Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

АТА МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Төрагасы Абдыкадыр Дарданович Султанбаевдин республикабыздын билим берүү жана илим тармагында иштеп жатышкан мырзаларды – Кесиптик бирлик мүчөлөрүн

23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен

КУТТУКТООСУ

 

            Эзелтеден элибиз “Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” деп, Ата Мекен, эли-жерди коргоого, бул иште эр бүлөөнүн аткарар милдет, аркалар парыз-вазийпаларына өзгөчө маани берип келген. Көөнө тарыхынын басымдуу көпчүлүгү көчмөн – жоокерчилик заман шарттарында өткөн элибиздин Ата Мекен, эли-жерди коргоодогу эрдиктери “Манас” эпосу баштаган көптөгөн дастандарыбызда даңазаланып, аздектелип, кылымдардан кылымдарга, муундан муунга мурасталып өткөрүлүп келе жатат. Элибиздин улам кийинки эр-азаматтары ата-бабанын эрдиктерин татыктуу улантуу менен, кыргыз жерин – Ала-Тообузду ыйык сактап, күжүрмөн жоокердик каада-салт, нарктарыбызды байытып келүүдө.

            Ата Мекенди коргоочулар Совет мезгили делген кечээки соңку тарыхыбыздагы Октябрь ынкылабынын оро-парасында, андан кийинки окуяларда, Улуу Ата Мекендик уруштун кан майдандарында, Ооган согушунда, анан акыры келип соңку жаңы тарыхыбыздагы – элибиздин эгемендик жылдарында ыйык Мекенибиздин чегин көздүн карегиндей сактап, кол тийгизбей коргоодо намысты колдон чыгарбай, эгемен элибиздин мамлекеттүүлүгүн чыңдоого татыктуу салымдарын кошууну улантышууда.

Ата Мекенди коргоочулар кайда гана болбосун эл-жер, Ата Мекендин тынчтыгы, бакубатчылыгы үчүн эмгектенүүнүн эң мыкты үлгүлөрүн көрсөтүшүүдө. Алардын күжүрмөн катарында республикабыздын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрү турганы дагы талашсыз.

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрү, жер-жерлердеги билим берүү жана илим кызматкерлеринин бирликтеринин мүчөлөрү – мырзалар, Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Сиздердин жаш муундарга терең билим берип, Мекенчилдикке тарбиялоодогу татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерге изги ийгиликтерди каалаймын! Чың ден соолукта болуп, бакубат өмүр өтөөңүздөргө ак дилден тилектештигимди билдиремин!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматтуу кесиптештер!

Ата Мекенди коргоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин эсибизден чыгарбайлы!

 

Урматтоо менен,

КР Билим жана илим кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин

төрагасы                                                                                      А.Д.Султанбаев