу кызматкер дайындоо менен эмгекти коргоо кызматынын иш алып баруусун КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жетекчиликти жүргүзүүнү колго алуу;

 

 

4.6. Кесиптик бирликти уюштуруу жана кадрдык жактан чыңдоо:

 

Кесиптик бирликтин структурасынын бардык деңгээлдеринде кесиптик бирлик уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

Кесиптик бирлик уюмдарынын коомдук отчетунун формасын колдонууну эске алуу менен кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердигинде маалыматтык ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу, кесиптик бирликтин ички ченемдик укуктук базасын иштеп чыгуу;

Кесиптик бирликтин чакан жергиликтүү уюмдарынын деңгээлинде кесиптик бирлик түзүмүн оптималдаштыруу, билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы билим берүү уюмдарында жаңы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарын түзүү;

Кесиптик бирлик активинин мектебинин тармагын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, кесиптик бирлик  кадрлардын жана активдердин компетенттүүлүгүнүн жеке деңгээлин жогорулатуу;

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан кесиптик бирликтин активин,  мүчөлөрүн “Ардак грамота”, “Билим жана илим кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын эстелик кол сааты менен сыйлоо  жана “Жылдын Бакайы”, “Жылдын Датка Айымы”, “Жылдын Мырзасы”, “Жылдын Айымы” ардактуу наамдарын ыйгаруу; Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына жаштардын тартылышына  шарттарды түзүү, ЖОЖ жана АОКОЖнын студент-окуучуларын кесиптик бирликтин мүчөлүгүнө тартуу боюнча түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү;

 

Кесиптик бирликтин активин сыйлоону областтык, райондук жана шаардык комитеттери, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары тарабынан  да жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу;

 

Баштапкы жана областтык, райондук жана  шаардык кесиптик бирлик уюмдарын кадрлар менен чыңдоодо, билимин жогорулатуу боюнча окууларда  кесиптик бирлик активисттеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууда кесиптик бирликтин аймактык уюмдарынын ролун күчөтүү, кесиптик бирликтин резерв кадрын түзүү жана даярдоо;

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин базасында кесиптик бирликтин окуу-методикалык борборун уюштуруу жана кесиптик бирлик кадрлардын жана активисттердин квалификациясын жогорулатуу;

Кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ишмердүүлүгүн баалоо критерийлеринин негизинде ишинин натыйжалуулугун үзгүлтүксүз баалоо системасын киргизүү;

Кесиптик бирликтин ишинин негизги багыттары боюнча областтык, райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иш тажрыйбасын изилдөө жана алдыңкы иш тажрыйбасын жайылтуу жана кароо-сынактарды өткөрүү;

Кесиптик бирликтин төрагаларына, активине окутуу- семинарларын, тегерек стол, конференция жана тематикалык окутууларды уюштуруу;

Уставдык максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн кесиптик бирликтин областтык комитеттеринин жоопкерчилигин жогорулатуу менен райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин ишин координациялоону жакшыртуу;

Заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен кесиптик бирликтерде  иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын өнүктүрүү, кесиптик бирликтин мүчөлүгүнүн эсебин жүргүзүү, кесиптик бирликтердин статистикасын жакшыртуу;

Кесиптик бирлик түзүмүнүн бардык деңгээлинде кесиптик бирликтин  мүчөлөрүн кызыктыруу боюнча инновациялык программаларды калыптандыруу, кесиптик бирлик  уюмдарынын кадыр-баркын жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу, мотивациялоо ишинде жаңы социалдык технологияларды колдонуу;

Студенттик кесиптик бирлик уюмдарынын ишине көңүл бурууну күчөтүү максатында  жогорку окуу жайларынын шайлануучу кесиптик бирлик комитеттери студенттердин өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүдө алардын ролун жогорулатууга көмөктөшүү;

Ресурстук базаны чыңдоо жана аймактык кесиптик бирлик уюмдарын андан ары өнүктүрүү үчүн ченемдик-методикалык, уюштуруучулук, кадрдык жана маалыматтык-коммуникациялык шарттарды түзүү;

Шайлануучу коллегиалдуу кесиптик бирлик  органдардын жана кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилеринин кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу.

 

4.7. Кесиптик бирликте финансылык саясатты жакшыртуу:

Кесиптик бирликтин уставдык ишинин алкагында кошумча каражаттарды тартуу жана пайдалануу жолу менен кесиптик бирликтин бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруунун жолдорун жана ыкмаларын өркүндөтүү;

Кесиптик бирликтин областтык,  райондук жана шаардык уюмдарына  кесиптик бирликтин мүчөлүк төгүмдөрүн чегерүүлөрдүн пайыздары боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышына текшерүү комиссияларынын көзөмөлүн күчөтүү;

Кесиптик бирликтин  бюджеттинин каражаттарын чыгымдоонун бирдиктүү стандарттарынын жалпы бирдиктүү системасын түзүү жана колдонуу, алардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу;

Кесиптик бирликтин уюмдарында бухгалтердик эсепти жана салыктык эсепти адистештирилген программаларды пайдалануу менен автоматташтырылган эсепке толук которууну жана бухгалтердик (финансылык) отчетторду электрондук түрдө берүүнү камсыз кылуу.

 

4.8. Кесиптик бирликтин ишин маалыматтык камсыздоо:

Кесиптик бирликтер өзүнүн уставдык ишин жүргүзүү үчүн жумуш берүүчүдөн, ошондой эле мамлекеттик органдардан эмгек жана социалдык-экономикалык өнүгүү менен байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды акысыз жана тоскоолсуз алууга укуктуу;

 

Кесиптик бирликтер өз ишин маалымдоо каражаттарында чагылдырууга, өздөрүнүн маалымдоо каражаттарын түзүүгө укуктуу, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий, маалыматтык, окуу, усулдук, изилдөө борборлоруна ээ боло алышат;

 

Кесиптик бирликтердин өкүлдөрү кесиптик бирликтин мүчөлөрү билим берүү уюмдарында өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу жана укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолсуз кирүүгө укуктуу;

 

Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен өз ара аракеттенүү жана кесиптик бирликтин коомдогу позициясын аныктоо жаатында кесиптик бирликтин ишин өркүндөтүү боюнча концепцияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

Көп каналдуу жана көп варианттуу маалымат агымдарын калыптандыруунун негизинде натыйжалуу кайра байланышты камсыз кылуу менен кесиптик бирлик уюмдары жана кесиптик бирликтин мүчөлөрү үчүн маалыматтык системаны өнүктүрүү;

Кесиптик бирликтин мүчөлөрү менен туруктуу онлайн кызматташууну камсыз кылуу (мониторинг, сурамжылоо, форумдар, социалдык тармактар ж.б.);

Кесиптик бирликти жайылтуу үчүн түрдүү деңгээлдеги коомдук, тарбиялык, көргөзмө жана башка иш-чараларды активдүү пайдалануу;

Кесиптик бирлик уюмдарында маалыматтык ишти жакшыртуунун жолдорун аныктоо максатында Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин сынактарын өткөрүү;

Кесиптик бирликтин басма сөз каражаттарын өнүктүрүүнү жакшыртуу, анын ичинде «Позиция профсоюза» гезитин модернизациялоо ;

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин http://tradeunion-ed.kg/ru/index.html сайты, телеграмм каналы жана областтар боюнча WhatsApp группалары менен иштерди  активдүү жүргүзүү;

Жаңы PR-технологияларды, коомдук жарнамаларды, социалдык тармактарды, интернет-форумдарды жана башка сайттарды колдонуу аркылуу кесиптик бирликтин маалымат мейкиндигин кеңейтүү аркылуу кесиптик бирликтин позитивдүү имиджин калыптандыруу максатында кесиптик бирликке мүчөлүктүн мотивациясын күчөтүү боюнча иштерди активдештирүү.

 

4.9. Кесиптик бирликтин инновациялык ишмердүүлүгүн жакшыртуу:

Билим берүү кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууга көмөктөшүү, анын ичинде топтолуучу пенсияларды натыйжалуу башкарууга коомдук көзөмөл жүргүзүү;

Кесиптик бирлик мүчөлөрүн социалдык колдоону өнүктүрүү үчүн кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн финансылык муктаждыктарын канааттандыруу боюнча иш алып баруунун жаңы формаларын түзүү;

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу программасына катышкан кесиптик бирлик мүчөлөрүнө жардам жана колдоо көрсөтүү;

Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо жана эс алуу боюнча ишти жакшыртууга көмөк көрсөтүү, бул максаттарга кошумча финансы ресурстарын тартуу, жогорку окуу жайларынын эс алуу жайларын, санаторийлерин сактап калуу, аларга финансылык көмөктөшүү. Борбордук комитеттин “Красная гвоздика” эс алуу борборуна мугалимдерди профсоюздук бюджеттин эсебинен бекер эс алдырууга, Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университеттин “Университет” эс алуу үйүн Борбордук комитет менен биргеликте эс алдырууну уюштурууга жетишүү;

Кесиптик бирлик мүчөлөрүн социалдык колдоонун инновациялык формаларын, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоону кесиптик бирликтин бюджеттик каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кесиптик бирликтин новатордук багыттарын иштеп чыгуу;

Кесиптик бирликтин ишинде өзүнүн программаларынын чегинде да, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын катышуусу менен да социалдык долбоордук иш-чараларды жайылтуу;

Кесиптик бирлик саясатынын актуалдуу маселелери боюнча коомдук угууларды, тегерек столдорду, конференцияларды демилгелөө жана үзгүлтүксүз өткөрүү;

Социалдык долбоорлорду жана мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин турмушка ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо максатында кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн, педагогикалык жана ата-энелер коомчулугунун билим берүү тармагын модернизациялоо маселелери боюнча кесиптик бирлик уюмдарынын агартуучулук ишмердүүлүгүн кеңейтүү;

Кесиптик чеберчилик боюнча салттуу сынактарды, студенттер менен жаштардын сынактарын уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу жана жаңыларын демилгелөө;

Уюмдардын билим берүү ишинин сапатына көз карандысыз баа берүү боюнча көп баскычтуу коомдук кеңештерди түзүү жана анын ишине катышуу;

Маалыматтык ачыктык механизмдеринин мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдалануу, анын ичинде билим берүү чөйрөсүндөгү социалдык көйгөйлөрдү, ведомстволук ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун онлайн талкуулоого эксперт катары катышуу (Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин расмий сайты, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий  сайты).

 

4.10. Эл аралык кызматташтык:

Кыргыз Рреспубликасынын аймагындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен кызматташуу, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу;

Көз карандысыз  мамлекеттер шериктештигинин чектеринде мамилелерди активдүү жүргүзүү, өз-ара тажрыйба алмашууну мындан ары жакшыртуу;

Кесиптик бирликтин эл аралык  өнөктөштөр болгон тармактык комитеттери  Эл аралык эмгек уюму (МОТ), Билим берүү кесиптик бирлигинин европалык комитети (ЕКПО), Эл аралык кесиптик бирлик уюму (МОП) ж.б  менен  активдүү кызматташууну улантуу;

Шериктештик өлкөлөрүнүн (Казакстан, Россия, Өзбекстан, Азербайджан, Беларус) жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кесиптик бирлик  кыймылынын лидерлери менен жолугушууларды, байланыштарды, пикир алышууларды күчөтүү. Алар аркылуу тажрыйбаны байытуу жана жаңы, пайдалуу нерселерди алып келүүдө, тармактык кесиптик бирликтин дүйнөлүк кесиптик бирлик кыймылына андан ары кошулушун бекемдөөгө шарт түзүүгө катышуу;

Кесиптик бирлик Эл аралык кесиптик бирлик кыймылынын бөлүгү болуп саналуу менен  бардык өлкөлөрдүн билим жана илим кызматкерлеринин тилектештиги үчүн катышууну улантуу;

Кесиптик бирлик өзүнүн уюштуруу түзүмүн бекемдөө максатында кызматкерлеринин жана катардагы мүчөлөрүнүн даярдыгын жана маалымдуулугун өнүктүрүүдө чет өлкөлүк кесиптик бирликтер менен кызматташуунун узак мөөнөттүү долбоорлорун ишке ашырууну улантуу;

Кесиптик бирликтин эл аралык ишинин артыкчылыгы болуп, КМШ мамлекеттердин биринчи кезекте тармактык уюмдары менен практикалык натыйжалуу кызматташууну ишке ашыруу, мындан ары да иш-чараларга активдүү катышууну улантуу;

Билим берүү кызматкерлеринин эл аралык кесиптик бирлик кыймылынын ажырагыс бөлүгү катары социалдык, экономикалык жана саясий укуктарды коргоо боюнча кампанияларга жана тилектештик акцияларына катышууну улантуу.

                     **********************************************

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети бардык областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АКООЖ кесиптик бирлик комитеттери, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасын” аткарууга бүткүл күч аракеттерин жумшашат, билим берүү жана илим кызматкерлеринин эмгектик, экономикалык-социалдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзамдуу ишмердүүлүктөрүн күчөтүшөт деген зор ишеним билдирет.

 

КР Билим жана илим кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Борбордук комитети