Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билдирүү!

Кесиптик бирликтин борбордук комитети.

Урматтуу кесиптештер, бүгүнкү күндө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине, анын төрагасы Асылбек Токтогуловго карата жүргүзүлүп жаткан каралоо иштери мыйзамсыз, атайын даярдалган сценарий менен өтүп жатканы баарыбызга эле көрүнүп турат. Кесиптик бирликке тиешеси жок, анын ишинин маңызын түшүнбөгөн адамдар бирөөнүн заказын аткарып, Билим берүү жана илим министрлигине чейин барып тастыкталбаган, жалган маалыматтарды таратып жатканы өкүндүрөт. Айласыздан эмнеге тийшээрин билбей, чукуп-чыгууга варианттардын калбаганынан, кайрадан “Красная гвоздика” пионер-лагерин козгоп башташты. Бул лагерди Тоң районундагы “Красная гвоздика” эс алуу борборуна алмашып салуунун айланасында болгон талаш-тартыштар эчак эле сотто каралып, бардык укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, мыйзам чегинде териштирилип, буга чейин чечимдер берилген. Бул борборду Тоң районундагы жерге алмашуу бардык кесиптик бирлик лидердеринин, мугалимдердин, деги эле билим берүү тармагына тиешеси бар бардык адамдардын талабы менен кесиптик бирликтин жалпы Пленумунда, Президиумунда каралып, жалпы добуш менен колдоого алынган. Азыркы учурда Тоң районундагы “Красная гвоздика” эс алуу борбору бардык талаптарга жооп берген, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн борбор болуп саналат. Борборго ушул жылдын июнь айынан тартып областтардан, райондордон, шаарлардан кесиптик бирлик мүчөлөрү, мугалимдер, тарбиячылар эс алып жатышат. Эс алуу учурунда Борбордук комитеттин атынан эмгек укуктары, иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы укуктар боюнча семинарлар өткөрүлүп турууда. Мындай шарттарды түзүү, аны андан ары өркүндөтүү ар бир эле адамдын колунан келе бербейт.

Азыркы учурда кесиптик бирлик федерациясында болуп жаткан ызы-чуу тармактык кесиптик бирликтердин туруктуу иштешине терс таасирин тийгизип турат. Эң ири кесиптик бирлик мүчөлөрү бар Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине көз арткандар, көрө албагандар өтө көп болууда. Алардын баары кесиптик бирликтин ишин билбегендер, кесиптик бирликке тиешеси жок адамдар. Борбордук комитеттин төрагасы Асылбек Токтогулов кесиптик бирликтин ишин алдыга жылдырып, жаңы деңгээлге жеткирип, социалдык өнөктөштөр менен туруктуу мамиле түзүп, билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлөрүн чечип, материалдык жактан кесиптик бирликтин атынан жардам берип келүүдө.  

Урматтуу кесиптештер, жалган маалыматтарга ишенбей, акты карадан ажыратып, өзүңүздөр үчүн туура чечим чыгарасыңар деп ишенебиз.

Бердиев Авазбек – Лейлек райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы.

Көрө албастыктын да чеги болуш керек. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А. Токтогуловко карата жасалып жаткан иш аракеттер атайын буюртма экени көрүнүп турат. Профсоюз тармагында эң мыкты иштеген кишиге көрө албастык кылып жатышат. Баткен областындагы чек ара чырында жабыр тарткан билим берүү кызматкерлерине материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүүдө ал кишинин эмгеги опол тоодой. Саат сайын байланышып кабар алып, барып эле кабар алайынчы деп атайын келип жапа чеккен ар бир билим берүү кызматкерлерине жакындан көңүл бурганы али эстен чыга элек. Патриот инсан экени көрүнүп турат. Ал кишинин тапшырмасы менен жер жерлерде билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусу мыкты деңгээлде уюштурулуп жатат. Красная гвоздикада да мыкты шарттарды жаратуу менен иш алып барып жатат. Интернет баракчаларынан ал жерде дагы бир топ шарттар жаратылганын көрдүм. 2019-жылы Лейлектен билим берүү кызматкерлери барып эс алып келдик. Шарты жакшы. Негизи тынч, суусу таза жер экен. Иштеп жаткан кишининин ишин көрө билүүбүз керек. Кээ бир тармактык профсоюзга караганда мыкты иштерди жүргүзүп жатат десем жаңылышпайм. Аткарылган иштер боюнча атайын сайт, интернет желелерде атайын баракчалар аркылуу чагылдырып турат.

Молдокматов Өмүрбек – Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы.

КР  Борбордук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетин жана комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловду жаманатты кылган жалган маалыматтар маалымат булактарынан берилгендигин байкадык.

Ал маалыматта борбордук комитет жана төрага тарабынан эч кандай иш жүргүзүлбөй келет деп, профсоюз уюмуна тиешеси жок, акчага жалдама адамдар чыгып сүйлөгөндөрүн уктук.

Жогорудагылардын негизинде Борбордук комитет жана профсоюз уюмдары тарабынан мугалимдедин негизги көйгөйү болгон эмгек акы маселелерине токтоло кетсем.

Билим берүү кызматкерлеринин эмгек маянасы өтө эле аз болгондугун күндөн күнгө инфляция менен керектелүүчү товарладын баасынын өсүшүнүн негизинде  КР Өкмөтүнө, КР билим берүү министрлигине  кайрылуулардан натыйжа жок болгондуктан 2010-жылдын  декабрь  айында  Жети-Өгүз районунун жалпы мугалимдери, профсоюз уюмдары мыйзамдуу түрдө нааразычылык акцияларын билдирүү максатында  митинг уюштурулуп   райондун борбору болгон Кызыл Суу айылындагы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрациясынын  алдында  өткөрүлгөн.  Бул иш чараны өткөрүү КР Борбордук билим берүү жана  илим кызматкерлеринин профсоюз комитети, Жети-Өгүз райондук профсоюз комитетинин алдында атайын профсоюз уюмдарынан Ж.Чабалдаев а.о.м, профсоюз уюмдарынын жетекчилери А.Чакибашев, Тамга о.м  А.Манапбаева мугалимдерден  Ленин , Саалиев, Үкүев, Гапаров орто мектептеринен  Г.Акматова, А.Кендирбаева, Эдил, Бакыт  штаб уюштурулуп мыйзамдуу акцияларды  өткөрүү иштерин  жүргүзүшкөн. Штаб мүчөлөрү менен бирге  райондогу мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага төрайымдары митинг өткөрүүдө  активдүү катышышты. Митинг өткөрүүдө  штаб жетекчиси Акматкарып Чакибашев, О.Молдокматов Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы  А.Токтогулов менен  телефон аркылуу сүйлөшүлүп ар бир кадамы боюнча көрсөтмөлөрдү  алып турдук. Митинге  массалык маалымат каражаттары  чакырылып  газеталарга жана бул иш чара телевиденияга тартылган. Митинге райондук, областтык мамлекеттик  админстрация  башчылары менен кызматкерлери келишип митингди токтоткула,  мамлекетибизде акча жок деген сөздөрдү айтышты. Ошол кездеги губернатор Мирбек Асанакунов  тарабынан КР президенти Роза Отунбаева менен жаңы эле сүйлөшкөндүгүн 2011-жылдын 1-январынан баштап 30 процентке көбөйтүлөөрүн билдирди. Митингдин катышуучулары мындай көбөйтүүгө макул эместиктерин билдиришкен.

КР Борбордук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети 2010-жылдын декабрь айында нааразычылык акцияларын билдирүү үчүн 37 адамдан  турган Републикалык  штаб  уюштурулуп  штабдын жетекчиси болуп Билим жана  илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович бир добуштан шайланган. Бул штабка Жети-Өгүз районунан  А.Чакибашев, А. Манапбаева, Г. Акматова,  Ө.Молдокматов   мүчө болуп киргизилген. Штаб мүчөлөрү КР Президенти, КР  Жогорку  Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөткүнө, КР Билим берүү жана илим министрлигине, КР финансы министрлигине жана  менен жолугушуулар, сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Ошол убактагы КР  президенти  Роза Отунбаевага коюлуп жаткан маселе боюнча   штабдын төрагасы  Т.А.Токтогуловду , министр К.Садыковду жана биздин райондон штабдын мүчөлөрү болгон А.Чакибашевди, Г.Акматованы кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.  ЖК жаңы шайланган депутаттары Акылбек Жапаров, Роза Акназарова, Каныбек Осмоналиев, Татьяна Никитенко ж.б. депутаттар эмгек акынын көтөрүлүүсүнө чоң салым кошо алышкан. Натыйжасында 2011-жылдын январь айынан  баштап  мугалимдердин  эмгек  маянасы 30% ал эми  2011-жылдын май айынан баштап мугалимдердин  эмгек маянасы 1,7- 2,4 чейин көбөйгөн. Ошол убактагы КР Өкмөтүнүн башчысы А.Атамбаев менен кездешүүдө  билим берүүнү эле эмес медицина,  маданият кызматкерлеринин эмгек маянасы чогуу көбөйтүүгө    жетише  алды.

Жалпы бюджеттен каржыланган тех. кызматкерлердин эмгек маяналары 2011-жылдын  сентябрь айынан 2 эсеге көбөйтүлдү.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин жана  Республикалык штабы тарабынан жылыга мугалимдердин эмгек акыны көтөрүү маселеси коюлуп келсе да КР Өкмөтү тарабынан баягы эле акча каражат жок деген жоопторду беришти. 2014-жылдын сентябрь айында КР 2015-жылга карата бюджетинин проектисинде  мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү  таптакыр каралган эмес.

КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин демилгеси менен КР Жогорку Кеңешинин  билим берүү комитетинин 3 отуруму өткөрүлдү. Бир отурум  Кыргызстан  профсоюздар Федерациясынын  жыйналыштар залында,  отурумга  райондук, шаардык, орто, жогорку окуу жайларынын  профсоюз комитеттеринин  төрага төрайымдары  катышышты. Эки отурумда  тең Асылбек Токтогулович тарабынан  азыркы күндөгү мугалимдердин эмгек маянасын аз болуп, керектөө корзинасына  жетпей  жаткандыгын  анализдеп  слайд түрүндө көрсөтүүсүнөн кийин Жогорку Кеңештин  комитети  октябрь  айындагы  жалпы  Жогорку Кенештин  күн тартибине киргиздирилип 66 депутаттын колдоосу менен КР 2015 жылынын  бюджетине “Билим берүү кызматкерлеринин  эмгек акысын көтөрүү  маселеси киргизилди.  Бул маселенин чечилишине  Жети Өгүз районунун  профсоюз комитети, баштапкы профсоюз  уюмдары өз салымдарын кошо алды,  алып айтсак  профсоюз комитеттери тарабынан Жети-Өгүз районунан  ЖК депутаттары Т.Узакбаевке, Г.Иманкожоевага райондук профсоюз комитетинин жана  мектептердеги  профсоюз мүчүлөрүнүн атынан кайрылуу жазылып ар бир профсоюз мүчөлөрү кол коюуп электрондук сайттарына жөнөтүлдү. Ушундай эле кайрылуулар КР Борбордук профсоюз комитетине, КР Билим берүү жана илим Министрлигине, КР Финансы министрлигине, КР Өкмөтүнө, КР Президентине жөнөтүлдү.

2015-жылдын 12-январында КР Финансы министри О.Лаврова КР президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович кезигүүсүндө  мугалимдердин эмгек акысы маселеси чечилди. КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 9 июлдагы №473 токтому менен мугалимдердин эмгек акысы сентябрь айынан баштап жалпы 50 пайзга  көтөрүлдү. Башталгыч класстардын мугалимдерине жана бала бакчанын педагогикалык кызматкерлерине 80 пайзга ал эми мектеп админстрациялары менен тех кызматкерлерине 20 пайзга көтөрүлдү. Бул маселе дагы профсоюз комитеттеринин жалпы жеңиши деп айтсак болот.

2019-жылдагы эмгек маянанын көтөрүлүшү боюнча районубуздагы А.Албаков а.о.мектебинен мугалимдеринин ватсап аркылуу  жалпы мугалимдерди эмгек маяна  жакынкы арада  көтөрүлбөсө  иш таштоого  барууга үндөө  болгон. Бул үндөө боюнча районубуздун баардык мектептеринде профсоюздук чогулуштар өткөрүлүп, эмгек акынын көтөрүлүшү туура экендиктерин жазып, чечимдерин чыгарышкан. Бул чечимдерди Билим берүү министрлигине жана Борбордук профсоюз комитетине жөнөтүлдү. Борбордук профсоюз комитети тарабынан КР Президентине,  Өкмөткө,  ЖК депутаттарына, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине  кайрылуулар жазылып  жыйынтыгында  КР Өкмөтүнүн 30-сентябрында  №511 токтомунун негизинде  30 пайз эмгек акы көтөрүлдү.

Республикалык штаб азыркы күндө да көптөгөн маселе менен Жогорку бийлик органдарына КР Президентине, КР Жогорку Кеңешке, КР Билим берүү жана илим министрлигине, КР финансы министрлигине, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин көйгөйү болгон маселелерди чечүү үчүн кайрылууларды жазып, талап кылып келишүүдө.

Ошону менен бирге Таш-Дөбө айылынын жанындагы КР Борбордук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин “Красная Гвоздика” лагери боюнча сөз болуп, ал жерде лагерди Таш-Дөбө айылына кайтарып берүүнү айтышууда. Лагерь билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмдарынын менчиги болсо, менчик ээси өз менчигин өзүлөрүнүн чечимдери менен сатууга алмашууга  укугу бар экендигин митинг уюштуруп жүргөндөр толук түшүнөт, болгону А.Токтогуловду каралоо- жамандоо негизги максаты экендиги билинип турат.

А.Токтогуловдун жана КР Борбордук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетин иштери ийгиликтүү жүрүп жаткандыгы билим берүү кызматкерлерине маалым.

 

Саттаров Абасамат ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты, доцент.

Акыркы мезгилде  адамдардын жакшы жагын көрө албай, жаман жагын издеп калганбы? Бош убактыбызды фейсбукта, инстаграмда  өткөрүп, комментарийди жазып отурабыз. Бош болгондо кээ бир адамдар, профсоюздардын кереги бар же жок деген “Лозунг” жазышып  калды. Мен билгенден Билим берүү системасынын профсоюз комитеттери  жакшы иштеп жатат десем жаңылышпаймын. Профсоюздук уюмдар бир эле  билим берүү системасында  эмес, башка структураларда деле  профсоюздук уюмдар бар, ошол нерсени билип жүрсөк. Ар дайым союз мезгилинен бери билебиз, профсоюздук уюмдар эл үчүн кызмат кылып келе жатат. Беш колубуз тең эмес, эгерде кайсы бир структуранын профсоюз уюмдары жакшы иштебесе,  баары үчүн билим берүүнүн профсоюздук уюмдары күнөөлүү деп эсептебейли. Мындан эки күн мурда,  6-июлда “7 КАНАЛдан”  түз эфирден көрүп калдым. КРнын билим, илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин имаратынын алдына 5-10 адамдар чыгып алып, жеке кызыкчылык үчүн, бирөөлөрдү күнөөлөп жаткандыгы туура эмес. Эгерде чындап нараазылык болсо, митингке чыкпай эле, жетекчилик менен чечсек болмок. Митингчилер айтып жаткан “Красная гвоздика” пансионатына нараазы болгону туура эмес, бүгүнкү күндө  мугалимдерибиз региондордон барып эс алып жаткандыгы анык. Фейсбукта ЦКП работников образования и науки деген группа бар, күнүмдүк жаңылыктарды, маалыматтарды көрсөңүздөр болот. Интернеттик сайтта, КРнын билим, илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин  сайтына кирип профсоюз комитетинин  ишмердүүлүктөрү, жаңылыктар ж.б. маалымат алсаңыздар болот. Ал эми ОшМУда профсоюз комитети тарабынан жасалып жаткан иштерди, өзүбүздүн кесиптештерибиз айтса жакшы болот. Кыскасын айтканда,  билим берүү системасынын профсоюз комитетинин  иштерине  сынаган сынчыларга жооп деп ойлоймун.

ПРОФСОЮЗ – ар дайым элдин кызматында!!!

Айдаров Абдираим – билим жана илим кесиптик бирлигинин ардагери.

“Красная Гвоздика” эс алуу борбору - Биздин жетишкендик!

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерде билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги өзүнүн мүчөлөрүнө кандай камкордуктарды, колдоолор көрсөтүп жаткандыгы тууралуу айтууну туура көрдүм. Себеби маалыматтардын аз болгондугунан кесиптик бирлик уюму жөнүндө кээде ар кандай пикирлер болуп жаткандыгы ушул кайрылууга түрткү болду.

Тармактык кесиптик бирликтин республикалык штабы – Борбордук комитети Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин жетекчилигинде, обком, райшаарком, баштапкы уюмдары менен биргеликте мугалимдердин мыйзамдуу укуктарын коргоо, социалдык-экономикалык, турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн чечүү багытында туруктуу иш алып барышууда.

Алар ар кандай кыйынчылыктарга карабастан кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн ден соолуктарын чыңдоо үчүн санаторияларга жана эс алуу жайларына, балдарын эс алуу борборуна жолдомолор менен камсыздоодо, материалдык жардамдар көрсөтүүдө, эмгектерин баалоо үчүн иш берүүчүлөргө сыйлоого сунуштарын берүүдө, алардын чыгармачылыгын өркүндөүү үчүн кароолор уюштурууда, карыяларды жана ардаргерлерге сый көрсөтүүдө, жаштарды тарбиялоо үчүн насаатчылыкты жакшы жолго койуюда, укуктук билимдерин жакшыртуу үчүн жана иш-тажрыйбаларын жайылтуу үчүн семинарлар уюштурууда, алдынкы мугалимдердин иштерин  маалымат каражаттарында чагылтырууда, спорттук-маданий иш-чараларды өткөрүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жатышат.

Билим берүү тармагында укуктук билимдерди өркүндөтүү үчүн Борбордук Комитеттин “Позиция профсоюза” газетасында суроо-жооптор рубрикасы жана мыйзамдык  документтер системалуу жарыяланып турат.

Кесиптик бирлик кадрларларын даярдоо жана тарбиялоо багытында сиситемалуу иш жүрүп, республиканынын көпчүлүк райшаардык комитеттеринин төрагалары 10, 30-жылдан бери өзүнүн мүчөлрүнүн ишенимине ээ болуп, талыкпай иштеп келүүдө. Райшаардык комитетттердин отчеттук кайра шайлоо конференцияларынын ар бирине Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун өзүнүн катышуусу республиканын аймактарындагы ишиердүүлүктү баалоого жана милдеттерди аныктоого таасирин берүүдө.

Иш тажрыйбаларды үйрөтүү жана тажрыйба алмашууну такай ишке ашыруу максатында Борбордук Комитеттин Пленумдарын  республиканын аймактарында өткөрүү жолго коюлган. Бул иш-чара 2001-жылы  Нарын областынан башталган, азыркы күнгө чейин бардык аймактарда эки жолунан өткөрүлдү. Пленумдарды жер-жерлерде өткөрүлүшү кесиптик бирлик активистеринин  ишмердүүлүгүнө жакшы көмөк берүүдө.

Борбордук Комитеттин расмий сайтында республикабыздын билим берүү тармагындагы жаңылыктар такай чагылдырылууда. Бул жер-жерлерде болуп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк болууда. 2020-жылы пандемия мезгилинде Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун демилгеси менен “Кесиптештерге жардам” акциясы уюштурулуп, кесиптик бирлик мүчөлөрүнө моралдык, материалдык жардамдар жер-жерлерде көрсөтүлдү. Ал эми 2021-жылы Баткендеги чек ара чырынан жабыр тарткан кесиптештерге А.Токтогулов баш болгон кесиптик бирлик активисттери жеринде материалдык колдоолорун көрсөтүштү.

Учурунда Кыргызстандын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин өзүнүн эс алуу жайынын жоктугу республикалык кесиптик бирлик иш-чараларды өткөрүү, ден соолукту бекемдөө, билим берүү  кызматкерлеринин балдарын эс алуусун уюштуруу иштери чечилишине терс таасирин тийгизип келген. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн көп убакыт жана аракеттер менен “Красная Гвоздика” эс алуу борбору жаңыдан курулуп ишке берилди. “Бүткөн ишке сынчы көп” дегендей анын кандай кыйынчылыктар менен жаралгандыгынан кабары жок айрымдар ар кандай жалган маалыматтарды айтышууда. “Красная Гвоздика” - эс алуу борбору билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык жетекчилигнин көп жылдык туруктуу иш аракетеринин мөмөсү.

Бул Борбордук Комитеттин, анын төрагасы А.Токтогуловдун билим жана илим кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого, эс алуусун уюштурууга көргөн камкордугу, алардын ишиндеги чоң ийгилик.

“Красная Гвоздика” эс алуу борбору - Кыргызтан билим берүү тармагынын кесиптик бирлигинин чоң жетишкендиги, мүлкү жана байлыгы. Биз аны жакшы пайдаланып, кийинки муундарга кооз, толук шарттары менен калтыруу милдетибиз.

Урматтуу достор! Жасалып жаткан жакшы иштерди да көрө билели, айта жүрөлү.