Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Бишкек шаарындагы жогорку, атайын кесиптик орто окуу жайларын эмгек мыйзамдуулугунун аткарылышы боюнча Профсоюздун Борбордук комитети коомдук көзөмөл жүргүздү

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Борбордук комитеттин атайын графигинин негизинде башкы укук жана техникалык эмгек инспектору Б.Кадыркулов тарабынан эмгек мыйзамдуулугунун аткарылышы боюнча коомдук көзөмөл КР «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамынын 14-статьясына жана КР Эмгек кодексинин 409-статьясына ылайык жүргүзүлдү.

Бул текшерүүдө  Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Раззаков атындагы КТУ, И.Арабаев атындагы КГУ, Н.Исанов атындагы КГУСТА, КЭУ, КРСУ, КР УИА, Кыргызпатент, КАО, КГАФКиС, К.Карасаев атындагы БГУ  жана атайын кесиптик орто окуу жайларында болуп, билим берүү уюмдарында эмгек мыйзамдуулугун аткарууда иш берщүүчүлөрдүн аткарган иштерине өзгөчө көӊүл бурулду.

Жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.02.18-жылдагы №258 токтому менен бекиткен жобого ылайык зыяндуу шартта иштеген кызматкерлерге үстөк акылардын төлөнүү жакшы жолго коюлгандыгы, бардык төлөмдөр мыйзамга ылайык төлөнүп жаткандыгы белгиленди, ал эми Бишкек техникалык колледждеги 3 кенже тейлөөчү кызматкерге мыйзамсыз төлөнүп жаткан 20% төлөмдөрдү кайра карап чыгып мыйзамдаштыруу жагы эскертилип, КР УИА физика, химия институттардагы лабаратория кызматкерлеринин жумушчу орундарын  аттестациядан өткөрүүнү сунуштады.

Бардык жогорку, атайын кесиптик орто окуу жайларында жамааттык келишимдер аркылуу кызматкерлердин укуктарынын жакшырышы, кошумча үстөк акылардын төлөнүү  жамааттык келишимдер жөнүндө, социалдык өнөктөштүк жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жамааттык келишимдердеги нормалардын  аткарылышына дайыма профсоюздук уюмдардын  коомдук көзөмөл жүргүзүп тургандыгынын  натыйжасы экендигин белгилейт.

КР ЭК 214-статьясына ылайык жумушчу-кызматкерлерди атайын кийимдер жана коргонуучу каражаттар, зыяндуу шартта иштегендер үчүн сүт азыктары менен камсыз кылууда  билим берүү уюмдары жыл сайын дайыма каражаттарды бөлүп турат.

Аймактардагы областтык, райшаардык комитеттерде эмгектенген 21 штатта турган  техникалык эмгек инспекторлору район шаарларда дайыма ушундай эле коомдук көзөмөлдүктү жүргүзүп турушат.

Жыйынтыгында ар бир жогорку, атайын кесиптик орто окуу жайларында кызматкерлердин эмгекти коргоо багытындагы укуктары, иш берүүчүлөрдүн милдеттерин аткаруудагы айрым кемчилдиктер белгиленип. жооптуу адистер менен окуулар  өткөрүлдү.