Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим берүү уюмдарындагы сабактарды алмаштыруудагы төлөмдөр боюнча

Кесиптештер, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине билим берүү кызматкерлеринен ар кандай маселелер боюнча кайрылуулар телефон чалуулар болуп турат.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети бул маселелер боюнча жума сайын маалымат берип турууну чечти.

 Өткөн жума ичинде борбордук комитетке республиканын билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин  сабактарды алмаштыруунун натыйжасында жаралып жаткан көйгөйлөрү тууралу кайрылуулар, телефон чалуулар болгон.

Өзүнүздөр билгендей “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин  30-март 2022-ж. №181-токтомунда “сабактарды алмаштыруу үчүн акы 4 айдан (мугалим декреттик өргүүдө болгондо 9 айдан) ашык төлөнбөйт, көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин алмаштыруу сааттары тарификациялык тизмелерге кайра эсептелет” деп белгиленген.

Иш жүзүндө, көпчүлүк учурларда  кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөн педагогдордун ордуна алынган мугалимдерге төлөмдөр  9 ай мөөнөт бою сабактарды алмаштыруу – сааттык өлчөм катары гана эсептелинип калууда. Натыйжада, көптөгөн мугалимдер сабактарды алмаштырууга кызыкдар эместигин билдиришүүдө. 

Албетте, бул маселе боюнча КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кеткен кызматкердин ордун алмаштырууда алардын ордуна алынган мугалимдерди тарификациялык тизмеден 9 ай мөөнөттү күтпөстөн киргизүү маселесин кайрадан карап берүү боюнча сунушту КР Билим жана илим министрлигине жаны 2024-2025- окуу жылына чейин жиберилерин маалымдайт.

Бул маселе менен катар эле күн сайын борбордук комитеттин социалдык тармактары аркылуу ондогон мугалимдер өз эмгек акыларынын  эсептелиниши боюнча тактоочу суроолор менен кайрылып,  айлык акыларын туура эсептелишин суранышат.

Кесиптештер, эсиниздерге салсак айлык акыны эсептөө боюнча борбордук комитеттин   бир нече видео роликтери иштелип чыккан жана аларды комитеттин инстаграмм, facebook,  телеграмм баракчаларынан, ютуб каналынан https://www.youtube.com/watch?v=xTn8EPtnFls жана расмий сайттан http://tradeunion-ed.kg/ru/normativno-pravovyie_aktyi.html шилтемени басуу менен колдоно ала турганыныздарды дагы бир ирээт маалымдайбыз.

Мындан тышкары биздин баракчалардан баштапкы кесиптик бирлик бурчун уюштуруу боюнча видео роликти  https://www.youtube.com/watch?v=HAHydJVr9no, ал эми ишке орношуу боюнча түзүлгөн келишимдер боюнча маалыматты https://www.youtube.com/watch?v=Hb9v0FQZqnY шилтемелерин басуу менен көрүп, колдоно аласыздар.

Ошондой эле кесиптик бирликтин Борбордук комитети Сиздерден келип түшкөн кайрылууларга талдоо жүргүзүп   билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык маселелерине тиешелүү уюштурулган иш-аракеттери  жөнүндө такай маалымат берилерин билдиребиз.

 

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин социалдык- экономикалык бөлүмү. Байланыш телефону: 312 62 57 37