Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Азырынча тынчсызданууга негиз жок

Кесиптештер, өткөн жума ичинде билим берүү уюмдарында эмгектенген пенсионер педагогдордун жумалык жүктөмүн 9 саатка чейин кыскартуу боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү укуктук ченемдик актылары сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү маалымат өлкөбүздүн миндеген пенсионер мугалимдерин ой-толгоого салды жана натыйжада кесиптик бирликтин Борбордук комитетине көптөгөн кайрылуулар келип түштү.  

Урматтуу кесиптештер,  КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети Сиздерден бул маселе боюнча азырынча расмий укуктук ченемдик актылар кабыл алына электигин, демек тынчсызданууга азыр  негиз жок экендигин, кандай гана болбосун кесиптик бирликтин Борбордук комитети өз мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерин көрөөрүн билдирет.

Белгилей кетсек пенсионер кызматкерлерди кыскартуу маселеси буга чейин дагы, алсак 2018-2019-окуу жылында талкууланып  коом ичинде бир кыйла кайчы пикир жараткан.

Маалыматтарга ылайык Кыргызстанда 80 миңден ашуун билим берүү кызматкери бар. Алардын үчтөн экиси айыл жеринде эмгектенет жана педагогдордун 85% жакынын аялдар түзөт.  

Тилекке каршы, өзүнүздөр билгендей өлкөдө дагы деле математика, физика, химия сыяктуу предметтерден мугалимдер жетишсиз бойдон калууда жана бул предметтер боюнча жаш адистердин даярдалышы өтө аз санда болууда.  

Өз кезегинде кесиптештер,  КР Конституциясында,  КР  Эмгек Кодексинде жана КР Билим берүү жөнүндө мыйзамында пенсионер жарандардын эмгектенүүсүнө, алардын кошумча эмгек акы алуусуна  мыйзам чегинде эч кандай чектөөлөр аныкталган эместигин дагы  бир  жолу билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Н. Закиряева, Борбордук комитеттин социалдык экономикалык бөлүмү