Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Баткенде Кыргыз Республикасынын Билим , илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин көчмө пленуму болуп өттү

    Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин көчмө пленумунун катышуучуларын 2017-жылдын 27-июнунда Баткен щаарынын аэропортунан КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев, КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Абдрахманов, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын башчысы М. Насиров, Баткен шаарынын мэри М. Рахимов, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Акматбеков, Жалал-Абад, Ош, Баткен областтык профсоюз комитетинин төрагалары,  Баткен областынын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары тосуп алышты. КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов баштаган Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй областтарынын профсоюз комитеттеринин төрагаларын кабыл алып, көчмө пленумдун Баткен жергесинде өтүп жатышынын өзгөчөлүгүн белгилеп кеңири пикир алышуу болду.

     Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин көчмө пленумунун катышуучулары Баткен районундагы “Муз булак” коругу, “Алтын бешик” балдардын эс алуу борбору менен таанышышты.

     Эртеси 2017-жылдын 28-июнунда Борбордук  комитеттин көчмө пленумунун катышуучулары Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде коюлган Баткен районунун жана Баткен шаарынын билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз комитеттери жана билим берүү мекемелери тарабынан коюлган көргөзмө менен таанышышып, тажрыйба алмашуу болду. Борбордук комитеттин көчмө пленумунун башталышында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укукту өкүлүнүн биринчи орун басары А.Абдрахманов билим берүү тармагында Баткен областындагы жетишкендиктер жана билим берүү профсоюзунун областтык райондук, шаардык комитеттери менен болгон байланыштар, социалдык өнөктөштүктүн негизинде иштердин алдынкы тажрыйбалары боюнча сөз сүйлөп, андан кийин  Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго “Баткен областына 15 жыл” деген Баткен областынын юбилейлик медалын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин көчмө пленумунда  төмөндөгүдөй маселелер каралды:

1. Уюштуруу маселелери:

- Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук

   Комитетинин мүчөлөрүн тутумдан чыгаруу  жөнүндө.

- Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук

   Комитетинин жаңы мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын бекитүү жөнүндө.

-           Борбордук Комитетинин президиумунун курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

2. Билим берүү уюмдарынын укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу үчүн коомдук көзөмөлдө жүзөгө ашыруу боюнча тармактык профсоюздун VI съездинин чечимдерин аткаруунун чектеринде Баткен областынын областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин иш тажрыйбалары жөнүндө

  1. Ар түрдүү маселелер.

Уюштуруу маселеси боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Ал эми экинчи негизги маселенин биринчи темасы болгон  Укуктук коргоо жана укуктук маданиятты жайылтуу  боюнча Баткен областтык профсоюз комитетинин төрагасы Бөтөков  Завиридин Насирович, быйылкы жылы жарыяланган “Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылын” өткөрүү боюнча иш чаралардын аткарылышынын чектеринде профсоюз мүчөлөрүнүн жана профактивдин арасында укук билимдерин жайылтуу боюнча иштердин тажрыйбалары, түрлөрү жана ыкмалары жөнүндө  слайд менен кеңири маалымат берди. Андан кийин ушул эле маселе боюнча  Лейлек районундагы Самат орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Жетимишев Сейит презентация жасады. Бул маселе боюнча талкууга ОшМУнун профсоюз комитетинин төргасы А.Акулов, Баткен мамлекеттик университетинин ректору А.Зулпуев, Баткен аймактык экотехинспекция башкармасынын башчысы Ж.Эшанкуловдор сөз сүйлөп билим берүү  профсоюзу менен биргеликте укуктук иштер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча өз пикирлерин айтышты. Башка областтарда аткарылып жаткан иштер жөнүндө Нарын райондук комитетинин төрагасы Курманкожоев Мукамбеталы Жунушалиевич ой пикирин айтып,  орун алган көйгөйлөр жөнүндө   сунуштарын берди.  

Бул теманы талкуулап, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин укук иштери боюнча башкы адиси  Б.Кадыркулов КР мыйзамдары, жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы түзүлгөн келишимдер боюнча мыйзамдуу жолдорун айтып берди. 

 

Социалдык өнөктөштүк аркылуу билим берүү кызматкерлерин социалдык, экономикалык жана эмгектик жактардан коргоо боюнча   райондун масштабында билим берүү кызматкерлерин социалдык-экономикалык жана эмгектик жактардан коргоо жөнүндөгү тема боюнча  “Баткен раймамадминистрациянын, Баткен райБББнүн жана Баткен райондук  профсоюз комитетинин  ортосундагы 3 тараптуу келишимдин аткарылышы  жөнүндө”  Баткен районунун акими Салихов Кенеш Каримович слайд менен маалымат берди.

Андан кийин аталган тема боюнча Баткен шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Калыкова Мактым Мамасалиевна  Баткен шаарында  3 тараптуу келишимди аткаруунун чектеринде шаардын билим берүү уюмдарындагы эмгек жана эмгекти коргоо мыйзамдуулугунун, ошондой эле педагогдорго эмгек акылардын туура төлөнүшүнүн сакталышына коомдук көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалары, жергиликтүү бийлик тарабынан билим берүү кызматкерлерине көрүлгөн камкордуктар жөнүндө слайд менен презентация жасады.

Бул маселе боюнча талкууга   Ысык-Ата райондук профсоюз комитетинин төрайымы Тыныбекова Бактыгуль Качиевна, Кара-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы  Жакыпов Памирбек Жакыповичтер өздөрүнүн райондорунда болгон алдыңкы иш тажрыйбалар боюнча ойлорун айтышты.

Бул тема боюнча жыйынтыктоочу сөздү Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары Ө.Молдокматов жыйынтыктап, социалдык өнөнтөштүктүн негизинде КР кайсы мыйзамдары менен иш алып баруу керектигин тактап айтып берди.

            Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан билим берүү кызматкерлерине жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүүнү караган КР мыйзамдарынын жүзөгө ашырылышы жана  Билим берүү уюмдарынын иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды, эмгекти коргоону, тармактын кызматкерлерине кепилдиктерди жана жеңилдиктерди берүүнү камсыз кылуу чаралары  жөнүндө тема боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри Топчубаев Эрмек Асанович, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчынбай Төралиевдер кеңири маалымат беришти. Бул тема боюнча өз ой пикирлерин Кара-Буура райондук профсоюз комитетинин төрайымы Абдыжапарова Рыстай Максутовна Профсоюздун райондук комитети менен  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен иштешүүлөрү, натыйжалары жөнүндө өз пикирин айтты.

             Күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Билим , илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин көчмө пленуму тиешелүү токтомдун долбоорун  кабыл алынды.

Кезек ар түрдүү маселеге келип, ардактуу эс алуудагы эмгек ардагерлери Б.Осмонов, Ч.Ахмедова, Жалал-Абад областтык комитетинин кызматкери ардагер А.Айдаровдор Кыргыз Республикасынын Билим , илим кызматкерлеринин профсоюзунун “Ардагери” деген ардактуу наам менен Борбордук комитеттин “Ыраазычылык каты”  менен сыйланышты.

Борбордук комитеттин көчмө пленумунун катышуучуларынын Баткен аэропортунан  тосуп алгандагы жолугушуулар  жана пленумдун алдынан коюлган көргөзмөлөр менен таанышуулар, пленумдун толук жүрүшү Баткен областтык телевидениясынан жаёылыктар бөлүгүнөн жана 15 минуталык  “Атайын репортаж” болуп толук көрсөтүлдү. Ошондой эле областтык “Баткен Таңы” газетасына да жаёылыктар бөлүгүнөн чыгарылды.

 

 

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Баткен областтык

комитетинин төрагасы                                     З.Бөтөков