Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ардак наам кут болсун!

2022-жылдын 15-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жылдык жыйыны болду.

Бул иш-чарада Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакуновго “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги” деген ардактуу наам ыйгарылды жана бул тууралуу атайын дипломду Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев тапшырды.

Урматтуу Эсенбек Мамбетакунович!

Сизди илимий, агартуучулук жана педагогикалык ак ниет жана көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиз үчүн татыган ардактуу наамыңыз менен  КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, окуучуңуз А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, К.Алымбаев, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппаратынын кызматкерлери, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери кызуу куттуктайбыз. 

Сизге адам баласынын жашоосунда учурай турган бардык жакшылыктарды, эң мыкты каалоолорду, узун өмүрдү,  илим жолундагы өтө бийик, ары  жооптуу жана түйшүктүү ишиңизге ийгиликтерди, үй-бүлөңүзгө бакты-таалайды жана ырыскы-кутту каалайбыз.