Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

Урматтуу окутуучулар жана мугалимдер, студенттер жана окуучулар!

Ардактуу ата-энелер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-сентябрь - Билим күнү менен чын пейилимден куттуктаймын!

Улуу кыргыз элинин эзелтеден келаткан өтө маанилүү макал-лакаптарын кайрадан дагы бир ирет эсибизге салууну туура көрүп олтурам. “Билим - адамдын канаты”,  “Билим - деңиз, акыл –кайык”,  “Билим - жанып турган чырак”,  “Билим -жашоо чырагы, өнөр -элдин курамы”, “Билим - карыбас, өнөр- арыбас”, “Билим -кенч, эмгек - анын ачкычы”,  “Билим -мейман, акыл – ээ”, “Билим - оошот, ырыс – жугушат”, “Билим -өнөр азыгы, өнөр - эрик казыгы”, “Билим - ырыс азыгы”, “Билим — элге, суу — жерге”, “Билим алуу - ийне менен кудук казгандай” деп айтылат элибизде. Мына ушул 12 макал-лакапта билимдин адамзат турмушундагы өтө бийик мааниси жана татыктуу орду толук ачылып берилген десем жаңылышпаган болот элем. Билим адамга канат болуп, алга карай талпынтып, бийиктиктерге чыгарат. Билим гана ааламга кут, адамзатка бакыт тартуулайт.

Бүгүнкү күндө эгемен өлкө аймагында мектептердин жана окуу жайларынын саны көбөйүп, заманбап билим алууга зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп жатканына жалпыбыз күбөбүз. Коомубуздагы асыл кесип ээлери болушкан мугалимдерге жана окутуучуларга карата тереӊ сый-урматты кайрадан калыптандыруу аракети тынымсыз уланууда. Өлкө жетекчилиги  билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүүнү жана бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүнү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карап жаткандыгы билим берүү системасынын келечектүүлүгүн көрсөтөт.

Өткөн жылдан бери өлкөнү каптаган COVID-19 пандемиясы билим берүү тармагын оор сыноого кабылтты, ошондой эле анын коомдогу өтө зор ролун ачык көрсөттү. Биздин билим берүү системабыз чоң сыноодон ийгилик менен өтө алды. Аралыктан окутуунун алгоритмдери иштелип чыгып, алар бардык деңгээлдерде ишке ашырылып жатат. Биздин профсоюз бул илдет менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында туруу менен кыйын кезеңде калышкан кесиптештерибизге жакындан кол сунуп жана алгылыктуу жардамдарды көрсөтүп жатабыз. 

Урматтуу мекендештер жана кесиптештер!

Дагы бир жолу сиздерди Билим күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Өлкөнүн бардык окутуучуларына жана мугалимдерине, бардык ата-энелерге, студенттерибиз менен окуучуларыбызга  узун өмүр, бекем ден соолук жана ар бириӊиздердин үй-бүлөӊүздөргө ынтымак менен ырыс-кут каалайм!

 

А.ТОКТОГУЛОВ,

билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун БК төрагасы