Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ак эмгек бааланды

Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында көп жылдык ак ниет кызматы жана коомдук-саясий иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Токтогул атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Таш-Көмүр шаардык кеңештин депутаты ШАБДАНОВА АЛИМБҮ АСКАРБЕКОВНАГА,

 

Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле мыйзамдарыбызды өркүндөтүүгө кошкон салымы жана коомдук-саясий иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн №3 "Байчечекей" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси УТУРБАЕВА МАРИЯ ТӨЛӨГӨНОВНАГА  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык жарыяланды. Ыраазычылык катка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов кол койгон.

Ошондой эле 19-майда “Кыргыз почтасы” мекемеси тарабынан  “COVID-19 пандемиясына карата өз тажрыйбаңыз жөнүндө үй-бүлө мүчөсүнө кат жазыңыз” темасындагы жаштар арасында 50-эл аралык эпистолярдык жанрдагы дил баяндар сынагын өткөрүүгө активдүү катышкан, окуучулар менен аны жогорку деңгээлде өткөрүшкөн мектептерге жана мугалимдерге ыраазычылык каттар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Аталган сыйлыкты  Таш-Көмүр шаарынын мэри Нурлан Доулбеков, ал эми ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТТЫ Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Жоошбаев тапшырды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаарКБКнын төрайымы Э.Эгизалиева