Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ак калпак күнүңүздөр менен!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Сиздерди билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктаймын.

5-мартты алгач биздин эгемен өлкөдө Ак калпак күнү катары белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган. Мына ушундан тартып бул күн кыргыз элинин улуттук кийимдеринин майрамы катары коомчулугубузда абдан жогорку деңгээлде өткөрүлүп келатат.

Кыргыздын улуттук кийимдери - элибиздин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими жана анын улуттук өзгөчөлүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жагдайлардын, көчмөн мал чарбанын жана ага байланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган. Кыргыздардын салттуу турмушунда кийимге карата бир катар эрежелер киргизилген, алсак,  кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, баштан чечип, белекке берүүгө жана жаштарга сырткы кийимди желбегей жамынууга жол берилген эмес, булар азыркы учурда да тарбиялык зор мааниге ээ. Өткөн кылымдан тартып улуттук кыргыз  кийимдерин тигүүнүн жаңы технологиялары өздөштүрүлүп, европалык форма менен улуттук элементтердин айкалышынан улуттук кийимдерибизде чоң өзгөрүүлөр болду. Учурда кыргыз элинин салттуу заманбап кийимдеринин түрлөрү көбөйүүдө.

Урматтуу айымдар жана мырзалар! Сиздерге жашоодогу бардык жакшылыктарды, эң мыкты каалоолорду, узун өмүрдү,  иштеген жооптуу жана түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди,  үй-бүлөңүздөргө бакты-таалайды жана ырыскы-кутту каалаймын!

Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүңүздөр кут болсун!

Урматтоо менен,

Борбордук комитетинин төрагасы            Асылбек Токтогулов