Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим майрамыңыздар менен!

Урматтуу мугалимдер, окутуучулар, ата-энелер, студенттер жана тармактын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитетинин президиумунун жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын, жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын урматтуу мугалимдерин, окутуучуларын, ата-энелерди, студенттерди жана тармактын бардык кызматкерлерин,  2019-2020-жаңы окуу жылынын башталышы менен ак дилден куттуктаймын!

Бүгүн эгемен мамлекетибиздин ар бир билим храмында кулакка жагымдуу коңгуроо кагылып, татынакай кийинишкен окуучуларыбызды жана студенттерибизди келечек муундар үчүн бүткүл өмүрлөрүн арнашкан ардактуу мугалимдерибиз жана профессордук-окутуучулар тутумубуз зор кубаныч менен тосуп алып жатышат. Мына ушундай кубанычтуу күндөр көп болсун!

Билим берүү кызматкерлери-өлкөбүздүн сыймыгы! Алар өз иштеринин мыкты чеберлери экендиктерин окутушкан окуучулары жана студенттери ар кыл деңгээлдердеги олимпиадаларда, сынактарда жана мелдештерде Мекен желегин желбиретишкенде айкын айгинелеп келатышат. Биздин кесиптештерибиз мезгил агымы менен тең арыш ташташып, окутуунун жана тарбиялоонун жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын өз иштеринде колдонуп жатышат жана айтаарлык ийгиликтерди жаратышууда.

Мамлекет жана коомчулук азыркы учурда мугалимдер жана окутуучулар алдында карызкор болуп турат. Билим берүү кызматкерлери алигиче окутууга жана тарбиялоого жумшаган моралдык, ахлактык жана күч-кубаттык аракеттерине жараша эмгек акы ала албай келатышкандыгы бул тармакты мүчүлүштүккө туштуктуруп жана  мугалимдик кесиптин баа-баркын жогору көтөрө албай жаткан оор проблеманы танууга болбойт. Милдет-алардан арылууда турат.

Биздин тармактык профсоюз ар дайыма мугалимдердин жана окутуучулардын жашоо деңгээлдерин арттыруу, мыйзам ченеминде алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, эмгектенүү шарттарын жана эс алууларын жакшыртуу, ден соолуктарын чыңдоо багыттарындагы иштерди ырааттуу жүргүзө бермекчи.

Ардактуу кесиптештер, майрамыңыздар кут болсун, ишиңиздерде ийгилик, мыкты окушкан окуучулар, түшүнүктүү ата-энелер, колу ачык колдоочулар көп болсун, мамлекет тарабынан эмгегиңиздерге жараша айлык акы көтөрүлөт деген ишеничти билдирүү менен баарыңыздарга узун өмүр, байгерчилик жана бакты-таалай тилейм!

 

 

Төрага                                                                Асылбек ТОКТОГУЛОВ

 

 

 

 

Уважаемые коллеги!

От имени Центрального комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики и от себя лично горячо и сердечно поздравляю вас с началом нового 2019-2020 учебного года. Скоро радостные трели школьных звонков по всей стране позовут ребят в Страну Знаний, а сопровождать детей будете вы: воспитатели, учителя, руководители учебных заведений.

Работники образования – гордость Республики. Не раз вы доказывали высокий профессиональный уровень своего мастерства, не раз ваши ученики добивались заслуженных побед на олимпиадах, конкурсах и соревнованиях различных уровней. Именно вы бережно приумножаете достижения отечественного образования, талантливо внедряете новые формы и методы обучения.

Государство и общество по-прежнему остаются в долгу перед учительством. Не соответствие уровня заработной платы затрачиваемым моральным, душевным и физическим усилиям, недостаточно высокий престиж педагогической профессии, это, к сожалению, продолжает оставаться современной реальностью.

Профсоюз работников образования и науки всегда будет вести целенаправленную работу по повышению вашего жизненного уровня, по защите ваших законных интересов, прав на отдых, оздоровление и безопасные условия труда.

От всей души желаю вам, дорогие педагоги, ярких успехов в работе, талантливых учеников, понимающих родителей, внимания со стороны государства, крепкого здоровья и большого счастья и выражаю вам свою признательность за мудрость, любовь и терпение.

 

Председатель                                                                   Асылбек Токтогулов