Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Баткен Сиздерге ыраазы

Урматтуу  кесиптештер, 2021-жылдын 28-29-апрель күндөрү Баткен областында  күтүлбөгөн  жерден кыргыз-тажик чек арасында кагылышуу болуп, бир топ турак-жайлар, социалдык объектилер, билим берүү уюмдары жабыр тартып, бей күнөө адамдар каза болушту. Жөн жаткан элге бүлүк түштү. Кесиптик бирликтин лидери  катары  ушундай  кыйын мезгил башка түшкөндө   качып тозгон элди  айылыбыз менен багып, бир муштумга  туюлуп күн кечирдик.

Ушундай оор күндөрдө баарыбыз жапа тырмак кырсыктын кесепетин жоюу, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көмөк көрсөтүү үчүн колдон келген бардык аракеттерибизди жумшадык.

Ушундай апаат күндөрү жабыркаган элге, анын ичинде мугалимдерге Ош областтык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү материалдык жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүштү, курман болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтышты. Айрыкча, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Машраповага, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош шаардык комитетинин, Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетине терең ыраазычылык билдиребиз. Ал жабыр тарткан үй-бүлөлөрдө жана мектептерде болушуп, оор күндөрдө алардын кайгысын жана түйшүгүн тең бөлүшө тургандыктарын билдиришти.

Урматтуу кесиптештер ушундай оор күндөрдө биз менен бирге болуп, ал-абалыбызды сураганыныздар, жалгыз эмес экендигибизди билдирбегендик үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.  Ыйык рамазан айында баарыбызда жакшылыктар, эл жерибизде тынчылык, бейпилчилик болсун.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы М.Калыкова