Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«АК ЭМГЕКТИН ҮЗҮРҮ” БГУда КАРЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

         2016-жылдын 30-сентябрында Бишкек гуманитардык университетинин профсоюздук комитети, жетекчилиги жана жаштар иштери боюнча комитети “Карылар күнүн” белгиледи.  “Карысы бардын ырысы бар”- деп            айтылгандай майрамга окуу жайда көптөн бери иштеп, эмгеги сиңген ардактуу карылар чакырылды. Акыл сөздөрүн айтып, ак жол көрсөтүп, алга сүрөгөн ак сакал мугалимдерибизге сый тамак, акчалай колдоо жана жаштар тарабынан майрамдык маанайдагы концерт тартууланды.