Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитет билим берүү уюмдарында зыяндуу шартта иштегендер үчүн кошумча төлөмдөрдүн берилишин колдойт

     КР Билим берүү жана илим министрликтин экономика бөлүмү жогорудагы электрондук почтага кат жолдогон, анда КР Өкмөтүнүн 27.04.15-жылдагы №258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-тиркемесинин №35 “Билим берүү жана маданият” бөлүмүндө компьютер менен иштөө пункту каралган эмес деп билдирген бирок, Борбордук комитет өзүнүн каршылыгын билдирген.

   Натыйжада Жобонун тизмегиндеги №42 “жалпы бардык тармактар үчүн зыяндуу жумуштардын түрлөрү” деген бөлүмдө “компьютер менен иштөө” деген 17-пунктунун негизинде эле төлөп келген, анткени жобонун 5-пунктунда “аттестацияны түзүү менен жумушчу орундарды аттестациядан өткөрүүнү иш берүүчү гана уюштурат жана аныктайт” деп белгиленген, ал комиссия аныктап, комиссиянын актысы менен пайыздык төлөм белгиленсе, аны тыюу салууга болбойт, ал иш берүүчү түзгон комиссия СЭС өкүлүнүн катышуусу менен төлөмдү өздөрү белгилейт дегенди түшүндүрөт, ал укук КРӨ №258 токтому аркылуу бардык иш берүүчүлөргө берилген.

    А.Токтогуловичтин демилгеси менен бул маселе боюнча министрликтин стат-катчысы Ж.Ташиев менен сүйлошүүлөр жүргүзүлүп, бардык билим берүү уюмдарында зыяндуу шартта иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөр №42 бөлум боюнча төлөнүшү туура экендиги тастыкталып, зыяндуу шартта иштегендерге төлөп берүүнү мыйзамга ылайык уланта берүү үчүн министрликтин экономика бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратова кайра кат жиберүүнү убада кылды.

 

 

                                  Даярдаган                                Б.Кадыркулов