Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Бир каармандын тарыхы

Бир каармандын тарыхы.

     Токтомамбетова Сайнаке Шайбековна 1934-жылы кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө туулган.1934-1940-жылдары наристе бала чак кымгуут колхоздошкон кезге туш келген экен.Атасы Шайбеков Тотомамбет,апасы Шайбекова тотосун 1916-1926-жылдары алты баласы менен Кытайга үркүн убакта кетишип,1926-жылы бир баласы менен кайра келишкен.1926-жылдан кийин беш балалуу болушкан.Сайнаке Шайбековна эң кичүүсү болгон.Апасы жөнөкөй колхозчу аял болгон.Атасы 1939-жылы Совет-фин согушуна кетип катуу оорудан кайтып келгенден кийин, 1940-жылы жазында дүйнөдөн кайткан.

     1941-1947-жылы окуу жылында бактылуу балалыктын доорун сүрбөй,кандуу согуш каарын чачып киргенде биринчи класска барган.Жокчулукта жылаңайлак отоо отоп,машак терип,колхоздо сакман багышып,дептер жок гезитке жазып,жылуулугу жок айыл мектебинде окуп,1947-1952-окуу жылынддары Бишкектеги А.С.Пушкин атындагы №5 орто мектепти жатаканада жашап жүрүп аяктаган.       

     1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетиннин география факультетине тапшырып,1957-жылы ийгиликтүү аяктаган.

     Студенттик кези эл чарбасын калыбына келтирүү өнөр жай,айыл чарбасына бардык күч жумшалып жаткан катаалчылык мезгилде өскөн. 

     1956-1957-жылдары Жала-Абад областына караштуу,Аксы районундагы Ак-Суу орто мектебинде география мугалими болуп эмгектенген.1957-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №4 орто мектебине которулуп,1961-1963-окуу жылдары аталган мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.Ушул мектепте бүткүл эмгегин жумшап,жаштык жалындуу күчүн окуучуларга терең билим,таасирдүү тарбия берүүгө арнады.1962-жылы коммунисттик партиясынын катарына кабыл алынган.1963-1991-окуу жылдары ушул эле мектептин директору болуп иштеген.1971-жылы азыркы стандартка ылайык 964 орундуу окуу имаратын курдурган.

     Мугалим сүйгөн кесиби болгондуктан,жаш муундарды тарбиялоодо бардык мүмкүнчүлүгүн,жылуу сезимин аяган жок. Жолдошу Атанаев Эсенжан 1932-жылы туулган.Кесиби врачневропатолог болгон.1997-жылы дүйнодөн кайткан.Артында бир уул,беш кызы калган.

     Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны үйрөтүү,жамаатка жеткире билүү,ар бир сабакты чыгармачылык өзгөчөлүктөргө байытуунун натыйжасында Токтомамбетова Сайнаке жетектеген №4орто мектеп шаарыбызда жана областыбызда гана эмес,республикабызда да таяныч мектептеринин бири болгон.

     Коомго сиңген эмгеги,жаштарга билим-тарбия берүудөгү көонөргүс тажрыйбасы,таланты үчүн төмөнкү мамлекеттик сыйлыктарга жана наамдарга татыктуу болгон:

     1.1964-жылы Кыргыз Советтик социалисттик Республикасынын Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган.

     2.1970-жылы Эмгек каармандыгы үчүн медаль менен сыйланган.

     3.1974-жылы Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү значок төш белгисине ээ болгон.

     4.1977-жылы Кыргыз Кыргыз Советтик социалисттик Республикасынын Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган.

     5.1980жылы кайраткер эмгеги үчүн Лениндик Ардак грамотасынын ээси

     6.1983-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл Агартуу отличниги төш белгисин ” алган.

     7.1984-жылы Ош областтык элге билим берүү тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланган.

     8.1986-жылы Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери

     9.1995-жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими”наамына ээ болгон.

     10.1977-жылы Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн персоналдык пенсияга ээ болгон. Мугалимдердин Республикалык IV съездинин 1968-жылы делегаты. 1978-жылы мугалимдердин Республикалык V съездинин делегаты.

1987-жылы мугалимдердин Республикалык VI съездинин делегаты

     11.2003-жылы 7-мартта Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

     12. “Мээрим”фондунун 10 жылжык юбилейинде “Кутман эне”эл аралык сыйлыктын ээси болгон.

     Азыркы учурда эжекенин элесине,өрнөктүү өмүрүнө арналган №4 Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин негизги залында чакан музей уюштурулган.

 

      Материалды даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Таш-көмүр шаардык комитетинин төрайымы Эгизалиева Э.Ж