Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

Урматтуу билим берүү жана илим тармактарынын кызматкерлери!

          Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

23-февраль - биздин Кыргызстан СССРдин тутумунда боло элек кезде эле жалпы элдик майрам катары белгиленген даӊазалуу, сыймыктуу жана эскерүү күнү катары тарыхта калып келатат. Бир аз тарыхына токтоло кетейин. 1919-жылы 10-январда СССРдин Жогорку аскердик инспекциясынын жетекчиси Николай Подвойский 28-январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясын түзүү боюнча жарыяланган декреттин бир жылдыгын белгилөө сунушун Борбордук Аткаруу комитетине  жолдойт. Бул кат бюрократиялык ар кандай себептерден улам өз учурунда каралбай калган. Кийин аны аскер бөлүктөрү үчүн азык-түлүк жана керектүү буюм-тайымдарды жыйнаган датага - "Кызыл белектер күнү" белгилөөнү чечишет. Бул 1918-жылдын 17-февралда өткөн экен. Ал эми 1919-жылы бул күн жумушчу күнгө туура келип калып, иш-чараны жакынкы дем алышка жылдырышат. Жекшемби 23-февраль болгон. Андан кийин үч жыл катары менен бул датаны эч ким эстеген эмес. 1922-жылы январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын түзүлгөн күнүн майрамдоону чечип, 23-февраль деген датаны тандап алышкан. 1933-жылы Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын 15 жылдыгын белгилеп жаткан салтанатта нарком Климент Ворошилов: "Кызыл Армиянын түзүлгөн күнү 23-февралда белгиленип калганын кокустук болгонун, тарыхый дата менен дал келбесин" моюнуна алган экен. Ошентсе да бул күн СССР учурунда Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз флотунун түзүлгөн күнү, ал эми эгемен Кыргызстанда 23-февраль  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-январындагы N17-токтомунун негизинде Ата Мекенди коргоо күнү катары салтанаттуу белгиленип келүүдө.

Ата Мекенди коргоочулардын күнү – биринчи кезекте өз убактыларында СССРдин жана андан кийин Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрүндө ак кызмат өтөп, азыр ардактуу эс алууда жүрүшкөн ардагерлерибиздин ыйык майрамы. Бул улуу күн - кыргыз армиясындагы татаал кызматты өтөшкөн каарман жана эрктүү адамдардын гана эмес, ар бирибиздин бейкутчулугубузду жана тынчтыгыбызды сактап, катарда кызмат өтөп тургандардын майрамы. Бул биздин эгемен өлкөгө берилүү менен аскердик кызматын ак өтөп жаткан катардагы жоокерлерибиздин, офицерлерибиздин жана генералдарыбыздын, бүткүл күчүн жана билимин, кубат-демин жана талантын анын гүлдөп өнүгүшүнө арнагандардын, кандай гана учурда болбосун Ата-Журт алдындагы өзүнүн ыйык милдетин аткарууга белен тургандардын майрамы деп билебиз.

Ардактуу кесиптештер!

Билим берүү жана илим тармактарынын эр азамат кызматкерлери, Сиздерди,  дагы бир жолу Ата Мекенди коргоо күнү майрамыӊыздар менен чын ыкласымдан куттуктаймын! Куттуу Мекенибизде,  ар бириңиздердин үйлөрүңүздөрдө ар дайыма береке чачылып, бейкутчулук, ырашкерлик өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун!

Урматтоо менен,

Асылбек Токтогулов,

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы