Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Болочок медициналык кызматкерлер - кургак учукка каршы!

24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган бир айлык акциянын алкагында иш чаралар байма-бай уюштурулуп, дарттын ушунчалык кооптуулугун  калктын калың катмарына жеткирүү  аракеттери кызуу жүрүп жатат.

“24-март – кургак учук менен күрөшүүнүн  бүткүл дүйнөлүк Эл аралык күнүнө” карата кургак учук менен  ооруган  бейтаптарга колдоо көрсөтүү менен, болочок медициналык кызматкерлердин кесиптик билим-билгичтиктерин калыптандыруу максатында “Доор”, “USAID” жана “Кызыл Ай коому” тарабынан уюшулган диспут 2021-жылдын 16-мартында К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин БАЗында Жалал-Абад шаарындагы  медициналык колледждердин арасында өткөрүлдү.

ЖАМУнун Медициналык окуу жайынын студенттери өздөрүнүн билимдерин, таланттарын, жөндөмдүүлүктөрүн  жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Жыйынтыгыда: 3-орунду 34 упай менен   Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттеринен куралган “Белая ромашка” командасы, 2-орунду 36 упай менен К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университеттин Эл аралык медициналык колледжинин  студенттеринен  куралган  “Ден-соолук”  командасы ээ болду. Ал эми Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин студенттеринен куралган “Сергек жашоо” командасы 37 упай менен биринчи орунду ээлеп, жеңүүчү  I даражадагы диплом  жана атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Болочок медициналык кызматкерлер кургак учук мнен күрөшүүгө даяр!

 

 

Материалды даярдаган:  ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова